Кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу M-1 Global уюмундагы кезектеги беттешин 20-июль күнү өткөрөт. Анын беттеши Ингушетиянын Таргим шаарында M-1 Challenge 103: Battle in the Mountains 8 турниринин алкагында орун алат. Кыргыз мушкеринин каршылашы украиналык ММА чебери Андрей Лежнев болот.
М-1 уюмунда Абдибаит уулу бир да жолу жеңилүү ызасын көрө элек. Буга чейин 3 жолу жеңип, бирөөсүндө тең чыккан. Ал эми анын атаандашы Лежневдин карамагында 18 жеңиш жана 8 жеңилүү бар.
Эгер бул беттеш кыргыз спортчусу үчүн ийгиликтүү жыйынтыкталса, анын кийинки беттеши чемпиондук кур үчүн болору айтылууда.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg