АТАЙ ӨМҮРЗАКОВДУН «ТОТЕМ» ЖАНА «АДЕМ» БИЙ ТОПТОРУ ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРУУДА

Cакадай бою сары алтын бийчи Атай Өмүрзаков бул жолу да кыргыздын желегин желбиретип, мекендештерин кубандырды. Ал жетектеген “Тотем” бийчилер тобу Кытайда өтүп жаткан "World’s Got Talent" сынагына катышып, финалга чыкты. Сүйүнүчтүү кабарды Атай Өмүрзаков биз менен бөлүштү:

– Кубанычыбызды тең бөлүшүп жатканыңыздарга рахмат. Азыр Кытайда чоң долбоор өтүп жатат. Долбоорго 50 өлкөдөн таланттар катышып, 8 өлкөнүн өнөрпоздору финалга өтүштү. Финал 11-июлда Кытайдын Чанша шаарында болот. Учурда биз аябай даярданып жатабыз, буюрса, жеңебиз деген ниетибиз бар.

Ошондой эле Атай Өмүрзаковдун шакирттери “Адем” бийчилер тобу АКШда "America's Got Talent" долбооруна катышып жатышат. Долбоордун уюштуруучулары бийчилерди өздөрү чакырган. Бул тууралуу "Адем" тобунун бийчиси Нурсултан Абилов айтып берди:

– "America's Got Talent" долбоорунун уюштуруучулары бизге байланышып, тандоо туруна эмес, дароо биринчи турга келгиле дешкен. Өзүбүзгө ишенимдүү болсок дагы, эл аралык масштабдагы сахнага чыкканда толкундандык. Бийибиз бүткөндө калыстардын баары ордуларынан туруп, көпкө чейин кол чаап турушту. Чынында, бизди мындай жылуу кабыл алышат деп күткөн эмеспиз. Жакында экинчи турга катышып келдик. Келишим боюнча, видео расмий түрдө элге жарыяланганга чейин жыйынтыгын айтканга болбойт. Алдыда дагы эки тур бар.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zinagull1996
2019-07-02 22:03:17
Азаматсынар жигиттер биз силер менен сыймыктанабыз. Алгааа кыргызстан
+2
nurhan2702
2019-07-05 05:12:56
Эн сонун жанылык! Азаматсынар , ийгилик каалайбыз! Москвага качан келесинер
+1
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан