«Жүрөгүмдү ач, ач», «Аппагым» деген хит ырлары менен таанылган ырчы Темир Дамирбеков рекорд койду. Анын “Аппагым” аттуу ырына тартылган клип жергиликтүү телеканалдардын биринен 238 миңден ашуун добушка ээ болгон. "Буга чейин бир да ыр мындай көп добуш алган эмес" дейт ал.
Ошондой эле ырчынын "Аппагым" аттуу ыры Москва шаарында кыргыз маданий борбору уюштурган жыл мыктыларын тандоо аземинде "Мыкты ыр" деп табылды. Ырчы жакында сыйлыкты алып келүүгө сапарга аттанганы турат. "Мен ийгиликтерим үчүн продюсерим Лутфилла Бусурманкул уулуна ыраазычылык билдирем",- дейт ырчы.