Өзгөчө бийлери менен кыргыз шоу-бизнесине таанылган бийчи Максат Токтоналиев 25-июнда кыздуу болду. Тун кызынын жарыкка келгенине кубанган ата буларды айтып берди:
– Жубайым борбордогу төрөтканалардын биринде эртең менен көз жарды. Наристенин салмагы 3 килограмм 800 грамм, бою 49 сантиметр. Эне-баланын абалы жакшы. Кызымдын ысымын ата-энелерибиз менен кеңешип Датка Айым койдук. Алгач кыздуу болорубузду укканда бир туруп кубанып, кайра коркуп, кызыктай абалда жүрдүм. 9 ай күтүп, наристеңди колуңа алганда сезимдер башкача болот экен, аны айтып жеткире албайм. Кызым төрөлгөн күнү ата болгонума ишене албай жүргөм, эми гана өзүмө келип жатам,- дейт Максат.
Наристеге узун өмүр, бактылуу балалык каалайбыз!