Неймар: «КЕТПЕШИМ КЕРЕК ЭЛЕ. МЕН ҮЙҮМӨ КАЙТКЫМ КЕЛЕТ»

"Пари-Сен-Жермен" клубунун учурдагы оюнчусу Неймар ийгилик жарата албай, команданы алмаштырууну ойлонуп жаткан чагы. Бул тууралуу маалыматтарды чет элдик басылмалар жазууда. Анда бразилиялык футболчу испаниялык "Барселонага" кайтып келүү жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүп жатканы жазылат.

Неймар "Барселонада" ойногон досторуна кайрылып, "мен кайра кайтып барам" деп билдирген. Футболчунун мындай оюнан кийин “ПСЖнын” жетекчилиги “Эгер пайдалуу сунуштар түшүп жатса кетирүүгө даярбыз” деген билдирүүсүн таратты. Футболчу 2017-жылы каталондук клубдан "ПСЖга" өткөнү ийгиликсиз кадам болгонун моюнуна алып, "Барселонадан" кечирим суроого даяр. Ошондой эле маянасын төмөндөтүүгө да макул болууда. Айрым маалымат булактары жазганга таянсак, “ПСЖдан” алып жаткан азыркы айлыгына караганда “Барселонадан”
13 миллион еврого аз маяна алышы ыктымал.

Неймар 2017-жылы "Барселонадан" "ПСЖга" 222 миллион еврого өткөн. Мессинин көлөкөсүндө калуудан качкан бразилиялык футболчу француздук клуб менен Чемпиондор Лигасында ийгилик жарата албай келет.

Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
warcaw
2019-07-01 17:05:48
Мессинин көлөкөсүндө калбашы үчүн команданы эмес, спорт түрүн алмаштырышы керек Неймар...
0
argen1991
2019-07-02 08:18:09
Туптуура айттында
+1
SerDastanKanjarson
2019-07-05 18:44:35
Жылдыз оорусун көтөрө албады. Ырдап, бийлеп убактысын текке кетирди.
+1
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан