ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 1-ИЮЛДАН 7-ИЮЛГА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Бул аптада күч топтоп, ден соолугуңузду чыңдап, өз убагында тамактаныңыз, анткени жарым жылдык энергия топтоп жаткан учуруңуз. Таза абада көбүрөөк басыңыз – бул маанайыңызды көтөрөт. Жумуштарыңызды кийинкиге калтырбаңыз, кийин жолго салуу кыйын болот. Жеке жашоодо түшүнбөстүктөр калыбына келет. Жол жүрүүдө сак болуңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Негативдүү эмоцияларды чыгарыңыз. Спорт менен машыгууга, диета кармоого ылайыксыз учур. Профессионалдык даражаңызды көтөрүп, бизнесиңиз болсо алдыга жылдырып алсаңыз болот. Бул жумада сезимдериңизди билдирүүнү, кимдир бирөөнү жакын досум деп айтууну, биринчи жолуккан адамга эле ишене берүүнү коё туруңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жумушта күч топтоп иштөөгө туура келет, ошондуктан үй жумуштарыңызды жылдыра туруңуз. Үй-бүлөлүүлөр уруштун алдын алуулары керек, болбосо чыр узакка созулушу мүмкүн. Дем алыш күндөрү эс алууга чыгасыз. Бул жумада спирт ичимдиктерин колдонбоону сунушташат жылдыздар. Тамак-аштан уулануу коркунучу бар.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бөйөндөргө бул аптада үйдө отурбай, эс алып келүү сунушталат. Жеке жашоодо бойдоктордо кыйынчылыктар жана келишпестиктер орун алат. Бул абалдан чыгуу үчүн кызыктуу нерсе менен алектениңиз, спорт менен машыгыңыз. Үй-бүлөлүүлөр жакындарыңызга, балдарыңызга көңүл бөлүп, эс алуу уюштуруңуз. Куруу, оңдоп-түзөө иштерине ылайыксыз жума.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сизге жамандык каалагандар чыкса, ордуна коюп салууга даяр туруңуз. Өзүңүздүн көз карашты ачык айтуудан тартынбаңыз. Каржылык тартыштык болушу мүмкүн, бирок ал абалдан чыга аласыз. Дем алыш күндөрү эс алууга убакыт бөлүп, эмоционалдык балансыңызды, чыңалууну калыбына келтирип алыңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Өзүңүздү баалооңуз төмөндөп бараткандай сезилген жокпу? Досторуңуз менен жолугуп маанай көтөрүңүз, мүмкүндүк болсо жаңы мамиле куруңуз. Акчаны чаржайыт корото бербеңиз. Кыймылсыз мүлк же оңдоп-түзөө иштери үчүн ыңгайлуу учур. Электр тогу менен иштөөдө этияттык талап кылынат. Ден соолугуңузга да көңүл бөлүңүз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Эгер ушул аптада кызыктуу сунуш түшсө, андан баш тартпаңыз. Бирок ар кандай келишимдерди түзүүдө этияттык талап кылынат. Каржы жаатында маселе жаралат. Адамдар менен иштегендер эсеп-кысаптан так болуңуз. Жеке жашоодо сүйүктүүңүз тарабынан терс мамиле болушу мүмкүн, туура чечим кабыл алыңыз. Өзүңүздү таштап салбаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Тиричилик маселелерин чечип алыңыз. Көбүрөөк китеп окуп, курстарга барып, өзүңүздү өстүрүңүз. Бул жумада бүтчү жумуштарыңызды убагында бүтүрүп алыңыз, кийин убакыт табылбайт, дүйшөмбү күнү аларды тизмелеп жазып алсаңыз да болот. Дем алыш күндөрү соода-сатык кылсаңыз, бир топ пайдалуу нерселерди арзан баада алып калышыңыз мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Майда-барат нерселерди көз жаздымда калтырбаңыз, бул жумада сиздин ийгилигиңиз ошолордон көз каранды. Жумушта кесиптештериңиз менен көбүрөөк ачылып сүйлөшө бербеңиз жана аларга туура мамиле кылыңыз. Жаңжалдан качыңыз. Дем алыш күндөрү ашыкча тамактануудан, спирт ичимдиктерин колдонуудан сак болуңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Тыным жасоого мезгил келди. Өзүңүзгө кам көрүңүз, ооруп калуудан сактаныңыз. Кимдир бирөөдө салмагын азайтуу, кээ бирөөдө сырткы келбетин өзгөртүү, кээ бирөөдө гардеробун жаңылоо максаты пайда болот. Маанилүү иштерге чоң жоопкерчилик менен караңыз. Жакындарыңыз менен урушуп кетүүдөн качпасаңыз, узакка сүйлөшпөй каласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Бул жума чоң иштерге келишим түзүүгө, чоң иш баштоого ылайыксыз учур. Жакшысы, бул убакытты эс алууга жумшаңыз. Ашыкча калориялуу тамактарды күнүмдүк рационуңуздан азайтыңыз. Виртуалдуу дүйнөдө популярдуулукту каалагандар эс алууга баруулары керек. Жаратылыш коюнундагы мыкты сүрөт жана таасирдүү пост башкалардын кызыгуусун арттырат.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Пландарыңызды башкаларга айтпай туруңуз. Жеке бизнеси барлар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшөт. Мурда кол жеткис болгон кыялдар ишке ашса таң калбаңыз. Кызматкер балыктар жаңы демилгелерин жетекчилигине билдирүүнү жылдыра туруусу керек. Каржы жаатында жакшы мүмкүнчүлүктөр бар, акчаңызды чаржайыт коротуп албаңыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 1-7-июлга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан