АКТРИСА МАДИНА ТАЛИПБЕК МОСКВА ШААРЫНДА ОКУУДА

"Делбирим” тасмасындагы Аселдин ролу менен таанылган актриса Мадина Талипбек учурда актрисалык өнөрүн өркүндөтүү максатында Москва шаарындагы театралдык окуу жайында окууда.

– Орусиядагы Театр ишмерлеринин союзу (СТД) уюштурган Эл аралык жайкы театралдык мектепке дүйнө жүзүнөн актёр-актрисалар келип, сабак алышат. Быйыл Кыргыз өлкөсүнөн актёр Чагалдак Замирбеков экөөбүз келдик. Бизге учурда КМШ өлкөлөрүнүн эң мыкты педагогдору сабак беришүүдө. Курс бүткөнчө биз 5 спектакль коюшубуз керек. Буюрса, өнөрүбүздү өркүндөтүп, жакында мекенибизге кайтабыз,- дейт Мадина.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ainura220888
2019-07-01 10:11:45
Мага аябай жагат Мадина. Иштерине ийгилик бактылуу бол.
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан