ЫСЫК-КӨЛДӨ СЕЗОН КАНДАЙ?

Репортаж

Атыр жыттуу боюңда, жүргүм келет, Ысык-Көл,
Саат сайын шаңданып, күлгүм келет келет, Ысык-Көл...
Ооба, кереметтүү Ысык-Көлдүн жыпар жытына, ажайып кооздугуна суктанбай койбойсуң. Ошол сулуулукту жок дегенде жай мезгилинде көрүүгө ашыгып, суусуна түшүп эс алуу үчүн ишинен бошоп сапар алгандардын катарында “Супер-Инфо” гезитинин жамааты да болду.

ТЕЙЛӨӨ ОҢОЛГОН ГО, ЫЯ?
Быйыл мурункуга салыштырмалуу Ысык-Көл-Бишкек жолунда кыймылдын аздыгы байкалды. Ошондо “сезон болбой жаткан го” деген ой тык эте түштү. Дегенибиз, былтыр эле ушул маалда кереметтүү көлгө алып барчу жолдон бир катарда тизилген машина, маршруттук такси, автобустарды көрдүк эле. Бул жылы андай эмес. Жолдо кыймыл аз болгондуктан, тыгынга же кандайдыр бир тоскоолдуктарга учурабай, 5 саат аралыгында көлгө кирип келдик.
Алдын ала түзүлгөн план боюнча Кара-Ой айылындагы “Акун Ысык-Көл” деп аталган мейманканага токтодук. Болжогон жерге жетип, автобустан түйүнчөктөрүбүздү алып түшкөндө кызматкерлери сылык учурашып, бизди кубандырды. Муну жөн жерден эле айтып жатканыбыз жок. Себеби буга чейин башка жерде да эс алып келгенбиз. Анда сүзүп өтүп кеткен кызматкерлерди карап “биздикилер качан маданияттуу тейлөөнү үйрөнүшөт болду экен?” деп кейичү элек. Бул ирет мындай кемчиликти кезиктирбегендиктен, “аз да болсо кызматкерлердин тейлөө деңгээли жогорулаган экен” деп жүрөк жибиди.

“БААЛАР МУРУНКУДАН 30 ПАЙЫЗГА АРЗАН”
"Акун Ысык-Көл" мейманканасынын ПР-менеджери Наргиза Чыналиева: “Өлкөдөгү болгон окуянын залалы бизге тийбей койгон жок. Ошондуктан бааны мурункудан 30 пайызга арзандаттык. Мындай арзандатуу бизде гана эмес, Ысык-Көлдүн башка мейманканаларында да кездешет. Бирок кандай баа болбосун, биз ар бир эс алуучуга жагымдуу мамиле кылып, өзүбүздүн жогорку деңгээлибизди көрсөткүбүз келет",- деп билдирди.
Номерлердин баалары канчадан экенин мейманкананын кабыл алуу бөлүмүндө иштеген Нурзат Исаковадан сураганыбызда: "Бизде, негизинен, жарым люкстук номерлер. Тамак-ашы менен күнүнө 30 доллар",- деди.

КЕСИПТЕШИБИЗ СУУГА ЧӨГҮП КЕТЕ ЖАЗДАП...
Жайгашкандан кийин түштөнүп алып көл жээгин көздөй шашылдык. Ойноп-күлүп, чарчообузду көл жээгине чачалы деген ниетте эс алууга болгон маанайды толугу менен көтөрдүк. Бир маалда “чөктү!” деген ызы-чууну кулагыбыз чалып жетип барсак, өзүбүздүн кесиптешибиз, “Супер ТV” телеканалынын, “Браво” берүүсүнүн алпаруучусу Роза Ибраимова экен. Жээктен бир аз алыстаганда эле терең окшойт. Кызыбыз сууга чөгүп жатканда кесиптеш балдарыбыз куткаруучуга жеткирбей алып чыгып, тиешелүү жардамын көрсөтүштү.
Роза эсине келгенде аймакка караштуу Шайыргүл Агышбаева аттуу мээрман айымга кайрылдык. Ал-акыбалын карап, Чолпон-Атадан “Тез жардам” чакыруу керектигин айтты. 15 мүнөткө жетпей келген “Тез жардам” кызыбыздын абалын көрүп, асма укол коюп, эс алдыруучу дары берип кетти. “Тез жардамдын” келип карап берген кызмат акысы баш-аягы 1430 сомду түздү. Кесиптешибиздин ден соолугуна коркунуч жок экенин билгенде биз да жеңил дем алып, жаман ойлор артта калып, эс алууну уланттык.

КАЗАКСТАНДАН КЕЛГЕН ЭС АЛУУЧУ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Атасы баласы менен, кызы энеси менен ойноп жаткан үй-бүлөнү суктана карап, эмнегедир таанышкыбыз келди. Басып барып учурашып, кепке тарта келгенде Казакстандын Алматы шаарынан келген боордоштор болуп чыгышты. Акыркы кезде өлкөдөгү болгон окуядан кийин чет жактык туристтер чочулашып, келбей жатышса керек деп ойлогон элек.
Алматыдан келген туугандар Бэрик Мусупов, жубайы Аида, кызы Лейла жана уулу Алишер экен. Үйдүн кожоюну Бэрик мырза касиеттүү көл тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып өттү.
– 1997-жылдан бери үй-бүлөм менен Ысык-Көлдө эс алып кетем. Бул жердин эс алуудан тышкары дарылык касиети чоң деп эсептейм. Эгер бул жакка жылына бир келбесек, балдарым кышында ооруп калышат. Кышында Араб Эмиратына барып эс алып турабыз. Ал жакта баары бар, бирок ар бир кыймылыңа акча сурап, чөнтөгүңдү соруп турат. Ал эми бул жерде бир топ эле арзан. Бир гана тейлөөдө кемчиликтер бар деп эсептейм. Мүмкүн, муну чет жак менен салыштырып айтып жатам.
Ысык-Көлдүн табиятынын кооздугун, суусунун тунуктугун көрүп, чынында, рахат аласың. Андыктан ушул кереметтин ээси экениңерге суктанып, сыймыктангыла. Кыргызстандагы акыркы болгон саясий окуядан улам бир топ тааныштарым, досторум келүүдөн коркуп, баш тартышты. Бирок биз ММКлар аркылуу анчалык коркунучтуу эмес экенин билип, келе бердик. Бул жылдын өзгөчөлүгү – мурункуларга салыштырмалуу бир топ арзан экен.

ШАРТЫНА ЖАРАША БААСЫ
Көлдүн жээгине жакын жайгашкан айылдардын бардыгы жай мезгилинде сырттан келген эс алуучуларды тейлөө менен шугулданышат эмеспи. Жолдо бара жатканда “эс алууга бөлмө берилет" деген жазууну ар бир үйдүн дарбазасынан көрүүгө болот. Жеке сектордогу менчик эс алуу жайларынын абалы ар кандай. Кээ биринин эс алууга бардык шарты болсо, кээси эптеп эле акча тапмайдын амалын кылып, эски керебеттерди коюп, эс алуучуларды тартууга аракеттенишет. Албетте, мындай шарты жок үйлөрдүн баасы да арзан. Жеке сектордогу бөлмөлөрдүн баасы шартына жараша киши башына 70 сомдон жогору турат экен.

"БАЛЫК АЛГЫЛА, ЫСЫК ЖҮГӨРҮ..."
Негизи эле сезон учурунда көл жээгинде ышталган балыкты саткандарга майрам. Кадам сайын бура бастырбаган сатуучулар беш-алтыдан шишке сайылган балыктарын, алар менен кошо жарышкан дагы бирөөсү жаңы бышырылган жүгөрүсүн, муздак сырасын мактай жаныңда айланчыкташат. Алардын бирин чакырып балык сатып алалы десек, тыпылдаган бала “баарын алсаңыз, 40 сомдон беребиз, негизи, бирөө 50 сомдон” дейт. Ал эми сууга бышырылган жүгөрүнүн бир даанасын 30 сомдон сатып алып жаттык.
Кичинекей сатуучуга кайрылып, “соодаң кандай?” деп сураганыбызда: “Өткөн жылга салыштырмалуу начар. Мисалы, былтыр бул убакта ушул кум үстүндө бут басарга жер жок, эс алуучулар болчу эле. Эми карасаңар, кандай боштондук. Ошондуктан соода да “слабый”,- деп койду.
Көлдө элдин жогунан чоң ишкерлердин гана эмес, кичинекей бизнесмендин да иши жылышпай, кейип-кепчип жатканы бизди жүрөкзаада кылбай койгон жок.

БАРДЫГЫНДА АРЗАНДАТУУ
Биз көл жээгинде эс алып жаткан кызматкерлерибиздин эс алуусун ого бетер кызытуу максатында эстафета оюндарын уюштурдук. Оюндун шарты боюнча, жеңген команда бананга түшүүгө мүмкүндүк алмак. Оюн аяктап, жеңүүчүлөргө белегин тапшыруу үчүн барып баасын сураштырсак, киши башына 100 сомдон экенин айтышты. Аларды арендага алып иштеткен Улукбек Маткеримов: “Быйыл сезон анча болбой жатканына байланыштуу бааларды арзандатууга туура келди. Бир гана скутердики өзгөргөн жок. Анын 5 мүнөтү 500 сом. Анткени күйүүчү майы кымбат, андыктан арзандата албайбыз. Ал эми катамарандын бир сааты 200 сом. Былтыр 250-300 сом, банан киши башына 150 сомдон болчу”,- дейт.

СӨЗ АЯГЫ...
Керемет Ысык-Көл күмүштөн мончок тагынып алгандай күн тийсе жымыңдай түшкөнүн көрүп өзүнчө эле сүйүнүп жаттык. Ушундай кереметти кимдин гана көргүсү келбейт. Чет элдик туристтер бул жылы аз келгени менен, жашоо ушуну менен эле токтоп калбайт. Баары акырындап оңолот, коркуп турган эс алуучуларды Ысык-Көлдүн касиети өзү тартат.
Ал эми биз күндүз сууга түшүп, кечкисин түнкү клубга барып так секире бийлеп, эс алуу убактысы кандайча аягына келгенин да байкабай калдык. Бишкекке сапар алып, кайрадан жаңы күч, жаңы дем менен ишке кириштик.


КИШИ СУУГА ЧӨККӨНДӨ БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Рысбек Букарадинов 9 жылдан бери 161 куткаруу кызматында куткаруучу-фельдшер болуп иштеп келет.
– Адам сууга чөгүп жатканда ашып кетсе 1-3 мүнөттүн ичинде өпкөгө суу толуп кетет. Ошондо 6-8 мүнөттүн ичинде жардам көрсөтө койбосо, кеч болуп калат. Чоң адамдыкы ушундай болсо, кичинекей баланын өпкөсү жалбырактай эле да. Ал 4-5 мүнөттүн ичинде жарык менен коштошушу ыктымал. Куткаруучу чөгүп жаткан адамга жардамга алдынан эмес, байкаштырып артынан барышы керек. Анткени чөгүп жаткан адам өзү менен кошо чөктүрүшү мүмкүн. Чөктүрүп жатканда терең дем алып суунун түбүнө ылдый кирип кетсең, “мени чөктүрүп жатат” деген ой келет да, коё берип жиберет. Анан арт жагынан эки колтуктан кармап алып чыкса болот. Жээкке чыкканда жасалма дем алдыруу менен өпкөсүнө толгон сууну чыгарууга шашылуу шарт.
Көбүнчө мас болгондор жана бутунун тарамышы түйүлүп калгандар чөгүп кетишет. Ичимдик ичкенде адам бат тердеп, тер көп кеткендиктен, алсыз болуп чөгө баштайт. Андыктан ичимдикти ашыкча ичип сууга түшүүдөн этият болуу кажет.
Ал эми бут же кол түйүлүп калганда ийне менен саюу туура эмес. Бутту тизеден артка бүгүү керек. Катуу-катуу артка тартканда жазылып кетет. Кол түйүлгөндө өйдө көтөрүп, артты көздөй силкиш керек.

АКЫРКЫ 6 АЙДА КАНЧА АДАМ СУУГА ЧӨГҮП КАЗА БОЛГОН?
Жогорудагы суроого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысынын орун басары Мелисбек Назарбеков төмөндөгүчө жооп берди:
– Кыргызстан боюнча толук маалымат бере албайм. Бишкек жана Чүй облустары боюнча жооп берүүгө мүмкүн. Акыркы 6 ай ичинде Бишкекте 7 адам, Чүй облусу боюнча 4 киши сууга чөгүп каза болгондугу катталган.
Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча акыркы 6 айдын ичинде 6 киши сууга чөгүп каза болгондугу тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көлдөгү бөлүмүндө иштеген башкы адиси Токой Баимбаев мырза маалымдады.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Jizusa
2010-08-03 01:23:03
Ik seni sagyndym...
0
MARAL
2010-08-03 13:54:10
Оо Ыссык-Колду аябай сагындым.Жараткан буюруп келээрки жылы созсуз барганы аракет кыламын!!!
0
milli
2010-08-03 16:50:07
Negizi ele Ysyk-Koldu bashka Koldor menen salyshtyra albaym. Men dagy abdan sagyndym, buyursa kininki jayda baryp, es alam.
0
maradona
2010-08-05 11:55:29
Караанындан айланайын Ысык Колум!!!!
0
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан