Учурда ар бир үйдө кечинде сыналгыдан жылмайганы өзгөчө болгон каарманымды көрө аласыз. Бул ким десеңиз, Актилек Гүлжигит кызы. Өз тагдырын өзү жасаган күчтүү айым, алыскы Баткенден келип, кантип теленин жүзү болуп калганын, 16 жашында турмушка чыкканын, жылкыларга болгон сүйүүсүн, кантип көк бөрүнүн күйөрманы болуп калганын айтып берди.
– Социалдык тармактарда жазган блогдоруңдун күйөрманымын, 10 жашыңда 15 уй сааганыңды окуганымда таң калгам. Сендей күчтүү кызды ким тарбиялап өстүрдү?
– Менин тайларым Баткен облусунан. Ошто төрөлгөнүм менен, балалыгым өткөн жайды кичи мекеним деп билем. Ата-энем музыкант, музыканын таасириненби, өтө жумшак адамдар. 12 бир туугандын улуусумун. Бир туугандардын арасынан мен эле музыкалык аспаптарга жакын болбой калдым. Кичине кезимден таенемдин колунда чоңойдум. 10 жашымда 15 уй сааганым чын. Айылда балдар эрте чоңоёт, ошол жылы таенем ооруп калып бүтүндөй түйшүк мага түшүп калды. Жайлоодо бир карасаң кыш, бир карасаң жай боло берет эмеспи, таңда кар жаап койгонун көрсөм ыйлап алчумун. Анткени тоодо отун терип келиш оңой эмес эле. Уйларды саап, отун терип келип, сүттү казанга бышырчу элем. Эсимде калган дагы бир окуя, ошол жайда Баткен окуясы башталып калды. “Согуш башталат” экен деп угуп үрөйүбүз учканча, куралчан адамдар басып калышты. Чоң кишилер менен сүйлөшүп бир-эки кой сурашты окшойт, жетелеп чыгып беришти. Эшикте турган мени сакалчан адам көзүн албай тиктеди. “Өмүрүңдөгү эң коркунучтуу учурду эсте” десе, мен ошол көз ирмемди эстейм. Эртеси тик учактар учуп, абал кооптуу боло баштаганда биз жайлоодон түшүп кеттик.
Ушундай жагдайлар, окуялар, эрте эмгекке үйрөнгөнүм менин мүнөзүмдү калыптандырды.
– 16 жашында турмушка чыгып, үч баланын апасы болгон айым азыр теленин жүзү. Алыскы Баткенден борборго келген жол кандай болду?
– 16 жашымда жолдошум ала качып кетти. Отуруп калганымдын себеби бир чети салтка баш ийүү, экинчи чети эмне кылып жатканымды элес албаган эселектигим болсо керек. Мектепте максаттарым бийик эле, турмушка чыкканда “жашоодогу функциям аял болуу, бала төрөө эле турбайбы” деген ойго келдим. Үй-тиричилик, түйшүк менен эле күйпөлөктөп жүрдүм. Кийин ойлосом, эне билимдүү болбосо балага тарбия берүү, үлгү болуу мүмкүн эмес экен. Экинчи уулумду төрөгөндөн кийин жалпы тестирлөөдөн жакшы упай чогултуп, жогорку окуу жайына өтүп кеттим. “Окуйм” дегениме жолдошум, кайын журтум каршы чыгышты, бир гана кайнатам мени колдоп “Актилек окуйт, иштейт” деди. 19 жашта сырттан окуп жүргөндө жергиликтүү телеканалдын биринде иштеген курбу кызым турмушка чыгып калып, мени ордуна иштеп туруумду суранды. Үнүмдү угуп, ишке алып калышты. Үчүнчү баламды төрөгөндөн көп өтпөй жолдошум дүйнөдөн кайтып кетти. Андан кийин балдарымды апама таштап, Ош шаарына келдим. Эч бир таанышым жок эле. Ош ТВда жаңы кадрларды тандап жатышкан экен, кабарчы болуп иштеп калдым. Бир күнү эле жетекчилик “эфирге чыгып көрчү” деп калышты. Айылдан келгем, кашым деле терилген эмес эле. “Мындай каш менен эфирге чыкканга болбойт” деп ыйлатып туруп ичке кылып терип салышса болобу (күлүп). Ошентип эки жыл иштегенден кийин борборго келдим. Учурда Коомдук биринчи каналда "Ала-Тоодо" жаңылык алып барып, кабарчы да болуп иштеп жатам.
– Жолдошуң тууралуу айтып берсең?
– Менден 7 жаш улуу болчу. Мени аябай сүйчү. Ошону гана айта алам.
– Ийгиликтериңе жеткирген мотиватор ким болду?
– Жашоомдо кыйын учурлар болду, ошондо “тагдырымды өзгөртөм” деп өзүмө сөз бергем, максатыма жеттим. Анткени мени тагдыр, түйшүк көмүп, жок кылып салышы мүмкүн эле. Эң негизги мотивация ошол болду. Экинчиси – көкүрөгүмдө катылып жаткан нерсени чыгара албай калам деген коркунуч. Үчүнчүсү – балдарым. – Диктор катары кандай жаңылык окуган сага оор же жеңил?
– Өлүмдү, кырсыкты окуган учур оор. Алыскы аймактардан келген кабарларды окуганды жакшы көрөм. Эфирге чыкканга караганда жан дүйнөмө өзүм сунуштаган окуя боюнча репортаж жасаган жакын.
– Түз эфирде эмне кызыктуу окуялар болот?
– Бир жолу түз эфир кетип жаткан, жаңылыктарды окуп жатсам эле катуу коңурук угулат. Токтоп калабы десем токтобойт. Эптеп репортажды кетирип келсем, студиянын аркасында оператор жигит уктап жатыптыр. Чочутуп ойготком. Ошону эстеп күлүп калам.
– Мыктыбек Арстанбек “түштүк диалектим теледе тоскоол болгон” деген эле. Сенде маселе жаралдыбы?
– Жок, камера күйгөндөн баштап “өз тилимди” такыр аралаштырбайм. Ага атайылап көнүгүү жасап деле көнгөн жокмун. Камералар өчкөндө аралаштырып сүйлөй берем, ал эми Төө-Ашууну ашкандан кийин автоматтык түрдө “өз тилиме” өтөм (күлүп).
– Актилектин дүйнөсүндө кесиби, балдарынан башка эмне бар?
– Актилектин дүйнөсүндө сүрөт бар. Калем менен тартканды да, фотоаппарат менен тартканды да жакшы көрөм. Жазмакерлик бар, жылкыларга болгон сүйүү, көк бөрүнүн кумары бар. Маркум жолдошум улакчы болчу, экинчи уулумду көк бөрүгө берейин деп жатам. Атасынын “Красавчик” деген тапталган аты болгон. Ошонун тукумдарын издетип жатабыз. Быйыл, буюрса, көк бөрү жашообузга чындап кирет.
– Буга чейин балдарыңдын атасы тууралуу жакшы пикирлерди жазып келчү элең, жакында анын сени сабаганын, ичкиликке берилип кеткенин жазып чыктың. Буга эмне түрткү болду?
– Жазганымдын себеби балдарымдын мага берген белеги болду. Акыркы күмүш шакегимди алып ичкиликке коротуп салганы, анын ордун толтурганга аракет кылып балдарымдын шакек алып бергени мени таасирлентти. Балким, көзү өтүп кетсе деле ага болгон таарынычым болсо керек. Аны жазам деп көпчүлүктүн тепкисинде калдым. Жазганым деңиздин тамчысы гана. 8 жыл чогуу жашасам, анын жарым жылы гана жакшы күндөр болду. Ошол кезде жашоомо күбө болгондор азыр “кантип чыдадың?” деп айтып калышат. Мен болгону тагдырга жеңилгим келген жок. – Жаштыктын демин сезбей түйшүк менен өткөрүп жибергендейсиң, көкүрөгүңдөгү ошол боштукту кантип толтурдуң же али бөксө боюнчабы?
– Ошол учурда ойной албай калган оюнум, күлө албай калган күлкүмдүн ордун азыр толтуруп жатам. Саякаттап, достор менен бир жакка чыгып, эс алгандан баш тартпайм.
– Азыр деле сулуу, жашсың. "Колумду сураган эч ким жок" десең ишенбейм...
– Колумду сурагандар бар. Бирок көңүлүмө туура келген адам жок. Байкашымча, эркектер арабасын камчы салдырбай өзү тарткан, маселесин өзү чече алган аялдардан бир аз тартынып турушат окшойт. Анын үстүнө мүнөзүм тарс-турс, кээде жөн гана эч кимди жакындаткым келбейттир. Балдарымдын атасы мени катуу сүйдү, ошол кезде мен сүйүү ушул го деп ойлочумун. Бирок бул көнүп калуу гана болгон экен. Ар бир киши сүйгүсү жана сүйүктүү болгусу келет. Мен жакында 30 жашка чыгам, бирок сүйүп көрбөптүрмүн. Сүйгөн адамдын ичинде ар түркүн түстөр болсо керек деп ойлойм. Дегдеп, башым айланып сүйүп көрбөгөндүктөн бул кандай сезим деп кызыгып, кармалап көргүм келет (күлүп).
– Сүйүп жана сүйүктүү болушуңа тилектешмин.
Кыска-нуска
– “Өлөрүмдү гана билбеген желмогузмун” депсиң? Эмнеге?
– Досторум “тегирменге салып жиберсе, бүтүн бойдон бир кап унду ала чыгасың” деп калышат. Ошондон улам жазсам керек.
– Үч сөз менен өзүңдү мүнөздөп берсең.
– Актилек күчтүү, кайрымдуу, сыртынан катуу көрүнгөнгө мажбур болсо да табияты жумшак.
– Сүйүктүү адабий каарманың?
– Танабай жана Гүлсарат.
– Реалдуу жашоодогу каарманың?
– Андай адам жок.
– Учурдагы жан дүйнөңдүн абалы?
– Бир нерсеге суусап, издеп турат. Бирок ал эмне экенин билбейм.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg