Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан коюлган 6 дооматтын бешөөсүн негиздүү деп тапты. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек
Жамшитов 25-июнда парламенттин комитет жыйынында билдирди. Жамшитов Атамбаевди 5 факт боюнча: кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштурган, Кой-Таш айылына салган үйүнүн жер тилкесин мыйзамсыз сатып алган, күмөндүү акчаларды адалдаган "Ака Петролеум" жана "АКА Инвест" компанияларына тиешеси бар, Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компаниянын кызыкчылыгын коргогон деп айыптоого негиз бар дейт.
Ал эми бийликти узурпациялады, ЖМКларга, депутаттарга, коомдук ишмерлерге кысым жасап, миллиондогон сомго доолорго жыкты деген айыптоого Башкы прокуратура негиз таппады. Бул дооматты прокуратура негиздүү деп таппаганынын себеби карга карганын көзүн чукубайт деген принципте болушу мүмкүн. Анткени ЖМКларды миллиондогон доолорго жыгуу ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаеванын колу менен ишке ашкан эле.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча Башкы прокуратуранын корутундусун парламенттин жалпы жыйынына кароого киргизди. Бул маселе парламенттин 27-июндагы пленардык жыйынында каралары күтүлүүдө. Эгер Башкы прокуратуранын корутундусун Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси, башкача айтканда, 80 депутат колдосо Атамбаевден “экс-президент” деген макамы алынат. Бул Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратып, мыйзам алдында кылмыш жообуна тартууга жол ачат.
Бул арада парламент депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп жаткан КСДП партиясы Атамбаевдин үйү жайгашкан Кой-Таш айылында “Кыргыз Республикасында болуп жаткан мыйзамсыздыкка каршы элдик штаб” түзүлгөнүн жарыялады.
26-июнда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө анын тарапташтары чогулду. Мурунку мамлекет башчынын тарапташтары боз үй тигип, үйдүн кире беришине бетон плиталарды орнотушту. Ошондой эле жүк ташуучу унаалар менен оңдоо иштерине деп таштарды ташып келишкени байкалган. Бул окуядан улам коомчулук экс-президенттин тарапташтары кимди таш бутага алууга даярданып жатканын талкуулашууда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg