Канатбек Маматов: “ТАЛАНТТУУ ФУТБОЛЧУЛАРЫБЫЗДЫ КОЛДОН ЧЫГАРБАЙБЫЗ”

Учурда 16 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргыз улуттук курама командасы 2020-жылы өтө турган Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарына даярдыктарын баштады. Бул курамга Түркиянын "Галатасарай" клубунда ойноп жүргөн Бекназ Алмазбек уулу чакырылды. Бул боюнча Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов чет өлкөлөрдө ойногон кыргыз футболчуларды колдон чыгарбоо керектигин белгиледи.

– Биздин машыктыруучулар Бекназ менен байланышып, аны улуттук курамга чакырганда ал дароо оң жообун берген. Машыктыруучулардын бул футболчудан үмүтү абдан чоң.

Учурда Футбол федерациясы тарабынан жаш балдарга машыкканга футбол борбору салынып, тажрыйбалуу машыктыруучулар менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатат. Бирок мамлекет азырынча жер бөлүп бере элек. Бишкектен жер бөлүп беришсе ФИФА жана АФКдан грант алып, футбол борборун курууну баштайт элек. Жер күтүп жүргөнүбүзгө эки жылдан ашты.

Бирок биз таланттуу балдарды колубуздан чыгарбоого аракеттерди жасап жатабыз. Ата-энелери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дайыма байланышта болобуз, балдардын өздөрү менен сүйлөшөбүз. Биздин машыктыруучулар балдарга көз салып, алардын жетишкендиктеринен кабардар болушат. Эгер бала даяр болуп калган болсо, аны сөзсүз түрдө улуттук курама командабыздын катарына чакырып, ойнотууга аракет кылабыз,- дейт Маматов.

Кыргыз командасы чүчү кулактын жыйынтыгы менен F тайпасына түшүп, Ирак, Ливан жана БАЭ командалары менен кез келет. Аталган тайпанын оюндары Бишкекте 18-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта өтөт.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан