ИЛЬЯЗ АНДАШ

Жакындан бери «Кечикпе», «Жаңылуу», «Кыргыз жер» аттуу жагымдуу ырлары менен эл назарына алынып келе жаткан Ильяз Андаш менен тааныштырабыз.

Ильяз Андаш 1988-жылы 30-июлда Каракол шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүнүн 3-курсунда окуйт. Музыкадан сырткары компьютерге жана күрөштүн классикалык түрүнө кызыгат.

– Ильяз, ырчылык менен алектенгениңе канча болду?
– Негизи, мен кичине кезимден бери эле ырдайм. Тактап айтсам, 6 жашымдан бери. Мектепте болгон конкурстарга, кечелерге калбай катышчумун жана жыл сайын ар бир областта өтүүчү “Жаш таланттар” конкурсунун да бир нече жолку лауреаты болгом. Ал эле эмес, бир жолу биринчи орунду да алгам. Андан сырткары, мектепте окуп жүргөндө Караколдогу кафе, ресторандарда ырдап иштечүмүн. Ырдоо жүрөгүмө жакын болгондуктан, атайын шаарга музыкадан билим алганы келгем. Ал эми чоң сахна менен таанышып, эл алдына чыгышыма Тынчтыкбек Кожобеков байке жардам берди. Учурда продюсерим да Тынчтык байке. Эл алдына чыкканыма 3 ай болду.
– Ата-энең чыгармачылыкка жакынбы?
– Ооба, атам Андашов Кылычбек – актёр, апам – Караколдо музыка сабагынан мугалим. Атам да, апам да чыгармачылыкка жакын адамдар болушкандыктан, экөө тең ырдаганыма колдоо көрсөтүп, жардам берип турушат.
– Сын пикир, кеңешти ата-энеңден угат турбайсыңбы?
– Ата-энем Көлдө менден алыс жашашкандыктан, сын-пикир, кеңештерди мен көбүнчө досторумдан угам. Андан сырткары, шаарда турган таежем кеңеш берип, жардам берип турат. Мен жакын адамдарымдан эле эмес, күйөрмандарымдын да сын-пикирлерлерин угууга даярмын. Алар (0503) 898032 телефонуна чалышса болот.
– Ильяз Андаш өзүңдүн атыңбы же сахнага эле бул ат менен чыгасыңбы?
– Караколдо жүргөндө досторум мени чоң атамдын атынан Андаш деп аташчу. Ал эми өзүмдүн чыныгы толук атым – Бектурсунов Ильяз Кылычбекович. Тынчтык байке менен иштеше баштаганда Тынчтык байке: “Элге сиңе турган ат табыш керек” деген. Чоң атамдын атын өчүрбөй, Ильяз Андаш болуп чыгайын деп оюмду айткам. Тынчтык байкеге бул ат жактыбы, айтор, мага Талас областында Андаш деген алтын-кен казуучу жер бар экенин да айтты. Ошентип, Ильяз Андаш деген ат экөөбүзгө тең жагып, ушул ысым менен чыгып келе жатам.
– Көңүлүңө толгон белек алдың беле?
– Атам ырдаганымды көрүп, музыкалык аппаратура сатып бергенде аябай сүйүн­гөм. Ошол белек мен үчүн эң баалуу, унутулгус белектердин бири.
– Жаш ырчылардын арасында жылдызым жанбай калат деп коркпойсуңбу?
– Жок, коркпойм. Анткени, азыр чыгып келе жаткан жаш ырчылардын ар биринин күйөрмандары бар. Мен да ишенем менин талантымды баалаган күйөрмандарым табылаарына. Анан адамда талант болсо, ал адам эч качан артта калбайт деп ойлойм.
– Алдыда кандай пландарың бар?
– Алдыда пландарым, максаттарым абдан көп. Буюрса, “Кечикпе” деген ырыма клип тартканы даярданып жатабыз жана улуттук хит-парадга тартылдым. Буюрса, мени жакын арада теледен көрө аласыздар.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 231, 6-12-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан