Грузия парламентиндеги башкаруучу коалиция көчөгө агылып чыккан нааразы элдин талабына көнүп, шайлоо системин өзгөртүүгө макул болду. Ага ылайык, Грузияда 2020-жылкы парламенттик шайлоо пропорционалдык систем менен өтөт. Парламентке өтүүдө партияларга коюлуп келген босоголук балл жоюлат. Шайлоого катышкан партия алган добушунун санына жараша депутаттык мандат алат. Бул тууралуу "Грузин кыялы" партиясынын лидери Бидзина Иванишвили билдирди. Буга чейин Грузия парламентине өтүүгө босоголук чек 5 пайызды түзүп келген.
Парламенттик шайлоодогу босоголук чек Кыргыз жеринде да көп талкууланып, бирок оң жыйынтык чыкпай келе жатат. 2017-жылы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, парламенттик шайлоого катышкан партиялар үчүн босоголук чек 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүлгөн. Бул чек акчасы аз, олигарх эместерди, жаңы түптөлгөн партияларды Жогорку Кеңешке өткөрбөө аракети катары сындалып келе жатат. Саясатчы Адахан Мадумаров босоголук чекти 9 пайызга көтөрүү саясий чоң катачылык экенин жакында ЖМКларга берген маегинде баса белгиледи. “Бизде 2 миллион киши шайлоого барат. 9 пайызды аттап өтүү үчүн кеминде 180 миң добуш алышың керек. Реалдуулукта бир да партия мындай добуш албайт. Тек гана кагаз менен добуш алышат. Биринчиси – акча деген кагаз, экинчиси – протокол деген кагаз”,- деди Мадумаров.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаев менен Исхак Масалиев босоголук чекти 5 пайызга түшүрүүнү сунуштап чыгышып, парламенттен колдоо табышкан эмес. Бул чекти колдогондор 9 пайыздык чек саясий топторду ирилештирүүгө алып келип, парламентке аз, бирок сапаттуу партияларды өткөрүүгө жол ачат деп жатышат. Чынында бул аракет парламентке кайра эле акчалуу, административдик ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгү бар партияларды алып өтүү амалы. Эң негизгиси, парламентке канчалык аз партия келсе, Жогорку Кеңешти көзөмөлдө кармоо Ак үйгө ошончолук жеңилдейт. Парламенттин президентке көз каранды болушу өлкө үчүн опурталдуу экенин мыйзам кабыл алуучу эл өкүлдөрү эске албай жатышат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg