Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 26-июнь күнү билдирүү таратты. Анда Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин бошотулушу тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
– Убагы келгенде Батукаевдин иши боюнча болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойм. Аны бошотуу боюнча афераны кимдер ойлоп тапканы, ага рак менен оорулуу, жакында өлөт деген документтерди ким даярдаганы жана бул жардамы үчүн кимдер канча акча алганы жөнүндө ачык айтса болмок.
Мен ошондой эле бул маселе боюнча Орусиянын президенти, урматтуу Владимир Путин да өз сөзүн айтарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргыз өлкөсүнө кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам. Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызга өткөрүлүп берилет деп ишенгем. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg