БИР БҮРКҮМ. ПРЕМЬЕР УРАНДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ ҮЧҮН УРУКСАТ БЕРҮҮНҮ СУРАНДЫ...
Бишкектеги калкты тейлөө борборлору 24-июндан тарта 8:00дөн 19:00гө чейин түшкү тыныгуусуз иштеп баштады. Мурда саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштечү.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин №1-тергөө абагында калтырды.
«Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабы боюнча видео камералар 2020-жылы орнотулат. Долбоордун 2-этабы бүткүл өлкөнү камтып, жалпы 306 жерге камера орнотулат.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Марат Бекенов кармалды.
Ошто мигранттарды реабилитациялоо борбору ачылды. Ал жерде мигранттарга укуктары, ишке орношуу жана алар барып иштеген өлкөлөрдүн мыйзамдары тууралуу кеп-кеңештер берилет.
Кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз жол менен өлкөгө киргизилгени жаткан 59 500 куту тамеки кармалды.
Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруу боюнча тендердин жеңүүчүсү деп «Гознак» ЖЧКсы табылды. Келишимге ылайык, жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр 1-августтан тартып бериле баштайт.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм башчысы 70 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Өкмөт Кара-Балта тоо-кен комбинатында уранды кайра иштетүү үчүн уруксат берүүнү суранды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда премьер-министр Абылгазиев билдирди.
Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата «Ашлям-фу Fest» иш-чарасы уюштурулат. Анда 1500 тонна ашлям-фу жасалат. Майрамдык иш-чара 1-июль күнү Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта өтөт.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун Кыргыз Республикасындагы саммитин уюштурууга кеткен 6 миллион 760 миң доллар каражатты Кытай бермей болду.
24-июнда Казакстандын Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде жарылуу орун алды. Окуядан үч адам каза болуп, жаракат алган 70 адам ооруканада дарыланууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.