МУРДАГЫ МИГРАНТ, АЗЫРКЫ СПОРТ ЖЫЛДЫЗЫ ТИЛЕК МАШРАПОВ

22-июнь күнү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Road Fighting Championship уюму уюштурган RFC-6 мелдеши өттү. 83,9 килограмм салмак чениндеги чемпиондук кур үчүн болгон беттеште мекендешибиз Тилек Машрапов 30 секунд ичинде камерундук мушкер Камше Тайсонду нокаут менен утуп, жеңүүчү аталды. Беттештен кийин кыргыз мушкери UFC`ден кийинки эң популярдуу америкалык Bellator уюму менен келишим түзгөнүн кабарлады. Улуттун сыймыгына айланып бара жаткан Тилек Машрапов акыркы ийгиликтери жана келечектеги максаттары менен бөлүштү.

МАШРАПОВ ТИЛЕК КУБАНЫЧБЕКОВИЧ
Туулган жылы – 1989-жыл, 25-сентябрь
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Суу району, Баш-Булак айылы
Салмагы – 85 килограмм
Бою – 180 сантиметр
Учурда – үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы
Профессионалдык беттештеринин саны – 13
Жеңиштери – 10
Жеңилүүсү – 3
Жетишкендиктери – Эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык “JFC Fight night” (2016), “RFO-Big-Guns-24” (2017), “Battlefield” (2018) мелдештеринин жеңүүчүсү.

– Тилек мырза, жеңишиңиз кут болсун! Алгач айтсаңыз, чемпиондук курду багындыруу үчүн канча убакыт, канча эмгек сарптадыңыз?

– Чоң рахмат. Бул мелдешке даярдык максатында 2 ай Ошто, 1 ай Таиландда атайын машыгууларды өткөрдүм. Демек, бул жеңиштин аркасында 3 айлык мээнет жатат десем туура болот.

– Каршылашыңыз камерундук спортчу тууралуу маалыматыңыз бар беле? Беттешке чейин каршылашты аз убакыт ичинде жеңип алам деген ойлор болгонбу?

– Мелдештин уюштуруучулары мага "камерундук Камше Тайсон менен беттешке чыгасыңбы?" деп сунуш кылганда дароо кабыл алгам. Алгач анын беттештерин көрүп, каршылашым өтө өжөр, өзгөчө физикалык жактан күчтүү экенин баамдагам. Бирок ачыгын айтканда, 30 секунд ичинде жеңем деген ойлор жок болчу, толук 5 раундга даярдангам. Машыгууларга кеткен эмгегибиз акталып, жеңишти багындырдык.

– ММА спортуна кантип келип калдыңыз? Кичинекей кезиңизде спорттун кайсы түрү менен машыккансыз?

– Бала кезимден эле спортко кызыгуум чоң болчу. Ар дайым чоң ареналарга чыгып, кубок, медалдарды алып жатканымды кыялданып, чемпион болушту максат кылгам. Менин пикиримде, адамда сөзсүз түрдө максат болуш керек. Ошол максатка жетүү үчүн адам мээнет кылып, умтула берсе, анын ойлору сөзсүз түрдө ишке ашат. Мен ошол кыял, максатымдын артынан спортко келдим. Кичинекей кезимде эркин күрөш менен машыккам. Кийин тагдыр экен, Москвага эл катары иштегени барып калдым. Алгач өзүмдү коргоо үчүн спорт менен машыга баштадым. Кийин Айбек Мусаев жетектеген “Жаш күч” деген залды таап, машыгууларды уланттым. Ошол жерден спортчу болом деген ойлор кайра жанданды. Мигрант болуп иштеп жүрсөм да жүрөгүмдүн түпкүрүндө спортчу болом деген каалоо өчкөн эмес. Акыры эрежесиз эр уруш менен профессионалдык деңгээлде машыгып баштадым.

– Эмнеге эрежесиз эр урушту тандадыңыз?

– Бул спорт мага ар түрдүүлүгү менен жагат. Анткени бул жерде күрөштүн, бокстун, самбонун, жиу-житсунун жана башка уруш өнөрлөрүнүн ыкмаларын колдонууга болот.

– Жакын арада америкалык Bellator уюму менен келишим түзгөнүңүз белгилүү болду...

– Ооба, дүйнө жүзүндө атактуулугу жагынан экинчи орунда турган Bellator уюму бизге 5 беттешке контракт жөнөттү. Мен бул сунушту кубануу менен кабыл алдым. Кийинки беттешим качан жана ким менен болот жакын арада билинет. Болжолдуу түрдө август айында беттеш өткөрөм деп турам.

– Иниңиз Али Машрапов дагы ММА спортунда ийгилик жаратып келе жатат. Анын спортчу болуп калышына сиз таасир эткен окшойсуз?

– Иним дагы октагондо өзүнүн мыктылыгын көргөзүп, ийгиликтерди багындырып келе жатат. Алгач мен Москвада жүргөн кезде иним “мен эрежесиз эр уруш менен машыгып жатам” дегенде ишенген эмесмин. “Машыкпай эле койчу” деп айткам. Кийин байкасам, иним чындап бул спортту сүйүп, машыгып жатыптыр. Даярдыктарды чогуу өткөргөн учурда иниме кеңештеримди берип турам.

– Ата-энеңиз сиздердин бул спорт түрү менен машыкканыңыздарга каршы эмеспи?

– Атам колдойт, ал эми апам эне катары кейийт, биз үчүн сарсанаа болот. Ар бир жеңишибизди элибизге жана ата-энебизге арнайбыз.

– Спортто жеңиш гана эмес, жеңилүүлөр да болуп турат. Жеңилүүнү сиз кандай кабал аласыз?

– Жеңилүү – мен үчүн маанилүү сыноо. Утулган сайын мушкер катары такшалып, сабак алууга аракет кылам. Чоң жеңиштерге жетиш үчүн утулуунун да даамын билиш керек.

– 2018-жылы Sparta Combat League уюмунун чемпиондук куру үчүн болгон беттеште Энтони Адамстан жеңилдиңиз. Бул жеңилүүгө нааразы болгондор көп болду. Ошол жеңилүүдө сизде кандай сезимдер болду?

– Ооба, Энтони Адамс менен болгон беттеште калыстар бир аз калыстыктан тайып, чечим чыгарып коюшту. Ал беттешке чыгыш үчүн бир нече ай убакытты кетирип, машыгуулардан тер төгүп, күн сайын мээнет кылып, атайын каражат таап, АКШга жеңем деген максат менен баргам. Ошончо мээнетти жокко чыгарып бурмалап коюшканда абдан нааразы болдум. Ошондуктан ар бир беттешти мөөнөтүнөн мурда утуп алууга аракет жасайм.

– Машрапов дүйнөдөгү эң беделдүү UFC уюму менен келишим түзүүнүн алдында турат деген сөздөр бир нече жылдан бери айтылып келет. Күйөрмандар сизди UFC октагонунан качан көрө алат?

– Ар бир ММА мушкеринин кыялы UFC экени айдан ачык. Биз дагы UFC`нин октагонуна чыгабыз деп бир нече жылдан бери аракетибизди кылып келе жатабыз. Bellator уюмунун алкагында орун ала турган алдыдагы беттештер UFC`ге эшик ачат деп үмүт кылып жатам.

– Күн сайын канча убакытты спорт менен машыгууга арнайсыз?

– Күнүнө 2 маал жок эле дегенде 2 сааттан машыгам. Машыгуусуз өткөргөн бир күн сени максатыңа жете турган жолуңдан тайдырат.

– Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз, иштейсизби?

– Спорт менен үй-бүлөнү багуу дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан үй-бүлөмдү камсыз кылыш үчүн спорттон башка дагы жумушум бар.

– Жаракат алган учурларда спортту таштайм деген ойлор келген жок беле, дегеле ошондой ойлор сизде болгонбу?

– Жок, кандай кыйын учурлар болбосун, спортту таштаганды ойлонгон эмесмин. Көздөгөн максатыма сөзсүз түрдө жетүүгө аракет кылам. Бул менин мүнөзүм.

– Эрежесиз эр уруштун айынан ден соолугумду жоготуп алам деп коркпойсузбу?

– Бардык нерсенин ак-карасы, жакшы-жаманы болот. Тилекке каршы, спорттун ден соолукка терс таасир эткен жагы да бар. Бирок ден соолукту жөн жүрүп деле жоготуу мүмкүн. Ошондуктан саламаттыгымдан ажырайм деп спорт менен машыкпай коюу туура эмес.

– Чет жерде көп жүрөсүз, башка өлкөлөрдө жүргөндө биринчи кезекте кыргыздын эмнесин сагынасыз?

– Кыргызcтанымдын абасы менен суусун сагынам.

– Кыргызстан сиз үчүн...

– Кыргызстан – бул менин мекеним, элим жана жакындарым. Кыргызстан, буюрса, дагы өнүгүп, өсүп, өркүндөйт деп ишенем.

– Кыргыз элин жеңиштер менен кубандырып жүрө бериңиз. Кийинки беттештерге ийгилик каалайм.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
boston___
2019-07-01 11:37:56
жонокой бала ийгилик кыргызды дуйного таанытабер
+5
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан