Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Тогуз-Булак айылында куралдан ок атылып, бир адамдын өмүрү кыйылды. Алгач бул тууралуу кабар тараганда каза болгон келинди күйөөсү кызганычтан улам атып салган деп айтылды. Окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылып көрдүк.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы башында маалыматты "өзүн-өзү атып алган факт катталды" деп тараткан. Ок атуу окуясы тууралуу маалымат милицияга 17-июнда кабарланган. Ыкчам тергөө тобу Көл-Төр айыл аймагына тиешелүү Сырт өрөөнүнө барып, маркум өзүн-өзү атып эмес, киши колдуу болгонун аныктаган. Ысык-Көл ОИИБинин маалыматына таянсак, Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы К.И. аттуу тургуну келинчеги Н.А. менен элдин малын багып келүү үчүн жылда жайлоого чыгып жүрүшкөн.
"16-июнь күнү жубайлар ортосунда чыр чыккан. Күйөөсү уруштан улам жайлоодо ала жүргөн мылтыгы менен аялын көкүрөк тушка атып салган. Натыйжада келин каза болуп, бул тууралуу маалымат милицияга жеткен. Ал эми бул кылмышка шектүү жаран куралды уруксат документтери жок эле сактап келген.
Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде сотко чейинки иликтөө жүрүүдө" деп билдирди облустук милициянын басма сөз кызматы.
“МЫЛТЫК МЕНЕН КОРКУТУП ЭЛЕ КОЁЮН ДЕГЕН ЭКЕН”
Окуянын келип чыгышын кененирээк билүү үчүн шектүүнүн туугандарын издеп көрдүк. Күнөөлөнүп жаткан адамдын бир тууган иниси Т. уулу Эрлан окуя тууралуу буларга токтолду:
– Байкем менен жеңемдин баш кошконуна 7-8 жыл болуп калды. Мурда шаарда турушчу. Кийин айылга келип, үч жылдан бери элдин малын алып жайлоого чыгып калышкан. Агам камакта болгондуктан жолуга элекмин.
Байкем менен жеңемдин үч жаштагы кызы бар. Жеңем өзү жоош, баскан-турганы жай адам болчу. Мал-жан багуунун жолун деле эми-эми өздөштүрүп, чабандык ишке жаңыдан аралаша баштаган. Байкем мал багуу үчүн жайлоого жылда жалгыз эле кетчү. Быйыл элден көбүрөөк мал чогултуп алгандыктан, жанына жардамчы кылып кой кайтарганга бир чабан алып алган экен. Ал бала бойдок болчу, агам жеңемди ошондон кызганып уруш чыгыптыр деп уктум. Агамдын өзү менен сүйлөшө элекмин. Сүйлөшсөк, балким, агамдын адам өлтүрүшүнө эмне себеп болгонун билет элем. Кызганычтан улам адам өлтүрүп коёт дегенге ишене албай турабыз. Анын үстүнө алгачкы суракта эле эч каршылыгы жок кылган ишин моюнуна алыптыр. Болгону жеңемди мылтык менен коркутуп коёюн эле деген экен.
“КЕЛИН ЖАКШЫЛЫК КӨРБӨЙ ЖҮРҮП ЭЛЕ КЕТЕ БЕРДИ”
Жаш үй-бүлөнүн турмуш шарты, мамилеси коңшусуна маалым эмеспи. Жубайлар тууралуу билүү үчүн кошуналары менен байланышып, маалымат алдык. Аты-жөнүн жашырып коюуну өтүнүшүп кошуналары өз пикирлерин билдиришти:
– Келинди кордук көрчү деп айта алам. Акыркы мезгилдерде арыктап, жүдөп, чүнчүп да кеткен. Окуяны кызганычтын айынан келип чыкты деп жатышат. Ким билсин? Койчу бала менен келиндин жакындыгы болгон деп айтышты. Маркум аял өзү түйшүктөн арылбай араң жүрсө, кайдан башка эркек менен мамиле курсун деген деле ой келет. Жардам берип жүргөн баланын айтымында, келин менен күйөөсү көп урушчу экен. Бир жолу дагы жаңжалдаша кетишкенде ортого түшүп арачылап калганын айтат. Койчу бала келинге тийишип же бир жаман жолго бара тургандай деле көрүнчү эмес.
Негизи жолдошу келинге кол көтөрчү. Эки жолу кош бойлуу кезинде сабап, ур-токмоктун айынан боюнан түшүп калгандыгын да билебиз.
“САБАП ЖАТЫП КОЛУН СЫНДЫРГАН, БОЮНАН ТҮШҮРГӨН”
Каза болгон келиндин жакын туугандары учурда оор жоготууга учурап турган тарап. Таенеси Салкынай Акматалиева “Бир тооктун да сурагы болот экен” деп ыйлайт. Ал небересин кичинесинен багып чоңойтуп, жээним эмес, кызым деп асыраганын айтат.
– Кызым акыркы жолу Бишкекке келип, бир ай иштеди. Кайра айылга кетем дегенинен кетиргим келбей, "барбай эле койчу" десем, “кызымды сагындым” деп болбой кетип калган.
Жолдошу сабачу. Буга чейин сабап эки жолу боюнан түшүрүп салыптыр. Боюнан түшүп калган эки бала тең эркек болгон экен. Көп нерсени айтпай жүрүптүр, токмоктоп жатып күйөө бала кызымдын колун сындырып салганын да кийин билдим. Ошондо ооруканадан колуна темир салып операция жасашкан экен. Келинди карап, ооруканага алып барышкан эмес да. Ошол колунун темири алынбастан, сөөгү менен кошо кетти.
Небересинен айрылган эне андан ары ыйлап, сүйлөй алган жок. Ал арада келиндин таякеси Нурланбек Акматалиев сөзгө аралашты.
– Жээнибиз 27 жашында кете берди. Мүнөзү жоош, бирөөгө жаман айтпаган жакшы адам болчу. Кызыбыз каза болгондо Тогуз-Булак айылына акыркы сапарга узатууга бардык. Кийин милицияга барып арыз жазалы десек, ишти карап жаткан тергөөчүсү “факт боюнча эле иш козголот” деп арыз жаздырган жок. Шектелип жаткан адам жеңил жаза алып калбашы үчүн биз баары бир арыз жазып койсок туура болмок. Туугандарыбыз кыздын кунун төлөп беришсин деп жатышат, бирок мен ага каршы болуп жатам. Анткени кудалар деле кыздын кунун төлөп бергидей шартта жашашпайт экен. Маселени курчуткандан эмне пайда тапмак элек деп жатам.
Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg