Чүй облусунун Кара-Балта шаарында эне-баланын бычактан жаракат алып каза болгон жансыз денелери табылды. Окуя 19-июнда болгон. Милицияга саат 5тер чамасында белгисиз аял чалып, анын жолдошун жана кайненесин бет капчан адамдар бычактап кеткенин айткан. Аталган дарекке ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 55 жана 30 жаш курактагы эки адамдын жансыз денелерин табышкан. Кош өлүмгө шектүүлөр изделип жатат.
«МАРКУМ АЯЛ БАЛАСЫН КЫЛМЫШКЕРДЕН КОРУГАН»
Окуя тууралуу билүү үчүн каза болгон аялдын чогуу иштешкен кошунасы Чынара
Акишовага жолуктук. Окуядан бери уйкусу качып, уктай албай жүргөнүн айткан Акишова буларга токтолду:
– София эже (маркумдун аты өзгөртүлдү) адамдык сапаты бийик, эмгекчил, жакшы адам болчу. Биздин жумушубуздун ортосун бир эле дубал тосуп турат. Жароокер аял болгондуктан "апа" деп алчубуз. Ал эми каза болгон баласы да оңой жеңилип бербей турган, чымыр денелүү, спорт менен машыккан жигит эле. Бишкектен эмерек жасоочу цех ачып иштетип жаткан. "Эне-баланы бир эле адам өлтүрдү" дешүүдө, андай болушу мүмкүн эмес.
Кошуналарыбызды акыркы сапарга узатарда барып келдим. Баланын кекиртек тушу таңылган, баш териси жамалганын көрдүм. Апасынын бети-башы таза эле болчу. Аны жерге берерде сөөктү жууганы киргендер “аялдын денесинде тамтык жок, аябай сабалыптыр” дешти.
Окуя болор күнү София эженин баласы сүйлөшкөн кызы менен чогуу Бишкектен Кара-Балтага келишмек экен. Кыздын айтымында, алар жолдо келе жатып апасына телефон чалышыптыр. Анда апасы жумуштан чыгып үйгө баратканын айтып, "келе бергиле" дептир. Кара-Балтага жетип дагы бир жолу телефон чалышканда “кайткыла, үйгө келбегиле” деп кыска сүйлөп гана телефонду коюп коёт. Сарсанаа болгон экөө үйгө келип үрөй учурган окуяга туш болушкан.
София эженин уулу Тимур (аты өзгөртүлдү) отунга деп эмеректен ашкан жыгач-ташты көтөрүп кирип келе жатканда, кире бериштен апасынын байланып турганын көрүп, артында келе жаткан кызга "кирбе" деп буйрук бериптир. Кыздын айтымында, Тимур “үйгө кирбе, унааны айдап милицияга бар” деп кыйкырганда эле качып жөнөгөн экен. Кыз милицияга чалып, тааныштарына кабарлап, кишилер менен кайра баргыча жарым саатка жакын убакыт өтүптүр. Кайтып барышканда кеч болуп калыптыр. Кылмышкерлер экөөнү тең өлтүрүп, из жашырып кетишкен экен.
“ҮЙДӨ АКЧА БАР ДЕП ТОНОГОНУ КЕЛГЕНДЕР ОКШОЙТ”
Каза болгон маркум Софиянын тууганы "үй-бүлөнүн чакан акча тапкан булагы бар болчу" дейт. Анын айтымында, издөөдө жүргөн кылмышкерлер акча алуу максатында үйгө келиши мүмкүн:
– Эжебиздин бир гана баласы бар болчу. Экөө тең киши колдуу бул дүйнө менен кош айтышканын карабайсызбы. Учурда милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издеп жатышат. Үй-бүлөгө өчөшө турган же шек санай турган деле душмандары жок болчу. София тууганыбыз бир нече жылдан бери акча алмаштыруучу жайды иштетип келген. Балким, мындай чакан бизнеси бар жалгыз бой аялда акча бар деп ойлоп карасанатай бирөөлөр келсе керек. Ар кандай адамдар бар да. Өлкөдө жумушсуздук күч алып, бош басып жүргөндөр кылмыштуулуктун көбөйүшүн шарттайт турбайбы. Анан калса мамлекет да жарды. Акча үчүн адамдар азыр киши өлтүрүүдөн кайра тартпаган заманда жашап жатабыз.
Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg