КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МИЛЛИОН КАТТАЛУУЧУСУ БАР ЭҢ БИРИНЧИ МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ!



МИЛЛИОНДУН АРТЫНАН МИЛЛИОН!

SUPER.KG порталынын super.kg_official расмий Инстаграм баракчасындагы катталуучулардын саны 1 миллионго жетти! Бир ай мурда SUPER.KG’нин негизги өнөктөшү
«Супер-Инфо» гезитинин расмий Инстаграм баракчасындагы катталуучулардын саны да миллиондук чектен ашкан. Мындай көрсөткүчкө Кыргыз мамлекетиндеги маалымат каражаттарынын, дегеле компаниялардын арасынан биринчилерден болуп «Супер-Инфо» жетти. Көп өтпөй эле миллиондун артынан миллионду SUPER.KG багынтты.

Урматтуу окурмандар, удаасынан келген жагымдуу жаңылыгыбызды сиздерге бөлүшкүбүз келип турат...

13 жылдык тарыхы бар SUPER.KG порталы кыргыз тилдүү сайттардын сап башында келе жатат. Буга далилдердин бири катары 2017-жылы «М-Вектор» консалтинг компаниясы SUPER.KG’ни Кыргыз жергесиндеги кабар таратуучу сайттардын эң алдыңкысы деп тапканын айтууга болот. Ушул жылы SUPER.KG күн тартибин аныктаган, коомдук пикир түзүүчү ЖМКлардын сап башын ээлегендиги жарыяланган. Бул иликтөөнү медиа эксперттердин тобу «Сорос» фонду менен биргеликте жүргүзгөн.

Маалымат айдыңында иш алып барган кыргыз тилдүү сайттардын арасында атаандаштык күчтүү болгонуна карабай, SUPER.KG Google Analytics рейтинг аныктоочу ресурсунун көрсөткүчү боюнча, 2018-жылы 436 миллиондон ашуун (2017-жылы 336 миллиондон ашуун) жолу каралган. Бул жыл ичинде күн сайын миллиондон ашуун кароо болуп турат дегенди билдирет. Андыктан бир гана порталдын аянтчасында эмес, социалдык тармактардагы расмий баракчаларыбызда да миллиондук аудиторияга ээ болуу бизди шыктандырат.

SUPER.KG Инстаграмда расмий баракчасына катталган колдонуучуларына соңку 5 жылдан бери күндүн өзөгүн түзүп жаткан коомдук-саясий окуяларды, башка тармактардагы кызыктуу окуяларды жеткирип келет. Ошентип, SUPER.KG Кыргыз Республикасындагы алгачкы «миллионер» маалымат порталы болду. Мындан жарым жыл мурда SUPER.KG порталы YouTube'дун «Күмүш баскычына» да ээ болгон. «Күмүш баскыч» YouTube каналынын авторлоруна
жүз миңден ашуун катталуучу топтогондон кийин берилет, ал эми учурда катталуучулардын саны
жарым миллиондон ашкан.

Сутка эмес, саат, мүнөт, секунд сайын өзгөрүп турган маалымат айдыңындагы ийгиликтин артында чоң жоопкерчилик турат. SUPER.KG порталы миллиондогон окурмандарынын, өнөктөштөрүнүн ишеними жана тандоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бул бийиктик биз үчүн чек эмес!

 Кыстарылган видео 
SUPER.KG миллиондун артынан миллионду багынтты!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Zimzimemir
2019-07-09 14:03:48
Дагыда ийгилик ,
0
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан