“Арноо концертинин” жылдызы, жыйырма жылдай “Атама” аттуу ыры менен экрандан түшпөй келе жаткан тармал чачтуу обончу, аткаруучу Өсөр Козуевди конок төрүбүздөн тосуп алдык. 100дөн ашык обон, 100дөн ашык ырдын жаратуучусу, 30 жылдан бери чыгармачылык менен алек болуп келе жаткан маданияттын мыкты кызматкери кызыктуу ойлору менен бөлүштү.
– Кандайсыз, Өсөр байке? Окурмандарыбыз сизди көрүнбөй кетти деп сурап жатышат...
– Мен мурдагыдай эле чыгармачылык менен алек болуп ыр, обон жазып жүрөм. Демөөрчүлөр табылып, апрель айында Бишкекте концерт бердим. Ага чейин 9 жыл мурда концерт берген экенмин.
Учурда Бишкек шаарындагы №38 мектепте ыр ийриминде сабак берем. Окуучуларыма ыр жазып берип, айрымдарын эл алдына чыгаруу үчүн да аракет кылып жатам.
– Өзүңүздүн канча балаңыз бар? Алар эмне менен алек?
– 2 кыз, 2 уулум бар. Кыздарым тигүүчүлүккө кызыгып кетишти. Уулдарым болсо Орусияда, мигранттар. – Чыгармачылыкка кызыкканы болгон жокпу?
– Өнөрлөрү бар. Бирок мен бул тармакта өзүм көп кыйналгандыктан, “силер ырдабай эле акча тапкан адам болгулачы” деп айтчумун. 1990-жылдары жашоо аябай кыйындаган. Биз ошол кезде чыгармачылык чөйрөгө аралаша баштаганбыз. Бир агайым ошондо “Өсөр, биз чыгармачылыкты кыйын кезде баштап алдык. Эмне болор экенбиз?” деген эле.
– Ошол 90-жылдарга кайрылып, бул тармакты кандайча тандап калганыңызды эстеп кетсеңиз.
– Кичинекей кезимде радиодон Тургуналы Нурматов, Исрадин Аманбаевдердин аты аталганын укчумун. Мен да аларга окшоп обончу болууну кыялданчумун. Кийин ата-энемдин каршы болгонуна карабай Ош облусундагы педагогикалык институттун музыкалык факультетине тапшыргам. Акыркы курстарда обон жарата баштадым. Башында “Автобуста баратып”, “Үйлөнгөндө”, “4-5ти төрөп койбойбу” деген тамашалуу ырларды жазып, айылдын сахнасында ырдасак эл жакшы кабыл алган. Кол чабылса кудуңдап сүйүнүп калчубуз.
– Ал кезде борборго келүү да жеңил эмес болчу да?
– Мен Оштун Алай районунун кулуну болом. Алайда Сами Дооронов аттуу музыкант бар эле. Атам мага “Сами Доороновдой музыкант жок. Болсоң ошондой бол” дечү. Ал обончу ошол кезде менин обондорумду угуп жакшы баа берген. Бир күнү атама жолугуп калганда “Уулуңуздун обондору жакшы экен. Борборго жибериңиз. Бул жерде жүрө берсе, өзүңүз көрүп жатасыз, башкаларга кошулуп ичип кетет” деген экен. Ошондон кийин атам мени борборго жиберген.
– “Атама” деген ырыңыз менен таанылдыңыз. Өз атаңызга арналып жазылганбы?
– Ооба. Бул ырды атама арнап өзүм жазгам. Атам Алайда мектептин директору болуп иштечү. 55 жашында жумуштан кетип жатканда узатуу кечеси болгон. Ошондо атама эмне алып барсам деп ойлонуп отуруп ушул ырды жазып барып, ырдап бердим. Бир нерсе алууга каражатым жок болчу. Шыр эле уккандарга жагып, улам-улам аткарып берүүмдү суранышкан. Ошондон бери 22 жыл өттү. Ал ырды азыр да көп суранышат.– Атаңыз менен мамилеңиз кандай эле?
– Мен чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Өз ата-энемди байке-жеңе дечүмүн. Кийин атам өтүп кетсе, аны биз байке деген бойдон кала беребизби деп ата дегенге өткөм. Минтип ойлонуума да аталган ырым таасир берген. Бир туугандарымдын көпчүлүгү байке-жеңе дечү. Кийин “ким байке деп айтып алса 5 миң сом салык салабыз” деп жатып баарыбыз ата-апа деп көндүк.
Атам өзү олуттуу адам болчу. Балдарын эркелетчү эмес. Биз андан коркчубуз. Атам келатат дегенди укканда ойноп жүргөн жерибизден чуркап келип, колу-бутубузду жууп тынч отуруп калат элек. Атам менин эсимде эртеден-кечке жумушта жүргөн олуттуу адам бойдон калды. Ал киши менен 2009-жылы түбөлүккө коштошконбуз.
– Ушунча жылдан бери чыгармачылыкта жүрөсүз. Кечээ эле чыккан жаш ырчылар наам алышканын укканда ичиңиз күйсө керек, ээ?
– Мен таң калбай деле калдым. Азыр акчасы барлар түрмөдөн деле чыгып кетип жатышпайбы. 10-15 жыл мурда наам тууралуу айтып калышса, айланамды карап, “баланча алган жок. Мен алсам уят” деп жардам берем дегендерден да качкам. Анда наам алууга бетим чыдабайт болчу. Өзүбүздү жаш сезип жүрө бериптирбиз. Азыр болсо, бир жерге барсак, 15-20 жаш кичүүлөрдү Эл артисти деп эл алдына чакырса, мен эч нерсем жок отуруп калып жаман болом. Азыр жашым деле наам алууга жетип калды. Эмгек сиңирген артист наамын алуу үчүн документтеримди тапшырып койдум.
– Ошол сизди жаман абалга калтырган жаш ырчылар тууралуу кепти улагым келип жатат. Аларга кандай баа бересиз?
– “Иши жүрбөй калгандыктан ырчылыкка ооптур” деген сыяктуу кептерди көп угам. Азыр жаштар техниканын жардамы менен эптеп ыр жаздырып коюп, андан кандай пайда тапсам деп ойлонуп калышты. Кимдин ким экени билинбей калды. Арасында нота тааныбагандар да бар. Аларга аралашып чыккандан да уялам. Ыйык нерсеге ушундай мамиле кылып жатышкандарына кейийм. Бир чети бирөөнүкүн уурдап же бирөөгө кастык кылып пайда көргөнчө чыгармачылыкта жүрө бергени жакшы деп коём.
– Азыр өзүн пиарлай алган адамдардын заманы болуп калды да. Сизге да өзүңүздү пиарлашыңыз керек деп кеңеш беришеби?
– Менин мүнөзүм андай эмес экен. Өзүмдү мактай албайм. Анан бирөө экинчисин калп мактап жатканын да туура көрбөйм. Мен социалдык тармактарда катталган эмесмин. Ал чөйрөгө көнүшүм оор. Бирок, ооба, азыр ал мага керек. Мен азыр эле эмес, “Атама” ырымды эл көп суранып жүргөн учурда да аны тиешелүү деңгээлде жайылта албай калгам. Анда КТРде үн режиссёру болуп иштечүмүн. Жетекчилик мага “бул жакта иште же ырчылык менен алек бол” деген талап койгон. Ошол жакта иштегеним үчүн менин ырларымды эфирден коё берүүгө тыюу салышкан. Бирок болбой эле эл сурай берчү. Менин ырымды эфирге берген режиссёрлорго сөгүш беришчү. Ошол кезде ырларымдын эфирге көп чыгуусун камсыз кылсам болмок экен.
– Сизди тасмадан да көрүп калганбыз. Актёрдук да өнөрүңүз барбы?
– 10 чакты жыл мурун жаман жолго түшкөн кыздар тууралуу “Адашуу” деген тасмага тартылгам. Ага тааныш балдар кыйнап алып барып тартып коюшкан. Улам чакыра беришкенинен уялганымдан баргам. Тасмада роль жаратуу меники эмес экен. Бирок ал тасмадан кыздарым таасирленишкен. Тасмада үй-бүлөмдөн кетип калган жерим бар. Ошол окуяны көрүшүп, “ата, сиз кетип калсаңыз жаман турбайбы” деп ыйлашкан.
– Биз билгенден чачыңыздын жасалгасы өзгөрбөй келет. Өзгөртүү планыңызда барбы?
– Чач жасалгам – имиджим. Кырктырсам эч ким тааныбай калат.
– Көчөдөн тааныгандар болуп калабы?
– Бир жолу коомдук транспортто баратсам, мас жигит улам мени карайт. Анан “байке, кандайсыз? Өсөр Козуевсизби же аны менен тууганчылыгыңыз барбы?” деп калды. Кызуу экенин көрүп, “ал эмесмин” десем, “Өсөр Козуевдин ырлары жакшы. Өзү олуттуу киши. Анан колунда акчасы жок. Болбосо, жакшы көтөрүлмөк” деп коёт. Күлүп калдым ичимден.
– Элдин сыйына ээ болуп жүрө бериңиз.
Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg