ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 8-ИЮЛДАН 14-ИЮЛГА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Кой жылдызындагыларды бул апта бейпилдиги менен кубантат. Ийгиликтериңизге көз арткандар бар. Жетекчилик эмгегиңизди баалайт. Жеке жашоодо мамилеңизди бузуп албоо үчүн ар кимдин өз ордун талдап көрүңүз. Тиричилик жумуштарын аткарып, үйүңүзгө жайлуулук тартуулаңыз. Сатып алуулар пайдалуу болот, бирок насыя алуунун кереги жок.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Букачарларга бул жума көп тажрыйбаларды алып келет. Биринчиден, өзүңүздү колго алууну үйрөнүңүз. Эмгекчилдигиңизден көп жумуштарды бүтүрүп аласыз, бирок чарчап-чаалыгуу басат. Достор менен жолугуп, эс алууга да убакыт бөлүңүз. Алардан жашооңузга пайдалуу идеяларды аласыз. Жеке жашоо романтиканын толкунунда.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Чечкиндүүлүк жана кыйынчылыкка тике карай билүүнүн бул жумада кереги тиет. Жылдыздар тобокелдиктен коркпой, ийгилигиңизге ишенүүнү сунушташат. Жакындарыңыздын бири сизди капа кылышы мүмкүн. Акча жаатында баары жайында. Сүйүктүүңүзгө жайыл дасторкон үстүндө романтика уюштурсаңыз, мурунку мамиле мындан да бекемделет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бөйөндөрдү бул аптада пессимисттик көз караштар коштойт: азыркы жашоосу, тапкан кирешеси, жетекчисинин мамилеси же кесиптештери менен болгон мамиле жакпай баштайт. Жашооңузду жакшы жагына өзгөртүүгө, көбүрөөк пайдалуу китептерди окууга аракет кылыңыз. Эс алууга убакыт таап, сергек жашоону колго алсаңыз, баары калыбына келет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Арстандар нерв системине “перезагрузка” жасоосу керек. Болбогон нерселерге жиндене бербеңиз, өзүңүздү карманыңыз. Ушактарга ишенбеңиз. Убакытты жакшы өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Жумуш которууну пландагандар алгач жаңы тармакты жакшылап изилдеп көрүүсү керек. Ар бир кадамды ойлонуп жасаңыз. Акча жаатында кыйынчылыктар болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жалкоолук жана апатия сизди артка тартат. Такыр иштегиңиз келбейт. Ошентсе да өзүңүздү колго алып, көп ийгиликтерден куру калбоого аракет кылыңыз. Антпесе жумушуңуздан кол жууп калышыңыз мүмкүн. Башыңызга келген идеяларды эч кимге айтпай туруңуз. Башкалар колдонуп кетет. Сүйүктүүңүз менен мамиле солгундайт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумушта, кесиптештер, жетекчилик менен мамиле, баары жайында. Каржы жаатында бардык кадамды таразалап, анан чечим кабыл алуу сунушталат. Үй-бүлөлүүлөр жеке мамилени териштирүүнү коё туруп, бир-бириңерден эс ала туруу сунушталат. Бойдоктор үчүн жаңы таанышуулар орун алат, үйдө отурбаңыз, жолугушуулардан баш тартпаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Өзүңүзгө ишенимди бекемдеген жакшы жаңылык болот. Жума ичи акча иштеп табуу менен алек болосуз. Жыйынтыгы жаман эмес. Ишкер чаяндар азырынча кайсы бир долбоорго акча салбай турушу керек. Дем алыш күндөрү интернетти чукулап жата бербестен, буга чейинки көйгөйлөрдү чечип, үй-бүлөңүз менен эс алып келиңиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аракет кылсаңыз, берекет. Бул аптадагы ийгиликтер сиздин аракетиңизден гана көз каранды. Кадамдар чечкиндүү болсо кыялдарыңыз орундалат. Көпчүлүк өнөктөштөр сиз менен иштешүүнү каалашат, мындан улам көрө албагандар тиш кайрап, жамандаганга даяр. Көңүл бурбаңыз, ийгилик сиз тарапта. Жакындарыңыз менен кызыктуу учурларга туш болосуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Каржы жаатындагы ийгиликтериңиз башкалардан көз каранды. Эс алуу үчүн мүмкүнчүлүк болбойт. Жумуштун көптүгү, жол жүрүүлөр, ар кандай иш-чаралар тоскоолдук жаратат. Өнөкөт оорулар козголушу мүмкүн. Таза абада көбүрөөк жүрүүгө аракет кылыңыз. Бойдокторго романтикалуу жолугушууларга барууга мүмкүнчүлүк бар.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Өзүңүздүн сезимдериңизди жана эмоцияларыңызды билдирүүдө этияттык талап кылынат. Башкалар туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Каржы жааты, жеке жашоо баары бир калыпта. Насыяга бир нерсе сатып алуудан, башкалардын жумуштарына, балдарына жоопкерчилик алуудан баш тартыңыз. Андан көрө өзүн өнүктүрүүчү курстарга катышып, билимиңизди өстүрүңүз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Балыктар бул жумада мурда коюлган максаттарынын баарын ишке ашыра албайт. Маанайдын суздугу, өзүн жакшы сезбөө, керектүү нерселердин жоктугу буга себеп. Кечки сейилдөөдөн баш тартпаңыз. Тырышчаактыгыңыз менен капчыгыңызды кампайтып аласыз. Майда нерселерге алаксыбаңыз. Сүйүү жаатында өзгөчө романтика уюштуруу өзүңүздөн көз каранды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан