Нурбек Юлдашев, актёр, вайнер: “КЕЛИНЧЕГИМ ИНТЕРНЕТТЕН ИЙГИЛИК КЕЛЕРИНЕ ИШЕНЧҮ ЭМЕС”

Нурбек Юлдашев мырзанын багын “Боз салкын” тасмасы ачты көрүнөт. Анаранын ордуна адашып Асеманы ала качышканда “Бул Анара эмес” деп какшап отуруп, тажаганда “Мага эмне, эмне болсоңор ошо болгула” деп кол шилтеп басып кеткен Капар эсиңиздерде болсо керек. Учурда так ошол образды жараткан актёрдун экинчи деми ачылып, вайнерлик менен алектенүүдө. WhatsApp аркылуу тарап жаткан “Кыска тамашанын” автору жана актёру да өзү. Нурбек кантип бала кездеги кыялдарына жеткенин айтып берет.

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 21-февраль

Туулган жери – Баткен облусунун Лейлек районундагы Тайлак айылы

Кесиби – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство жана маданият университетинин театр жана кино актёру бөлүмүн аяктаган

Тартылган тасмалары – “Министрдин кызынын махабаты”, “Боз салкын”, “Эркектер”, “Карт бойдок” жана башкалар

“БАЛДАР МУШТАШСА КАЧЫП КЕТЧҮМҮН”

– Бала чактан эч кимге зыяны тийбеген бала болдум. Ашыкча шоктук кылган жокмун, кээде балдар мушташып жатса акырын качып кетчүмүн (күлүп). Бирок мектепте менсиз маданий иш-чара өтчү эмес. Жадакалса мен үчүн бир күндү белгилеп, “Күлкү күнү” деп атап коюшкан эле. Ал күнү балдарды чогултуп интермедия коюп, мектепти шаңга бөлөчүбүз.

Окуучу кезимде “Мыскыл жана тамаша” долбоору мода болчу. Сыналгыдан концерттерин берчү. Кээде биз тарапка куудулдар гастролдоп келип калышчу. Мен Исфана шаарына уюштурулган бир да концертти калтырбай, 3 чакырым алыстыктан жөө келет элем. Кээде акчам жок кире албай калганда терезеден шыкаалап көрчүмүн. Концерт ортолоп калганда эшикти ачып салышат эмеспи, ошондо кирет элем да, орун болбосо бир бурчта туруп көргөнүмө ыраазы болчумун. Концерттен көргөн интермедияларды дароо мээме “жаздырып” алып мектепке барганда балдар менен аткарчубуз.

Куудулдардан маркум талант Манас Бердибековду кумир тутчумун. Ал бир жолу биздин айылга концерт койгону келгенде бара албай, кийинкисинде сөзсүз барам деп өзүмө сөз бергем. Бирок тилегим ишке ашкан жок. Анткени көп өтпөй Манас Бердибеков каза болуп калды.

“ОКУБАЙ, ИШТЕП АКЧА ТАП ДЕШКЕН”

– 11-классты аяктап жатканда класс жетекчибиз ар бирибизге арнап ыр окуп берди. Ага мен да жооп кылып ыр саптарын арнасам агайым “сен искусствону тандасаң адашпайсың” деген эле. Албетте, актёр же куудул болуу өзүмдүн да чоң кыялым болчу.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы упай алганыма карабай туугандарым “окуп эмне кыласың? Андан көрө иштеп акча тап. Эмки жылы деле окуй бересиң” дешти. “Окубай калсам өмүр бою өкүнүп калбайын, өзүмдү сынап көрөйүн, өтсөм өттүм, өтпөсөм жок” деп апам экөөбүз Бишкекке келдик. Чүй менен Белинский көчөлөрүнүн кесилишине келгенде ысык шамал, шаардын жели урду. Маңдайымда сүрөттөн көргөн килтейген филармония турат. Мына сага шаар дедим. Элден сураштырып адашып отуруп Искусство институтуна келип, сынак тапшырып, окууга өтүп кеткем. Жашоомдогу чоң бурулуш ошондо башталган.

“АТАКТУУ АКТРИСАНЫН ТАМАГЫН УУРДАГАНБЫЗ”

– Жатаканада 5 бала жашап, ачка калганда тамак уурдачубуз. Эң эсте калганы, атын айтпай эле коёюн, азыркы атактуу актриса эжебиздин тамагын уурдаганыбыз болду. Эже ашканада тамакты жаңы бышырып, капкагын жаап кетери менен бир досум казанды көтөрүп келиптир. Баарыбыз ачкабыз да, кимдики деп сураштырып отурбай жарышып жеп кирдик, тамактын ысыгына деле караган жокпуз. Эже биздин “кылмышыбызды” билип калып, “балдар, жок дегенде казанды берип койгулачы” деп эшик каккылаганы эсимде. “Сен бер, мен бер” деп атаандашып отуруп “сиз ары жакка барып туруңуз” деп, эже кеткенде бош казанын ордуна коюп келгенбиз.

Баарыбыз айылдан келген балдарбыз, үйдөн акча сейрек жана аз келчү. Келсе деле кафеге барып курсакты тойгузуп, бир күндө түбүнө жетчүбүз. Кийинчерээк ырчылар менен интермедия ойноп, гастролго чыгып, той алып бара баштадым. Ошентип баскан-турганыма акча таап калдым.

“ТАСМАГА БЕКЕР ТАРТЫЛГАНЫМА КУБАНГАМ”

– Бир күнү Рустам Аташов “Министрдин кызынын махабаты” тасмасына актёрлорго кастинг жарыялаганын угуп, бөлмөдөгү беш бала бардык. Мен дароо эле кастингден өтүп, эпизоддук ролго алындым. Режиссёр алдын ала “тартылганың үчүн акча бербейм” деп эскертти. Актёрлук бала кезимдеги кыялым болгондуктан, бекер тартылып жатканыма ыраазы болгом.

Анын артынан “Боз салкын” тасмасында Капардын образын жараттым. Тасманын таасириненби, ролум элге сиңимдүү болуп, өз атым өчүп, эл мени Капар деп тааный башташты.

“НУРБЕК ЖЫЛДЫЗ БОЛУП КЕТТИ ДЕП ЖҮРҮШТҮ”

– Элге Нурбек Юлдашев катары таанылганга чейин кандай гана жумушта иштебедим. Оператор, монтажчы, соода борборунда кардарларга музыка көчүрүп берүүчү, пицца жеткиргич болуп иштедим. Элден кем калбайын деп Москвага барып суши-ашпозчу, официант болуп да эмгектендим.

Акыркы жолу жергиликтүү телеканалдардын биринен жумуштан кеткенден кийин 1 жыл үйдө жумушсуз жаттым. Акча таппай жубайым менен урушуп-талаштык. Кыскасы, бир жыл ичинде эч ким болуп калдым (күлүп). Бирок жөн жатпай интернет аркылуу кантип каражат тапса болот, юмор тармагын кантип өнүктүрсө болот, ошолорду изилдедим. Буга чейин кыска тамаша тартып жүрчү эмес белек, ошол тармактан өзүмдү өнүктүрүүнү чечтим. Келинчегим башында “интернет аркылуу кантип акча тапмак элең?” деп түшүнчү да, ийгилик келерине ишенчү да эмес. Интернетке “Кыска тамашабызды” чыгарып баштадык. Албетте, тамашаларыбыз элге кеңири жайылганча бекер иштедик. Алгачкы жолу 150 доллар акча таап, келинчегимдин колуна карматканда гана мага ишенди.

Вайнерлик жумушту жаңы баштап жатканда ийгиликтүү болоруна көзүм жеткен. Азыр орто эсеп менен айына 300 доллар табам. “Кыска тамашаларымдын” арты менен Капар деген атым Нурбек Юлдашевге алмашты (күлүп). Азыр баары мени фамилиям менен атап калышты.

Учурда элге кыскача тамашаларды тартуулап акча таап жаткандыктан, ар дайым изденүүдө жүрөм. Жумуш көп, социалдык тармактан көп киши жазат. Баарына жооп бере албайсың. Кээде досторум чалганда жооп бере албай калам. Жумушумду айрымдары түшүнбөй, “Нурбек жылдыз болуп кетти” деп жүрүштү. Минтип тамашаларым элге чыгып калганда бир аз түшүнүштү окшойт.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ainura220888
2019-07-08 09:23:55
Ийгилик!
+9
Shanshieva
2019-07-08 11:04:04
Ийгилик сонун калтырбай коробуз
+7
Aidai_suluu
2019-07-08 12:01:55
Аябай сонун аткарат да. ХХХХ Айгерим мн аткарган ролдору аябай мыкты.
+1
-Sumitra-
2019-07-08 14:47:13
Вайн тартса буларга ким акча толоп берет ошондо?Же эмне бул бир нерселерди реклама кылып тартабы?
0
Skarlett-Skarlett
2019-07-08 15:35:20
Аялым уйду жый деди эле,барып кир жууп отуруп алдым
-2
bulathan
2019-07-08 16:18:16
мыкты жигит, ушундайларды да чыгарсанар
+3
Dembele84
2019-07-08 19:09:40
Нурбек молодец сен))!
+1
Baimur
2019-07-09 13:26:24
Аттын гонунон жок бекен деген жери эле жакты
+1
mela
2019-07-09 15:16:00
300$ бир кундо тапса керек
0
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан