Ырчы Самара Каримова тынымсыз изденүү үстүндө экенин кыргыз журтчулугу жакшы билет. Жакында эле Ташкентте концерт берген ырчы эми багытын Москваны көздөй буруптур. Бул ирет сөз жөн концерт эмес, Кремлде өтчү концерт тууралуу болмокчу.
“Ташкенттеги концертимди ийгиликтүү өткөрүп алдым. Аны менен токтоп калбай Орусиядагы кыргыз аудиториясын багынтууга бел байлап жатам. Буга чейин Орусияда ресторандарда концерт берип келдим. Бул ирет 6 миң кишини батыра алган Кремлдин концерттик залында концерт бергени жатам. Бул менин чоң кыялым”,- дейт ырчы.