АРСЕН КЫЗДУУ БОЛДУ

Ырчы Арсен менен жубайы Бегайым 29-июнда кыздуу болушту. Тун наристесин бооруна алышкан жубайлар кубанычтары менен бөлүшүштү.

“Келинчегим 29-июнда көз жарды. Кызыбыз бою 53 сантиметр, салмагы 3 килограмм 600 грамм болуп төрөлдү. 1-июлда жубайым менен кызымды төрөтканадан чыгарып келдим. Аларды шаан-шөкөтсүз тынч эле чыгарып келүүнү туура көрдүм. Кубанып жатабыз. Башкача бир сезимдерге кабылып жатам. Кызыбызга Алия деген ысым ыйгардык. Алияны мага окшоштуруп жатышат. Негизгиси кызымдын ден соолугу чың болуп чоңоюшун тилейм”,- деп Арсен ата болгондогу сезимдерин ортого салды.

Наристеге бактылуу балалык каалайбыз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
PrinsessaNuri
2019-07-08 11:19:39
Bewik boonuz bek bolsun.
Byiyl kyz torolo turgan jyl okwoyt. Kobu kyzduu bolup jatat
+1
Zimzimemir
2019-07-09 14:07:19
Омурлуу ыйман ынсаптту куздардан болсун
0
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан