Ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 24-июнь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол коюп, орун басары Кайрат Иманалиев 28-июнда ырчыны эмгек жамаатына тааныштырды.
“Бул окуу жайды 25 жылдан бери жетектеп келе жаткан директор 29-май күнү жумуштан кетиптир. Мен министрликке керектүү документтерди тапшырып койгом. Өзүм буга чейин маданият жана билим берүү тармагында иштеп келе жатам, билесиздер. Буйрук экен, 6 талапкердин арасынан менин талапкерлигимди жактырышып, 24-июнда буйрук чыкты. 28-июнда жамаатка тааныштырылып, иштеп баштадым. Азыр менин негизги планым – окуу жайды кармап калуу. Техникумда студенттердин саны азайып баратыптыр. Абитуриенттерди тартуу үчүн көп иш жасашыбыз керек”,- деген Балтагулов алдына чоң максаттарды коюп жатканын айтты.