"Эл эмне дейт?” долбоорунун актёру, шоумен Эркин Усенбаев ушул күздө үй-бүлө куруу алдында турганын жарыялады. Ал 30-июнь күнү жарым жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсүнүн колун сурады.
“Негизи сүйүктүүмдүн колун суроо планымда жок болчу. 30-июнда дос балам кызынын бешик тоюна чакырып калып ошол тойдон кийин сунуш киргизүүнү ойлонуп калдым. Элдин көңүлүн бурбай, 2-3 досумдун жардамы менен эле колун сурамакмын. Бирок күбөлөр көбөйүп кетти. Алдын ала сүйүктүүмдүн алдында сүйлөчү сөзүмдү даярдап алгам. Бирок сунуш киргизерге келгенде сүйлөй албай эки жакты карап, жаш баладай тайсалдап калдым. “Мага турмушка чыгасыңбы?” деген гана сөздү айта алдым. Сүйлөшкөн кызым азыр деле ишене албай жүрөт. Эми күзүндө үйлөнөм деген планым бар. Болочок жубайымдын аты-жөнү – Ажара Шайыкова. 20 жашта, менден 10 жаш кичүү. Учурда 2-курстун студенти, шоу-бизнеске такыр тиешеси жок”,- дейт шоумен.