2018-жыл, кыш мезгили. Бул учурда радио, телефон, кафе-барлардан «Life» аттуу ыр жаңырып, көпчүлүк ырга кошулуп кыңылдап ырдап, бийлеп да калганбыз. 2018-жылдан 2019-жылга өз популярдуулугун сүйрөй келген ырдын аткаруучусунун аты да өзгөчө – Zivert. Алдыда дагы да болсо музыкалык чарттарда алдыңкы саптарды бербей келе жаткан «Life» ырынын аткаруучусу Zivert’тин жашоосуна саякат жасайбыз.
Аты-жөнү – Сытник Юлия Дмитриевна
Туулган жылы – 1990-жыл, 28-ноябрь
Туулган жери – Орусия, Москва шаары
Бою – 165 сантиметр
Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, эжеси бар
Репертуарындагы атактуу ырлары – «Чак», «Анестезия», «Жашыл толкундар», «Life» жана башка
Лейбл – «Биринчи музыкалык» («Первое музыкальное»)
БАЛАЛЫК
Чоң эне көз айнек тагынып, тигүүчү машинасынын ийнесин шыкаалап жип саптап отурат. Андан кийин колуна кыпкызыл кездемени алып дырылдатып тигип баштады. Көп өтпөй колунда кичинекей кызга ылайык көйнөк даяр болду. «Юлия, күнүм менин, келип кийип көрчү...» Бул чакырууну укканда безилдеп чуркап келет кыз. Анткени көнгөн, чоң энеси сонун көйнөк тигип коёт. Кызыл көйнөк Юлияга куп
жарашты. Эми көчөгө чыгып, курбуларына, кошуналарга мактаныш керек. Колуна чачка себилчү лактын бөтөлкөсүн кармаган кыз көчөгө чуркап чыгат. Отургучта адаттагыдай чоң энесинин курбулары, балдар аянтчасында достору ойноп жаткан болот. «Келгиле, мен ырдап берем» деген кыз баарын чакырып, тегеректеген көрөрмандарга ырдап берет, колунда микрофондун ордуна кызмат кылган баягы лактын бөтөлкөсү.
Юлия балалыгын, ырчылыкка болгон биринчи кадамын ушундай эскерет. Бирок ырчылыкка чейин бир канча кесиптин ээси болууга туура келген.ДИЗАЙНЕР, ФЛОРИСТ, СТЮАРДЕССА
Мектепте окуп жүргөндө балет, заманбап бий ийримдерине катышчу. Жакшы көргөн сабагы англис тили болгон. Бул кызыгуусун өстүргөн Юлия учурда англис тилинде эркин сүйлөйт. Мектепти бүткөндөн кийин дизайнер кесибине ээ болгон. Андан кийин флористикада да өзүн сынап көргөн. Кичинесинен ата-энесине кошулуп көп саякаттаган кыз бир орунда отурган кеңсе жумуштарында иштей албай коёт. Көпкө ойлонгон Юлия стюардесса болууну чечет.
«Мен бул жумушка деле убактылуу келгенимди билгем. Кайсы бир учурда баарынан тажаганымды сездим. Учуу мага кубаныч алып келбей калды. Баягы эле көнүмүш өлкөлөргө бара берүүдөн тажадым. Жердин жашоосу жетишпей жатты. Туугандарымдын, досторумдун жанындагы жашоону сагындым. Жалгыз калгандай сездим өзүмдү. Чачымды байлап же түйүп, тырмагымды түссүз лак менен боёп жүргөндөн тажадым. Мага кыпкызыл лак, чачыма каалаган жасалга, денеме татуировка жетишсиз боло берди. Анан жумуштан кеттим. Кадимкидей жеңилдеп калдым. Анан кылгым келген нерсенин баарын жасадым»,- дейт 4 жыл стюардесса болуп иштеген Юлия.
БИР НЕЧЕ УЛУТТУН КАНЫ БАР
Юлиянын генинде бир нече улуттун каны бар. Атасында украин, цыгандардын каны болсо, апасында поляк, немистердин каны бар. Булардын баары биригип Юлияда. Анын өзгөчө үнү, жүзү, балким, генден улам... Юлия 14 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Атасына таарынган кыз апасынын Зиверт фамилиясын алып, сахнадагы атын Zivert деп атоону чечкен. Ырчылыкка 25 жашында гана олуттуу киришкен Юлиянын музыкалык билими жок, бирок ал азыркыга чейин вокалдан сабак алып, өз жөндөмүн өстүрүп келет.
ИЙГИЛИК
Эң биринчи ийгилик ага 2016-жылы чакан вокалдык сынакты жеңүү менен келген. Көп узабай, 2017-жылдын 1-апрелинде Юлия дебюттук «Чак» ырын чыгарат. Көп өтпөй ырдын кавер-версиялары интернетке жайыла баштайт. Ошентип эл аз-аздан Zivert аттуу ырчы бар экенин тааный башташкан. Ошол эле жылы күзүндө чыккан «Анестезия» ыры да жакшы кабыл алынып, жаңы чыгып келе жаткан ырчыга «Биринчи музыкалык» үн жаздыруучу компаниясы иштешүү сунушун киргизген. Бул компания менен Нюша, Иван Дорн, Дима Билан жана башка белгилүү ырчылар иштешип келет.
ZIVERT’ти ZIVERT КЫЛГАН «LIFE»
2018-жыл да Zivert үчүн жемиштүү болду. «Океан», «Жашыл толкундар», «Дагы каалайм» ырлары камтылган «Жаркыра» кичи-альбому жарык көрдү. Өз атын түптөп алган ырчы альбомунун артынан Орусия, Беларустун бир катар шаарларын кыдырып концерт коёт. Zivert’тин ушул эле жылдын 30-ноябрында жарыкка чыгарган «Life» ыры ага болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келди. 1 ай ичинде YouTube’да
3 миллиондон ашуун угарман топтогон бул ыр аткаруучусун кыргыз коомчулугуна да таанытты. Популярдуулуктун артынан алгачкы наамдар да келди. «Жыл жаңырыгы», «Эң мыкты дебют», «Күчтүү башталыш», «Cosmopolitan тандоосу» жана башка.
Учурдун популярдуу ырчысы Zivert ушул жылдын март айында Бишкекке келип, түнкү клубдардын биринде концерт коюп кетти. Ал жакта ырчы менен кошо ар бир ырын жатка ырдаган кыргыз күйөрмандарына ырчы ыраазычылык билдирди.
Юлиянын акыркы чыгарган «Crazy» ыры акырындап популярдуулукту багынтып келе жатат. Ырчынын кыялы – англис тилдүү аудиторияны багынтып, дүйнөлүк масштабга чыгуу. Кыялдар орундалат эмеспи! Zivert`тин Москва шаарындагы эң алгачкы чоң шоу-концерти ушул жылдын 3-октябрында өтөт.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Юлия үй-бүлөсүнө абдан жакын. «Чоң атам, апам, эжем – менин негизги сынчыларым. Апамдын жасаган тамагы жок жашоомду элестете албайм. Канчалык чарчап турсам да, жакындарымдын жанына барганда энергия алып, күчтөнүп калам» дейт ал. Социалдык тармактарда активдүү ырчы 2017-жылдын жарымына чейин Евгений аттуу жигит менен сүрөттөрүн көп киргизчү. Кийин популярдуулугу артып баратканда атайын алып салдыбы же эмне болду ким билсин, чогуу түшкөн сүрөттөр жарыяланбай калды.
Инстаграмда 600 миңге чукул катталуучусу бар Zivert окурмандары менен дайыма байланышта. Бир билдирүүсүндө ал «убагында бардык жаман нерселерди кылгам, иччүмүн, чекчүмүн. Бирок бул нерсе туура эмес экенин Кудай бир заматта көргөзүп койду. Азыр мен ал жаман адаттардын баарын таштадым» деп жазган. Учурда ал йога менен машыгат, спорт залга барат. Элди дени сак жашоого үндөгөн Юлиядан келечекте дагы хит чыгармаларды күтөбүз.
Асыл Орозбекова
star@super.kg