Элден «өтүндөгү ташын алдырыптыр», «өтүн алдырыптыр» деген кепти көп эле угабыз. Бирок бул органдагы таш кайдан пайда болорун көбүбүз билбесек керек. Негизи эле өт организмде эмне кызмат кылат? Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын алдындагы дарылоо-ден соолукту чыңдоо клиникасынын дарыгери Эрмек Исмаилов айтып берет.
ӨТ ООРУЛАРЫ
Стеаторея оорусу. Аталган оору витаминдердин, май кычкылдарынын, майлардын жетишсиздигинен, ичегилердин ылдый тарабынын оорушунан пайда болот. Тактап айтканда, өттө майды сиңирүүчү өт кычкылдарынын жетишсиздигинен улам организмдеги майлар сиңбей, заң аркылуу сыртка чыгып кетет. Заңдын өңү ак же боз болуп өзгөрөт.
Холецистит же өттүн сезгениши. Бул өтө кооптуу жана кеңири жайылган оору. Анын эки түрү бар: курч кармаган жана өнөкөт холецистит. Аталган оору менен көп учурда 40 жаштан өткөн аялдар оорушат. Мында дене табы 38-39 градуска көтөрүлүп, дененин оң жак тарабы чыдатпай оорутат. Өнөкөт холециститке кабылган учурда өттү алып салууну сунушташат.
Өт полиби. Бул дарт дүйнөдөгү адамдардын 5 пайызында кездешет жана өтө кооптуу эмес. Бирок зыяндуу шишик түрүндө да кездешпей койбойт. Аны хирургиялык жол менен гана дарылашат.
Өттүн рагы. Аталган оору көбүнчө 50 жаштан өткөн аялдарда кездешет. Шишик акырындык менен өттүн бардык тарабын жабыркатып, боорго өтө баштайт. Өттүн залалдуу шишиги көп учурда уулуу химиялык заттарга байланыштуу өндүрүштөрдө иштеген кызматкерлерде көп кездешет. Бул оору алгач таптакыр билинбейт, анткени көп убакытка чейин белгилери башка өт ооруларынын белгилерине окшош болот.
Дискинезия. Бул өттүн кыймылдоочу функциясынын бузулушу. Мында өт өтө көп жыйрылат, же тескерисинче, жыйрылуусу нормасына жетпей калат да, натыйжада өт суюктугунун бөлүнүп чыгуусунда маселе жаралат. Бул оорунун себеби стресс, айрым тамак-аштарга болгон аллергия, гормоналдык бузулуу, климакс болушу мүмкүн.
Холангит. Өт жолдорунун бактериялык инфекциядан пайда болгон сезгенүүсү. Катуу кармаган холангит чыйрыктырып, температураны көтөрөт, көл-шал кылып тердетет, боор чоңоюп, оң кабырганын асты салаңдагансып тартылып, салмактанып ооруйт.
Өт жана өт жолдорунда таштардын пайда болушу. Аталган оору өзү тууралуу белгини ар кандай бериши мүмкүн. Мисалы, оң капталдагы кабырганын асты сайгылашып ооруйт. Мындай абал ар кандай татымалдарды, майлуу, ачуу тамактарды, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондон кийин пайда болот. Оору тамак сиңирүүнүн начарлашы, көңүл айлануу, табиттин жоголушу, уйкусуздук сыяктуу белгилер менен коштолот. Тиешелүү анализдер тапшырылып (кандын жалпы анализи, УЗИ), таштын бар экендиги аныкталгандан кийин анын көлөмүнө жараша дарылоо жүргүзүлөт. Оорунун алгачкы стадиясында дары-дармектер, мүнөздөп тамак ичүү сунушталат. Өөрчүп кетсе хирургиялык ыкма пайдаланылат.
ӨТТӨ ТАШ КАЙДАН ПАЙДА БОЛОТ?
ӨТКӨ КАМ КӨРҮҮ
Дамира Арстанова