4-5-июль күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Анда грек-рим боюнча кыргыз курама командасы 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло байгени багындырып, жалпы эсепте 3-орунду ээлешти.
Кыргыз өлкөсү үчүн жалгыз алтын байгени Бакдөөлөт Эгембердиев алып келди. 16 жаштагы балбан 71 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Финалга чейин кыргыз балбаны япон жана тажик спортчуларын жеңип алса, чечүүчү беттеште ирандык балбанды 5:2 эсебинде утуп, алтын байгени тагынды.
Курама команданын мүчөлөрү Разак Бейшекеев менен Бекзат Орункул уулу финалга чейин жетип күмүш байгени жеңип алышса, Улукбек Сансызбаев менен Давран Садыков коло медаль тагынышты.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg