Сиз гид болуп иштейсиз. Чет өлкөдөн туристтер келди дейли. Кыргызстандын эмнеси менен сыймыктанып, эмнени көрсөтүүдөн уялат элеңиз? Дал ушул суроолорго Кыргыз жергесинин жакшысын ашырып, жаманын жашырып таанытууга аракеттенген гиддер менен маек куруп, жооп алдык.
“ЭЛ ТУРИСТТЕРГЕ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН ЖОЛДОРУН ӨЗДӨШТҮРӨ БАШТАДЫ”
Элдияр Кудайбергенов профессионалдык гид кызматын көрсөтүү менен алектенгенине 3-4 жылдын жүзү болуп калды. Ал гид абдан кызыктуу кесип экенин белгиледи:
– Нарын аймагында туристтерге гид кызматын көрсөтөм. Гиддин эң башкы куралы – бул тил. Гиддин милдети – бир гана жол көрсөтүп коюу эмес. Алар өз жерин башка элдин адамдарына жакшы жактан таанытып, көз карашын туура багытка буруусу керек. Ушул кезге чейин бир дагы турист Кыргызстандан кетерде “жаккан жок” дегенин уккан жокмун. Туристтер келгенде биздин жер тууралуу кайдан маалымат алганына кызыгып сурайбыз. Алар көпчүлүк учурда интернеттеги блогерлер жүктөгөн сүрөттөр, ажайып кооз жерлер тууралуу жазгандарын окуп, анан силердин өлкөнү тандап келдик деп айтышат. Ошол себептен келген туристтин көз карашы бирден-бир гиддин берген багытынан көз каранды болот.
Жаратылышынан тышкары туристтер кыргыз элине абдан суктанышат. Биздин меймандостугубуз бар, ал жай турмушун өткөрүп, борбордон алыс жакта тиричилик кылып жаткан элдин арасында жашап эле жатат. Тили буруу адамбы, кыргызбы же башкабы, баарына бирдей мамиле кылып, кымызын сунган малчынын, же болбосо жөнөкөй эле айылдын ичинде өз оокатын кылып жүргөн бир үй-бүлөнүн күнүмдүк тиричилиги туристтерди абдан кызыктырат.
"Тыйындын эки бети бар" дегендей эле, мекенибизде туризм тармагына көп көңүл бурулбаганы өкүндүрөт. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керек. Эл көп барып эс алган жайлардагы таштанды салуучу урналар, дааратканалардын жоктугу ыңгайсыздык жаратат. Туш келди ыргытылган таштандыдан уяласың. Эгер туризмдин жөө түрүн тандаган турист менен сапарга чыгып калсак, кап көтөрүп алып, жолду катар таштанды терип чыккан учурларыбыз да болот.
Билсеңиз, жылдан-жылга элдин түшүнүгү өсүп келе жатат. Тоого мал бакканы же жайлоого чыккан жергиликтүү тургундар азыр кызмат көрсөтүүнүн жолдорун үйрөнө башташкан. Алар кымыз сатышат, ошондой эле конок үй кылып жасалгалуу боз үйлөрдү тигип, эс алуучуларга жана туристтерге кызмат көрсөтүшөт. Эл өзү эле ушинтип эптеп тиричилик кылып жатат. Мунун арты менен туристтер да ушундай жарыксыз, интернетсиз, баары табигый, жасалмалуулугу жок турмуш тиричиликке тартылып, көрүүнү эңсеп келишет. Кошумчалай кетчү жагдай, биздин элдин тамак рациону абдан оор. Келген коноктордун организми тамактануучу жайлардын тамагын көтөрө албай кыйналышат. Вегетариан адамдар да көп келишет да. Биздин кафелерде аларга ылайыкташкан тамак рационун менюдан табуу мүмкүн эмес.“КЫРГЫЗСТАНДЫН ТООЛОРУНА ШАРТ ТҮЗҮҮНҮН КАЖЕТИ ЖОК”
Туристтик операторлордун Кыргыз ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров гиддердин маселелери тууралуу сөз кылып, Европадагыдай шарттарды түзүүнүн кажети жок деген пикирин айтты:
– Биздикиндей ак кар баскан чокулар, карагай-чер каптаган тоолор, шылдырап аккан кашка, тунук суулар башка жерлерде жок дейсизби? Албетте бар, бирок андай жерлерде бардык шарттары каралган 5 жылдыздуу мейманканалар, заңгыраган жолдор курулуп, жарыктандырылып, суу чыгарылып, адамзатына керектүү бардык кызматтар көрсөтүлөт. Бул табигый нерсени бузуп, адамдын колу тийген, буту баскан, жапайы жандыктар байырлабай калган жерге айланат. Кыргызстанга келген туристтер дал ушундай картинаны көргүсү келет. Алар жапайы, адам буту баспаган жаратылышка тартылышат. Кыргыздын жөнөкөй үй-бүлөлөрү, биздин ар кандай салт-санааларыбыз, айылдагы жай турмуш, мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенген жашообуз алар үчүн кызык. Мындан тышкары кол өнөрчүлүк, ар бир кыргыздын обон салып ырдай ала турганы, манас айтып, түрдүү таланттарга бай болгону да чет элдиктерди таң калтыра алат.
Эми терс жактарына келсек, мен мекенибиз жана анда жашаган эл тууралуу жаман пикир айтуудан алысмын. Болгону элибиз бир аз түшүнүгүн оңдоосу керек. Чет элдик турист экенин көргөндө эле андан бир нерсе же акча өндүрүп калууну эңсеген шылуундар жок эмес. Жакын арада эле бир окуя болду. Баткенде бир жаш эле бала туристтин бир нерсесин тартып алууга аракет кылыптыр. Аны ошол жердеги туристтер менен чогуу жүргөн топ кармап алып, ата-энесине алып барса, уялгандын ордуна айылдаштарын чогултуп, тигилерди сабоого аракет кылышыптыр. Меймандар качып кетип кутулушуптур. Ушул сыяктуу окуялар байма-бай катталып турат. Мындан тышкары таксисттер да туристтерге орой мамиле кылып, ашыгыраак акча өндүрүп, капчыгын бир топ эле жукартып коюшат экен.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg