КҮНДӨН ЗАРЯД АЛУУЧУ ЭЛЕКТРОКАР

Нидерланддык "Lightyear" компаниясы ойлоп тапкан "Lightyear One" электрокары бир жолу алган заряд менен 725 чакырым жүрө алат. Унааны жаратуучулардын айтымында, бул унаа "Тесла" компаниясы чыгарган "Tesla Model S" (595 чакырым) электрокарынан да узак жүрөт.

"Lightyear One" электрокарынын корпусунда 5 чарчы метрлик күндөн заряд алуучу панель жайгашкан. Унаа күн тийип турган маалда саатына 12 чакырым жүрө ала тургандай заряд алып турат.

Баасы 170 миң долларды чапчыган бул унаа 2021-жылы сатыкка чыгат.

Ысак Карачов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
pero5184
2019-07-18 22:26:47
Оой баай дурус го
0
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан