Гүлжигит Исаков, жарандык активист: «АК ҮЙДӨ БҮГҮН КЛАССТАН КЛАССКА КӨЧПӨЙ ЖҮРГӨН БАЛДАР ИШТЕП ЖАТЫШАТ»

Коомчулук бүгүн эч бир тарапка байланбаган чыныгы калыс пикирге суусап турат. Тилекке каршы, андай пикир айта тургандар көп эмес. Андыктан актуалдуу иштер, көйгөйлөр боюнча үн кошуп, өз оюн ачык айтып көпчүлүктүн көзүнө илинген жарандык активист Гүлжигит Исаковду маекке тарттык.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 1979-жыл, 13-декабрь

Туулган жери – Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы

Үй-бүлөлүү – 2 уул, 1 кыздын атасы

Билими – жогорку

Жактырган спорт түрү – кикбоксинг

– Гүлжигит мырза, акыркы жылдары ар түрдүү митингдерге, саясий акцияларга активдүү катышып жатасыз. Өлкөдө ушул тапта сизди эмне көбүрөөк тынчсыздандырат?

– Биринчи кезекте коопсуздук турат. Биз кандай саясий көз карашка ээ болбойлу, баарыбыздын үйүбүз бир, ал үйдүн аты – мамлекет. Ал оңчул менен солчулга да, батышчыл менен чыгышчылга да, баарыбызга керек. Саясий көз караштардын тиреши негизги орунду ээлебеши керек эле. Тилекке каршы, азыркы учурда башкы талкуубуз ушул болууда. Өнүккөн өлкөлөрдө деле саясий кризис, тирештер болуп турат. Бирок алардын өлкө экономикасына тийгизген таасири жокко эсе. Бизде көмүскө экономика менен саясат абдан жуурулушуп кеткени үчүн кичинекей эле саясий кризис экономиканы олку-солку абалга алып келет. Коомдогу түзүмдөрдү жаңылап түзүү керек. Саясатчылар бири-бири менен күрөшө берсин, бирок анын биздин жашоого, экономикага зыяны болбошу керек.

– Байкашымча, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ишин, анын мүчөлөрүн көп сындайсыз. Себеби эмнеде?

– 2010-жылкы окуяларда эл үмүт артты эле. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эйфорияга алдырып, элди унутуп, так талашып, эки элдин жаңжалына себепкер болгону үчүн аларды кечире албай жүрдүм. Эптеп бийликке жетиш керек деген авантюристтердин максаты ишке ашты. Бирок революциянын максаттары ишке ашкан жок. Кыргызстандын 2030-жылдагы, 2050-жылдагы орду кандай болушу керек деп маселе көтөргөн мамлекетчил адамдарды көрбөй элемин. 5 жыл 10 жыл кийинкини көрө билген саясатчылар жокко эсе болууда.

– Эски саясатчылардан арылуу керек деп жүрөсүз. Кыргыз шартында эскилерден 100 пайыз арылуу, ордуна жаш муунду алып келүү мүмкүнбү? Мүмкүн болсо кантип?

– Саясатта муун алмаштырууга революциялар эң жакшы мүмкүнчүлүк болот. Бизде андай болгон жок. Эски саясатчылар деп баарын четке түртүп коюу да болбойт. Менимче, айкалышып иштөө керек. Жулунбаган, таза, мээси укмуш иштеген саясатчылар бар. Алардын акылын, кеңешин пайдалануу керек. Анткени бир адамдын баарын биле бербеши табигый көрүнүш. Радикалдуу түрдө эскинин баарын кетирүү Кыргызстандын шартында мүмкүн деле эмес. Тууганчыл элбиз, коррупционерди камасаң деле анын тууган-туушкандары бар. Дүрбөлөңдөн башыбыз чыкпай калат. Ошондуктан уурдаган акчаны казынага төккүлө да, мындан ары жаңы жашоо баштайлы деп иштеш керек болууда.

– Элдин саясий аң-сезими акырындан өсүп жатат. Бирок эл мурунку шайлоодон кийин “иштебей жатат” деп 5 жыл сындап жүргөн саясатчыларды, партияларды кезектеги шайлоодо кайра эле парламентке 5 жылга шайлап алып жатат. Бул бузулган айлампаны кантип токтотууга болот деп ойлойсуз?

– Конституцияда 18 жашка толгон Кыргыз мамлекетинин жараны шайлоого жана шайланууга укуктуу деп жазылып турат. Бирок биометрика деген шылтоо миңдеген адамдарды шайлоо укугунан ажыратып койду. Чет жердеги мигранттарды айтпай эле коёлу. Бюджеттен айлык алган 330 миңдей кызматкер, 640 миңдей пенсионер бар, алар административдик ресурска курмандык болуп жатышат. Албетте, элдин өзүнүн да күнөөсү бар. Эл канчалык сабатсыз болсо, аны башкаруу ошончолук оңой. Кийинки шайлоодо деле акча роль ойнойт, бирок элдин аң-сезими акыркы 2 жылда өскөнү байкалып турат. Ошентсе деле аны жетелеген мамлекеттик бийлик да. Элди туура эмес жакка жетелеп, 1000 сомго зар кылган ким?

– Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ИИМ суракка чакырды. ал болсо барбай турганын билдирди. Сиз өлкөнү 6 жыл башкарган адамдын “суракка барбайм” дегенин кандай кабыл алдыңыз?

– Убагында Атамбаевдин кадрдык туура эмес иштерин ачык айтчумун. Темирди ысыгында сок дейт, азыр кажети деле жок. Бул албетте, Атамбаевдин былык иштерине көз жумуп койгула дегендик эмес. 6 жылда жасаган иштерине жооп берсин. Жаманбы, жакшыбы 6 жыл Конституциянын кепили болуп турду. Азыркы Жогорку Кеңештин курамы анын кийлигишүүсү менен түптөлдү. Андыктан азыркы депутаттарга Алмазбек Шаршеновичтен артык эч ким баа бере албайт. Кандай адамдарды алып келгенин билет. Жогорку Кеңештин депутаттары Атамбаевдин сынына таарынбаса деле болот. Ал эми Атамбаевдин укук коргоо органдарынын суракка чакыруусун тоготпой, баш ийбей жатканы – мыйзамдуулукту тепселөө. Бизди саясий интригалардан мыйзамдын үстөмдүгү гана куткарат. Бул элди сыйлабастык, укук коргоо органдары кандай баа берсе да барыш керек.

– Жактоочусу Атамбаевде мыйзамдуу кол тийбестик укугу бар. Жогорку Кеңеш аны экс-президент деген аттан гана ажыратты деди. Бул Жогорку Кеңештин катачылыгы, сабатсыздыгыбы же атайылап уюштурулган иш деп ойлойсузбу?

– Атамбаев Жогорку Кеңешке баасын берди. Депутаттар таарынып, статусун алабыз деп Атамбаевде өчү барларды комиссияга киргизип коюшту. Өчү бар адам рационалдуу чечим кабыл ала албайт, эмоцияга алдырат. Ал эми мамлекеттик иштерде эмоцияны жыйыштырып коюу зарыл. Экс-президент деген макамды алуу үчүн мындай кылмыштарды кылган, далилдери мына деген юридикалык негиз керек. Туура ишти күмөн жаратпай, туура жол менен жасаш керек.

– Жарандык активист катары сизге азыркы бийликтин кайсы катачылыктары биринчи көрүнүүдө?

– Өлкөдөн 2 баштуу бийликти көрүп турам. Азыркы Конституцияга ылайык, өкмөт башчынын ыйгарым укугу көп, күчтүү. Бирок аны пайдалана албай жатат. Биздин менталитет президентти хан сезип, анын көзүн эле кароо экен. Президент де-юре “бул менин ишим эмес” дегени менен, де-факто өкмөттүн ишине таасир этүүдө. Бир жагын тандайлы, же өкмөт башчы жооп берсин, же супер президенттик башкарууга өтөлү. Жакында депутаттар микрофондо, социалдык тармактарда өкмөттү аябай сындап упай топтошту. Анан президент келип “колдоп койгула” деген бир эле сөз айтты эле баары колдоп беришти. Абдан уят иш. Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңеш болгондон бери мындай кордук көрө элек болчу. “Президент жалгыз болуп жатат, кантип алдыга тартсын?” дегендер бар. Бирок биз жанына кимдерди алып жатканын көрүп жатабыз да. Мен жакшы тааныйм, президенттик аппаратта бүгүн мектепте класстан класска көчпөй калган балдар иштеп жатат.

– Балким, “мен” дегенди токтотуу керектир. Жеке амбиция, тар кызыкчылыктардан улам таза, элге таанылып калган принципиалдуу жаштар бир команда болуп бийликке аттана алышпай жаткандыр. Саясий элитаны алмаштырууга бийлик гана эмес, жаштар өздөрү да тоскоол болуп жаткан жокпу?

– Жаштар гана деп кыйкыра берүүгө толук кошулбайм. 50 жашка чыгып, өзүн таза сактап калгандар бар. Аларга караганда 30 жашка араң чыгып, бирок биринчи эле сыноодо рухун-духун сатып жибергендер эки эсе коркунучтуу. Коррупционерлер ким экенин эл жакшы билет. Бирок биз тазабыз деп элге үмүт берип, кийин сөзүнөн кайтып, пара алып, араң турган үмүттү биротоло өчүрүп жатышат.

– Келерки парламенттик шайлоого катышуу планыңыз барбы?

– Парламентке сөзсүз барышым керек деген амбициям жок. Үйлөнүп алуу оңой, үй-бүлөнү багуу кыйын. Андыктан эптеп парламентке барууну эмес, ал жерге барганда эмне жасай алам деп ойлонуу керек. Башка түшсө байтал жорго дейт, кырдаал ошого түртсө, анда парламенттик шайлоого катышышым мүмкүн.

– Чет өлкөдөн билим алгансыз. Кыргыз өлкөсү Европага теңелсе дегендер көп. Ал жакта башка жашоо, башка кулк мүнөз дегендей... Өнүккөн чет мамлекетти туурай бербей, балким, өзүбүзгө ылайык жолду тандап, алдыга жылабыз?

– Кыргызстан эч качан Батыш өлкөлөрү боло албайт. Бирок жалпы адамзаттык баалуулуктар деген түшүнүк бар. Батыштан ала турган жакшы нерселер көп, технология, эффективдүү башкаруу, базар экономикасы... Кыргыздын өзүнүн демократиясы бар, бирөөгө тар кийимди кыстап кийгизгендей болуп Батышты эле туурай бербешибиз керек. Мисалы, шаарда кофе ичип өсүп, Кызыл-Аскерден ары өтпөгөн жаштардын дүйнө таанымы такыр башка. Алар айылдын жашоосун, өзгөчөлүгүн жакшы билишпейт. Бизге Батышты да түшүнгөн, ошол эле учурда айылга барып бутуна өтүк кийип, иштеп кетүүгө жөндөмдүү жаштар керек болууда.

– Садыр Жапаровду колдоп митингге чыкканыңызды билебиз. Жакында аны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралган жатат. Демек, сот аркылуу ишти кайра каратып, адилеттүүлүккө жетишүү үмүтү өчтүбү?

– Азыркы бийлик эч нерсе кылбаса деле жаңы Кодекстерге ылайык, кийинки жылы февралда эркиндикке чыгат. Азыр жеңилдик берип, мөөнөтүнөн эрте бошотууга мүмкүнчүлүк болууда. Жапаровду эмне үчүн колдоп бардым? Улуттук байлыгыбыз “Кумтөр” маселесин татыктуу көтөрүп чыккан жалгыз адам ушул Садыр Жапаров болду. Ошонусу үчүн аны сыйлайм.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан