Ушул жылдын 8-июль күнү Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Каңды айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына байланышып, окуя тууралуу маалымат алдык. Маалыматка таянсак, окуя тууралуу милицияга кырсык болгон үй-бүлөнүн кошунасы кабарлаган. Милициянын маалыматында булар айтылат:
“ДААРАТКАНАДАН ШЕКТҮҮ КИЙИМ, БЫЧАК ТАБЫЛДЫ”
– 8-июль күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Каңды айылында жаш өспүрүмдүн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери, Сузак райондук прокуратурасынын жана РИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барып текшерүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган даректеги үйдүн чоң бөлмөсүнөн, денеси бычак менен бир нече жолу кесилген абалда, колу жана буттары скотч менен оролгон 2008-жылы туулган С.Анын жансыз денеси табылган.
Окуя болгон жерди тинтүү учурунда башка бөлмөдөн “Кудайберди мен сенден балаң аркылуу өчүмдү алдым” деген мазмунда жызылган кат табылган. Кырсык болгон үйдүн короосундагы дааратканадан аял кишинин футболкасы жана чолок шымы табылган. Кийимдерге канга окшош түстөгү тактар түшүп калган. Мындан сырткары ашкана бычагы табылып, буюмдар далил катары өндүрүшкө алынган.
Окуя болгон учурда баланын ата-энеси үйүндө жок болгон.
Факт боюнча топтолгон маалыматтар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» фактысы менен катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталды.
Жүргүзүлгөн тергөө иш аракеттердин натыйжасында ошол эле Каңды айылынын тургуну, 14 жаштагы өспүрүм К.А. кылмышка шектүү катары сурак берген. Ал балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, педагогдун, психологдун жана жактоочунун катышуусунда видеожазуу колдонуу менен суракка алынган.
“КАНТИП БЫЧАКТАП САЛГАНЫМДЫ ӨЗҮМ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ”
Кылмышка шектелип жаткан 14 жаштагы өспүрүм өз көрсөтмөсүндө төмөнкүлөрдү айткан:
– Ал күнү уйкудан тургандан кийин (ата-энеси жумушка кеткен) иним экөөбүз дарбыз талашып урушуп кеттик, ошондо иним бычак менен өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Түштөн кийин иним сууга түшүп келейин деп уруксат сурап кеткен. Ошол бойдон болжол менен саат 16:00 чамасында үйгө келди. Экөөбүз мурун бири-бирибизди скотч менен ороп ойночубуз, бир жолу ал мени скотч менен байлаган болчу. Мен инимди үйдүн чоң бөлмөсүндө кызыл түстөгү отургучка скотч менен колу бутун байладым. Ошондо иним менин намысыма тийген сөздөрдү айтып жиниме тийди. Атам мал сойгондо колдонгон бычакты алып, инимди бычактап салдым. Бирок кантип, канча жолу бычак сайып салганым эсимде жок, себеби өзүмдү билбей калдым. Эч ким билбесин деп бычакты жана булганган кийимдеримди дааратканага ыргытып жибердим. Анан кошуна Айнура деген эжеге барып инимдин өлүп жатканын айттым, бирок ага мен кылганымды айткан жокмун.
Сурактан кийин кылмышка шектүү К.А. балдарды коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнө тил каттын негизинде өткөрүлүп берилди. Учурда соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бул каргашалуу окуя коомдо талкуу жаратып, ар түрдүү жоромолдор айтылып жатат. Бир тарап кыздын көрсөтмөсүнө ишенсе, экинчи тарап окуя чынында башкача болушу мүмкүн, анткени 14 жаштагы өспүрүм кыздын мындай мыкаачылыкка барып, бир тууган инисин өлтүрүшү мүмкүн эмес деген пикирлерди айтышууда. Калганын териштирүүнүн кийинки этаптары көрсөтөт.
Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg