Ырчы Мухтар Атаналиев ырчылык өнөрүн жыйыштыргандан кийин ар тармактан өзүн сынап келет. Мурун тасма тартуу менен алек болсо, учурда этнолагерь ачып 8-14 жаштардагы жеткинчектерди кыргыз дүйнөсүндө тарбиялоодо:
– Балдар менен аралашып жүргөн учурум. Өзгөчөлүгүбүз – балдар кыргыздын боз үйүндө уктайт, тоо-ташка чыгып табият менен таанышат, жаа атканды, мүнүшкөрлүктү, таяк талашмай оюндарын үйрөнөт. Манас сабагы да бар. Менин оюмча, шаарда өскөн балдар таптакыр кыргыздын түпкү касиеттерин билбей, бетон үйлөрдө эле назик болуп өсүп жатышат. Биздин лагерде болсо өз колдору менен ышкын терип, тообузда эмне өсүмдүктөр өсөт билип, кармалап көрүп, үйрөнүшөт. Муну мен кийинки муунга аз да болсо кам көрсөм деген ой менен баштадым. Лагерде кыздар да бар, аларга кол өнөрчүлүк боюнча сабак өтүлөт. Кыздар деле балдардай жаа атканга, куш таптаганга кызыгышат экен.