Аккан арыктан суу агат” дегендей, маркум Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов шоумен катары таанылып келген. Бул жолу ал билек түрө ырчылыкка аттанганы турат. Жакында ырчы Алтынай Нарбаева менен дуэт жаздырды.
– Алтынай Нарбаева эжеке менен “Жүрөктө сүйүү боздойт” деген дуэтибизге күбө болосуздар. Ырда өзүнөн улуу адамды сүйүп калуу баяндалат. Азыр эле эмес, бардык учурда мындай окуялар болуп келген эмеспи. Ыр жагып калып, Алтынай эже экөөбүз ырдоону чечтик. Менин негизги кесибим – ырчылык. Улуттук консерваториянын эстрада бөлүмүндө окуп, бирок бүтүрө албай калгам. Буюрса, жакын арада мени шоумен, тамада катары эле эмес, ырчы, куудул катары да көрүп каласыздар,- дейт Манас мырза.