ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башталышы өткөн сандарда)

Айдардын жашоосунда тез эле жаңы тилке башталды. Чоңдор балдар эч нерсени билбейт дешет. Астында эң сезимтал, эң көрөгөч наристелер болот. Күпүңдөшүп үйлөрдү жыйнап, көшөгө тартып жаткан коңшулардын сүйлөшүүсү Айдардын кулагына шак этти.

– Байкуш келин, бир жылдан бери таяк жеп эле, “кет” дегенден башканы уккан жок эле. Бир айга жетпей ордун баскан аял келди.

– Ий, жеңе, айтпаңыз. Мен дагы күйөөмдү катуу кармайын деп чечтим. Булар келесоодой болуп кете берет тура, жибин үзгөн букадай болуп...

– Алып келбесе атасынын төрүндө төрөп коймок, элдин баары мунун баласы экенин билет да, ботом. Бир айыл эл болсок...

– Эмне дейбиз, байкуш Асия жаркылдаган жакшы келин эмес беле, анын бактысы деле бир күнү ачылат. Эрнис бармагын тиштейт го.

Аялдардын сөздөрү бүтчүбү, Айдардын ата-энесинин эле эмес, айылдагы бардык кыйшык баскан эркектердин окуяларын саймедиреп сүйлөп жатышты. Баланын жүрөгү кысылып кетти. Чоң энесине апасын сагынып ыйлабайм деп сөз бергени менен, көкүрөгүн ачыштырган Асия деген ат болчу. Апасынын жылуу алакандары... Чачтарын уйпалап эркелеткени... Жылуу коюнунда улам бооруна кыса кымтып жатканы... Көздөрүнө жаш айлана түштү да, колундагы машинеси менен ары-бери кылдыратып алаксыганга аракет кылды. Кантсе да көз кыйыгы көшөгөдө. Акыл-эси көшөгөгө кире турган немеде.

– Келе жатат!

– Ай, жеңе, бол жоолугуңду камда!- деп калышкан аялдардын үнүн угуп ошол бурчка тыгылып калды. Мына, бир жылдан бери атын угуп, өзүн көрбөгөн ата-апасынын каргашасы! Жүрөгү дүкүлдөп кетти. Ичи чоң болуп эки жагынан бирөөлөр сүйөп келе жаткан аялды көздөрү бакырая тиктеп турду. Айдарды эч ким көргөн жок.

– Майлуу-сүттүү бол,- деп жоолук салган бир жеңелерин, суз гана бетинен өпкөн чоң энесин көрдү. Тиги аялдын жүзүн көрө албады. Чурулдаган аялдар чыгып кетти. Бир бөлмөдө душманы менен Айдар калды. Бир топко отуруп чымырканды да, көшөгөнүн этегин көтөрүп кирип барды. Тиги келин чочуп кетти.

– Сен эмне... Сен эмнеге келдиң?

– Айдар, келчи мага?- деп тиги күлүмсүрөмүш этип колун созду.

– Сенин мага керегиң жок, мага апам керек! Мен сага минтип түкүрүп салам!- деди бала көздөрүн албай. Анан чын эле түкүрүп жиберди.

Келиндин айласы кетти. Алдап-соолап көрөйүн деп ойлоду эле, таптакыр болбоду. Анык ызы-чуу кечинде эл кеткенде башталды. Айдар кечинде тиги аял менен атасына төшөк салынып жатканда катуу чыр баштады.

– Ал апамдын төшөгү, бербейм!- деп чырылдайт. Кенедей баланын бул жоругун көрүп төшөк салып жаткан келиндер селейди. Көздөрү жашылданган бала жүктү буздурбайт.

– Апамдыкы!

– Айдар, сен чоң жигит болбодуңбу? Сен чоң энең менен уктайсың да мындан кийин. Бул жакта атаң менен...

– Апамдыкын бербейм!

Бул көрүнүшкө атасы чыдабай кетти. Шак көтөрдү да сыртка алып чыкты.

– Сен эмне тентектенип жатасың, ия?

– Апамдыкы болчу...

– Мындан ары Айгүл биздин үйдө жашайт. Мындай кылыктарыңды таштагын, болбосо...

“Болбосо” ушу сөздүн аягындагы коркунучту сезе калды Айдар. Атасына бакырая тигилди. Баланын көзүндөгү коркунуч аралашкан суроого атасы чыдабай кетти. Караңгыда сороюп турган баланы кучактай калып ыйлап жиберди. Үнүн чыгарбай мууна-мууна ыйлап жатты атасы. Айдар биринчи жолу атасынын ыйлай турганын көрдү. Ал дайым башкаларды ыйлатчу, анын айынан чоң энесинин көздөрү жашылданып, апасы ыйлап жатканын көрчү. Бирок эч бир убакта өзү ыйлаганын көргөн эмес. Болгон жүрөгүндөгү кайгысын, жүгүн кичине баланын ийинине төгүп жаткандай ыйлады атасы. Үстүндөгү футболка суу болуп чыкканча ыйлады.

– Ата, эркек жигиттер ыйлабайт да?- деди акырын гана.

Атасы көзүнүн жашын сүртө улутунуп алды.

– Ошондойбу? Ким айтты сага?

– Чоң энем.

– Чоң энең туура айтат. Жигит эч качан ыйлабайт. Сен дагы ыйлаба.

Айдар атасын биринчи жолу ушундай абалда көрдү. Бул акыркысы дагы болчу. Атасы балага эле эмес, эч бир жанга ачылбагандай, өзүнчө бир белгисиз дүйнөгө түшүп кеткендей абалда жүргөн эле.

ххх

Ошентип Айдардын жашоосунда дагы бир адам пайда болду. Көп учурда чоң энесиникинде жашаганы менен, көзүнүн кыры менен атасы жана апасы жашаган үйдү карай берчү. Эмнегедир үйгө кирип барса күлүмсүрөгөн атасы менен кучагын жайган апасы чыга калчудай сезилчү. Чоң энеси аны көзүнүн карегиндей караса да, жүрөгүндө бир белгисиз кусалык турганы турган эле. Бир күнү атасынын үйүнө чайга чакырышты. Жаңы келин тамак жасап чакырган экен. Үйүнөн баягы көшөгөдөгү келин чыкты, дасторкон башкача жасалыптыр, үй жасалгасы да башкача болуп калган экен.

– Кудай жалгасын,- деп суз алкаган чоң энеси төргө өттү. Аны бучкактай ээрчиген бала да жогору өттү. Чөп чаап бүтүп, сырттан кирген атасы апасы менен учурашып Айдарды кулакка чертип койду.

– Чөбүң быйылкыга жетчүдөйбү?

– Жетет, апа.

– Кышта баасы көтөрүлүп кетет, болушунча жыйнап үйүп алгыла. Малдан артса сатып жибересиңер, баланын кем-карчына да керек болот,- деди чоң энеси келиндин курсагын карап туруп.

– Ошентели.

Күңк эткен атасынын кабагы жыйрыла түштү.

– Балага да ороо-чулгоо алыш керек эле,- деп калды жаңы келген келин акырын.

– Айдардын кийимдери бар болсо керек эле. Ошолордон эле алып ороп чык,- деди атасы.

Келиндин көздөрү тостоё түштү.

Бир нерсе деп сөз кайрыды эле, араң турган атасынын колдору ойноп кетти. Келиндин отурган отургучун тээп жиберди эле, тиги учуп кетти. Кыйкырык-өкүрүк, ызы-чуу башталды. Айдар эки кулагын жаба бурчка тыгылды. Чоң энеси арачы болом деп жатып белин оорутуп алды.

– Катыгүн ай, кандай акмак болдуң, эми төрөйм деп жаткан аялды уруп жинди болдуңбу?

Атасы эч кимди, эч нерсени уккан жок. Тек болгон ызасын чыгарып жаткандай аялын кийиздей сабай берди. Коңшулар келип араң ажыратканда, “Тез жардам” менен келинди ооруканага алып кетип жатканда гана эмне кылганын сезди. Чар-жайыт чачылган, идиш-аяктын баары сынган үйдө атасы гана калды. Бурчта турган Айдарды баары унутуп калышкан эле. Келин менен кошо чоң энеси да ооруканага кеткен.

– Урдум баарыңарды, кеткилечи, тийишпегилечи мага!- деп сүйлөнүп алган атасы төркү үйгө барып күп жыгылды.

ххх

Аялдын өмүрүн араң сактап калышты. Бала маалына жетпей төрөлгөнү менен, жакшы эле дешти. Кыз төрөлдү. Айдардыкындай көздөрү тептегерек болгон сүйкүмдүү кыздын атын чоң апасы Арууке деп койду. Жашоосу аруу болсун, эч мүдүрүлбөсүн, бактылуу балалыкта жашасын деп тилек кылды чоң эне. Өмүргө жан талаша умтулган наристени алгач колуна алган да чоң эне болду. Анткени келин оор абалда эле. Жаштыгынын жаңылыштыгы менен очок курган келин өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан.
 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Avrora2017
2019-07-16 01:49:18
Эркек эмес эле ХХХХ
0
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан