Гүлзат Мамытбек, ырчы: “МЕН ЭРКЕКТЕРДИ СЫЙЛАГАН АКЫЛДУУ АЯЛМЫН”

Элди ашып-ташкан энергиясы менен таң калтырган бул айымды көбү “башка планетадан келген” адамдай кабыл алат. Бирок эл кандай кабыл алса да Гүлзат Мамытбек максаттарына карыштап, кадамдап жетүүдө. Ал жакында жеке концерт берип, ал ортодо мурунку күйөөсү менен соттошконун, сүйүктүүсү Хуан экөөнүн мамилеси тууралуу да агынан жарыла айтып берди.

– Гүлзат, кандайсың, жакында эле концерт бердиң, кандай өттү?

– Концерт дүңгүрөп жакшы өттү. Бир максатты көздөгөндө эч бир “болбой калсачы”, “эл келбей койсочу” деген шектенүүлөрсүз башташ керек экен. Мен “Тимати деле элди жыйнабадыбы, менин эмнем кем, бул менин жерим да, буюрса, жакшы өтөт” деп ойлондум. Эми бир аз тынчсыздануу болду, башкалардай вокал боюнча жакшы иштей элекмин, репертуарымда ырлар аз. “Ай, сен жеке концерт бергени жатасыңбы? Эл келеби анан?” деп жатышты айрымдар. Кандай болсо да концерт ойдогудай өттү.

– Ырчы болуу максатыңбы же бул адамдын өзүн-өзү ар тараптан изденүүсүбү?

– Ырчы болуу үчүн жаралган адаммын. Бирок коом, ата-энем мени кутуга салып коюшкан. “Ырчы болбойсуң, алардын жүрүм-туруму жаман, ырчылык да кесиппи?” дешчү. Кичине кезимден эле “Майкл Жексондой дүйнөлүк ырчы болом” деген ниетим бар болчу. Азыр кутудан чыгып кеттим. Кайрат Примбердиевге, дагы көп мыкты ырчыларга сабак берген Ержан Мусинден вокал боюнча сабак алып жатам. Мен ал кишинин үнүн укканда эле менин агайым болорун сезгем.

– Мурунку жолдошуң менен балдарыңды талашып чырдашып жүрдүң, балдарыңды алдыңбы?

– Сот процесси жүрүп жатат. Толугу менен балдарымды ала элекмин, бирок алам. Негизи элдин баары эле тиги киши кандай адам экенин билип калышты. Эки-үч жолу кол көтөрдү, бирок ал чыр-чатакты элге чыгарган жокмун. Анткени балдарыма терс таасир берет экен. Акырындап өз ишимди кылып келе жатам.

– Балдар кимде? Аларга залал бердиби бул окуя?

– Ыр-чырдын арасында жүрүп балдарымдын психикасы бузулду. Уулум Алимбек коркуп калган, акырындап стресстен чыгарып келе жатам. Учурда кичине кызым менен уулум менде. Уулум менден такыр ажырагысы келбей жатат. Мектепке даярдоо курсуна жаздырайын десем да болбой жанымдан чыкпайт. Азыр да кеңседе отурат. Менин жанымда жүргөндө пайдасы көп экен, сүйлөгөндү, бийлегенди, өз оюн толук айтканды, ырдаганды үйрөнүп жатканын байкадым. Түз эфирлерге чыгып сүйлөп жатканын көрүп көптөр таң калды. Мени менен жүрүп өсөт, аны билем.

– “Мени кутуга тыгып коюшкан” деп айтпадыңбы, көп аялдар таяк жеп, укугун билбей, ошол чынжырды үзүп салып басып кете албай жүрүшөт. Сага жаңы жашоо баштоого мүнөзүң жардам бердиби же билимиңби?

– Экөө тең. Эсимде, кичине кезимде бир жолу телевизордон чоң стадиондо элдин ортосунда эки-үч адам шампан ичип жатканын көрсөтүп калды. Атам “он миң адамды каратып коюп ортодо шампан ичип жатышканын” деп жини келди. Мен карап туруп “ата, мен ошол элди караткан үч кишинин бири болом” дегем. Көзү алайып эле карап калган. Менде бир ажайып энергия бар болчу. Мен көпкө өзүмдү түшүнө албай жүрдүм, эл мени жиндирээк деп айтышчу, кээде мен өзүм да ошондой окшоймун деп ойлоп кетчүмүн. Жалгыз мүнөзүм менен чынжырды үзүп кете албасымды билип тытынып билим ала баштадым. Баягы мени тыгып коюшкан кутунун ичин тырмалап чыга баштадым. Жолдошум да көз карашы чектелүү адам болуп чыкты. “Эшек, келесоо” деген сөздөн башканы укпай калдым. Дагы жарым жыл ошол абалда жашасам жок болуп кетмекмин. Чөнтөгүмдө 10 сом жок эч кайда чыга албай калган күндөр болду. Көп учурда “балаң үчүн жаша, алар үчүн эмне болсо да чыда” деп эл какшай беришет. Чынында, кээде балаң үчүн эмес, өзүң үчүн да жашагың келбей калат экен. Балага энесинин оор абалы бакыт болмок беле? Даяр турган чайды куюп иче албаган эркекке мен эмнеге күң болушум керек? “Мен балдар менен алек болуп жатам, мына тамак даяр, чай куюп ичип турчу” десем “жок, мага сен куюп беришиң керек” деген эркек менен жашадым. Анткени ата-энемдин мага берген тарбиясы ошол эле. Ошондо өзүмө-өзүм сөз бердим. “Мага ата-энем эмес, бүтүн дүйнө каршы болсо да мындай жашоону каалабайм” дедим. 7 айлык баламды колума алып чекеме тапанча такаса да болбой чыгып кеттим. Улуулары кайын эжемдикинде болчу. Үйдөн узап баратканда “мен бутума турам, балдарымды алууга бир күнү келем” дегем. Мен белгисиз эле жакка кетип бара жаттым. Ата-энем кабыл албайт болчу. Мени түшүнгөн эки-үч эле адам бар эле. Тааныш эженикинде жашап калдым. Мотивация бере турган китептерди, аудио, видеолорду угуп, көрө баштадым. Иштей баштадым. Колумдан келет деген ишеним пайда болду.

– Билим деп калбадыңбы, өзүңдү өзүң өстүрүү кандай болду?

– Улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүргөм. Бирок КМШ өлкөлөрүндө ЖОЖдор билим бербейт. Ал жактан билим алдым деп айта албайм. Мен ар тараптан китеп окуп, тил үйрөнүп баштадым. Айылдан шаарга келгенде эле англис тилин үйрөнүшүм керек экенин түшүндүм. Бирок ал учурда сабак берүүнүн татаал системин тандап алышыптыр. Бөйрөктөн шыйрак эле чыгара беришиптир. Үйрөнүп алгандан кийин оңой ыкмасын иштеп чыгып, сабак бере баштадым. Көрсө, дүйнөдөгү эң оңой тил тура. Алмазбек Атамбаев өнөр жай, соода жана туризм министри болуп турган учурунда анын катчысы болчумун. Ал кишиге англис тилин оңой ыкма менен үйрөтсөм, тез эле сүйлөп калды. “Сенин ыкмаң оңой турбайбы, сен элди окутушуң керек” деп мага дем берип салды. Ошентип тил үйрөтүү мектептерди ачып окута баштадым. Алты тил билем. Негизи эле көп улуттарды окуттум, бирок кыргыздардай чет тилди тез өздөштүргөндөр аз.

– Чоң турмушка келгенде балалык көп роль ойнойт дешет, балалыгыңды бактылуу болгон деп айта аласыңбы?

– Ооба, бактылуу балалык болду. Мени мокотуп салбай өстүрүштү. Атам сүрдүү киши, ал келе жатканда зыпылдап калчубуз. Апам турган турушу менен майрам. Ал келгенде каткырык, күлкү, шаң болот. Мен апамды тарткам. Ата-энемдин катачылыктары бар, албетте, эне катары менин да катачылыктарым бар. Бир туугандарым да күчтүү адамдар, азыр түшүнбөстүктүн айынан алыстап жатабыз. Бирок баары жакшы болот.

– Ар дайым эле каткырган, кыйкырган Гүлзат өзү менен өзү калган учурда кандай?

– Ар бир адамдын ааламы өзүнөн башталат. Мен да адаммын, капа болгон учурум болот, бирок аны эч кимге көргөзбөйм. Аялдар дартын энесине, эжесине, курбусуна айтышат го. Мен анте албайм. Андан көрө тоого чыгып бакырып кыйкырып, ыйласам ыйлап, өзүмдүн багытымды түздөп алып кайтам да, дем бере турган Гүлзатка айланам.

– Америкалык Хуан менен никелештиң эле, эмнеге ал мекенине жалгыз кетти?

– Балдар боюнча сот башталганда иш чатакка айланып кетет деп ойлодум. Алдап-соолап аны мекенине жөнөттүм. Ишти жакшылап билсе ал мурунку жолдошумду барып эле сабап салмак. Өзү да дөөдөй болгон неме. Андай ызы-чуунун кереги жок. Ал туура түшүнүп, өзүнүн ишин улантууга кетти. Ал Лондондо режиссура боюнча билим алып жатканда мен бул жактагы иштеримди бүтүрөйүн дедим. Расмий никеге турганча бири-бирибизди карап да жатабыз, бап келебизби-келбейбизби дегендей. Азыр байкоо процесси жүрүп жатат. Балдарым да аны жакшы көрөт.

– Эң татаал мамиле аял-эркектин ортосундагы мамиле дешет, кошуласыңбы?

– Ушул планетада бүт нерсе аялдын колунда экен. Аял бактысыз болуп үңүрөйүп отурса бүт үй-бүлө бактысыз болот. Ошон үчүн эркек аялды бактылуу кылыш керек. Тарыхты деле карап көрсөк, Манас атабыз Каныкей апабызга алайып караган эмес экен. Мухамед пайгамбарыбыз аялдарын чыбык менен да кезеген эмес. Аял да сыйга татыктуу болушу керек. Быдылдап сүйлөй бербей, жаркылдап тосуп алып, дем берип турушубуз керек. “Бүгүн эмнеге 1000 сом эле алып келдиң?” деп кыйкырбай, балдарга “көрдүңөрбү, атаңар бүгүн 1000 сом алып келди, эртең 2000 сом алып келет” деп сылап-сыйпап коюш керек. Мен эркектерди сыйлаган акылдуу аялмын, феминисттик көз карашым жок. Эркектерди эмоция менен эмес, акыл менен башкарыш керек.

– Ыкмаларың жакшы экен, муну мурунку жолдошуңа колдондуң беле?

– Мурунку күйөөмдөй адамдар коомдо эки жарым пайыз гана. Ага дем бергенче бүт кыргызга дем берген оңой. Андай адамдарга сөзүң деле өтпөйт. Ошентсе да аны мен өстүрдүм. Жыртык кийим эле кийип жүрчү, азыр тепкени кымбат баалуу унаа, 3 кабаттуу үйдө жашайт. Жакшы өстүрдүм. Ал мени чөктүрүп баштаганда кеттим да.

– Айтсаң, чыныгы сүйүү сезимиңди Хуанга арнадыңбы?

– Сүйүүнү биз жакшы түшүнбөйт турбайбызбы. Чоп-чоп өбүшүп койсо эле сүйүү болбойт, ага жан дилиң менен берилиш керек. Хуан экөөбүздүн ортобузда сүйүү болгон жок, бирок өстүрсөк болор. Үй-бүлө команда. Бирин-бири моралдык, финансылык жактан өстүрүш керек экен. Бизде эркектер өсүп кетсе “энеңдурайын, үйдө отур” дей баштайт. Аялдарыбыз өсүп кетсе “ий, өлүгүңдү көрөйүн, колунан эч нерсе келбейт” дешет. Чогуу өсүш керек. Ошондо ийгиликтер багынат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлзат Мамытбек: "Жолдошум Хуан экөөбүздүн ортобузда сүйүү болгон жок"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
admin_portal
2019-07-15 10:09:46
Bars88, коомдук адепти сактаңыз. Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-2
mela
2019-07-15 12:36:29
Азамат.Кучтуу кыз. Мен мурун аябай суктанчумун,гезиттерде суроту менен реклама чыкчу,ушундай мандайы жарык кыз деп суктанчумун.Публикага кыйкырып,кызфктай боло берет экен,откондо кочодон коруп калдым, акырын суйлогон,акылдуу,грамотная кыз экен.
+7
dobrajelatel
2019-07-15 13:18:07
mela,+++
0
katerina.li
2019-07-15 13:30:58
mela,кыйкырып суйлойбу ошондо же акырын суйлойбу??
0
mela
2019-07-15 14:10:01
katerina.li, интернетте кыйкыра берет го...жетишпейт деп ойлочумун.Кочодо акырын суйлогон,жалжактабаган Эле кыз экен
+6
Akylai_aktan
2019-07-15 12:47:29
Ар ким өзүнүн жашоосу үчүн күрөшүш керек.Азаматсыз Гүлзат эже,сиздин билимдүүлүгүңүздү сыйлайм.Үй бүлөлүк бакыт каалайм.
+9
admin_portal
2019-07-15 14:32:57
KaGaH, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Klaridze
2019-07-15 15:54:48
Куйоосунон кордук коргон аялдарга дем берген эже ден соолукта болунуз
+7
Jasa
2019-07-15 18:33:28
Тил билгенине аябай суктандым чынында билимдуу
+5
Nestana95
2019-07-15 18:51:27
Жакшы бериптир ,мен телевизордон кичинемде коргондо кыялданчу элем ушуга барып английский окуйм деп
0
aiko8908
2019-07-16 02:55:47
Nestana95,ооба мен да аябай суктанчумун мурун азыр эмнегедир башкача болуп кетти.
0
u02u02
2019-07-16 10:49:16
АШАга балп эткендида сен уйроткон окшойсун эээээ)))
+7
Karakash
2019-07-16 13:47:20
Татынакай сулуу кыз, билимдуу дуйнону таанып билген. Азаматсыз! Америкада окуп билим алып келгендер башка болот. Сиздей болгум келет.
0
barakcha
2019-07-16 14:21:23
Бактылуу бол Гульзат!Сен коргон кыйынчылыктар артта калсын.Алдында жаркырап жайнаган жашоо болсун!
+1
AykaMer
2019-07-16 18:18:40
Мен жалкоолугумду таштап,Гулзат эжедей көп тил үйрөнгүм келет.Бирок зеригем жалкоомун,өтө жалкоо...:)
0
pero5184
2019-07-21 00:43:33
Тил билсең,дил билесиң
-1
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан