Өрттү, селди элибиз бекеринен «тилсиз жоо» деп атабаса керек. Айттырбай, күттүрбөй башталган өрт калайыкты чогулткан мүлкүнөн гана эмес, энеден баланы, жолдошунан ажардуу жарды көз ирмемде түбөлүккө ажыратып коё алат. Статистика боюнча алып карасак, жыл башынан бери Бишкек шаарында эле 206 өрт кырсыгы катталып, 9 адам каза таап, 18 адам оор жаракат алган. Тилсиз жоодон адамдарды өрт өчүрүү кызматындагылар сакташат. Тилсиз жоо менен алышкан бул кызматтын бүгүнкү күндөгү ал-акыбалынын кандайлыгын жана да мындай кырсыктардан сактануунун, өрт чыгып кеткен чактарда кандай чараларды көрүү керектигин тактап билмекке шаарыбыздын өрт өчүрүү кызматын көздөй жол алдык.
АКЫРКЫ КҮНДӨРҮ ӨРТ КЫРСЫГЫ КӨБӨЙДҮ
Максатыбызды угушкан соң ал жерден биздин Бишкек шаардык өрт өчүрүү жана ага даярдык бөлүмүнүн башчысы Ахмаджан Амиршаевге жөнөтүштү. Бул бөлүмдүн жигиттери ошол 6-апрель күнү таңга маал чыккан өрт менен бир сааттан ашык алышып жатып өчүрүшүп, эми эле чарчап-чаалыга келип орун алышкан экен.– Бүгүн 6-апрель күнү таңга маал борбор шаарыбыздын Москва көчөсүндөгү «Береке» соода борборунан өрт чыгып, ошол жактан келдим. Бул соода борбору көп кабаттуу үйдүн 1- кабатында жайгашкан эмеспи. Көлөмү 300 квадрат метрден ашуун аянтка жетип, тамакты, көздү ачыштыра каптаган истен улам чуу түшкөн ал үйдүн жашоочулары тышка тепкич аркылуу качып чыгууга жетишпей терезеге бой урушуп, айтор, күтүлбөгөн алаамат болду,- дейт Амиршаев. – Ошол замат шаардык 4-травмотологиялык ооруканага иске ууланган, терезеден ыргып кетем деп колу-бутун сындырган 9 адамды «тез жардам» алып кетти. Өрт эмнеден чыккан жана канча чыгымга туш болгондорун соода борборунун ээси биздин эксперттик комиссия менен биргеликте эсептеп жатышат.
– Негедир акыркы күндөрү өрт кырсыгы көп. Жыл башынан бери өрт Бишкектин 2 мектебин, «Мегакомфорт» соода борборун, Мичурин көчөсүндөгү барак түрүндө салынган үйлөрдү каптап, далай мекендештерибизге күйгүлтүк алып келди. Ал эми №35-мектептин совет мезгилинде жыгачтан салынган дубалдары менен кошо 71 жаштагы кароолчусу күйүп кетти. Өткөн жылдарга саресеп салсак, өрттөнгөн «Дастан» АКсы, Каржы миниситрлиги, «Жунхай» базары, турбаза...
«АБАЛЫБЫЗ СУКТАНАРЛЫК ЭМЕС»
– Адамдардын жөнөкөй гана этияттыкты сактабай кетирген катачылыктарынан улам өрт чыгып, далай адам жабыркап, өрт өчүрүүчү кызматкерлер оңбогондой убара тартышат. Демейде биз жөнүндө “дайыма эле боло жүргөндөй өрт өчүрүүчүлөр өрттөн кийин келишти, суусу жок келишти” деп айтып жазгандары менен ушул тапта өрт өчүрүү кызматынын абалы кандай экендигине көп токтоло беришпейт. Бүгүнкү күндөгү абалыбыз мактанарлык эмес.
– Биздин эң эле оорулуу жерибиз – техниканы жаңылоо. Арыздана бергенден натыйжа чыкпаган соң эчак иштен чыккан техниканы оңдоп-түзөп, иштеп жаткан чагыбыз,- дейт кебин уланткан Амиршаев. – Эреже боюнча биздин кызматта машиналарды 10 жылда бир алмаштырып туруу зарыл. А биз акыркы ирет жаңы машинаны 1991-жылы алганбыз. Анда да төртөө гана берилген. Өрт деген биздин абалга карап отурмакпы, бирде бул, бирде тигил жактан чыга берет. Айла жок, шагырап тарпы чыккан техниканын болбосуна койбой оңдоп, иштетип жатабыз. Былтыр мэрия бир гранттын негизинде бийик шатылуу машина алып бермекчи болгон. Дале колубузга тие элек. Биздин машинабыздын шатысы болгону 9 кабатка гана жетет. Баш калаабызда болсо 9 эмес, 18 кабаттуу да үйлөр бар. Ичибизден кудайлап гана отурабыз.
– Биздин кызматкерлер – өз иштерине фанаттык түрдө берилген балдар. Алган 2 миң-3 миң сом акысы үчүн ким көрүнгөн эле жалындап күйгөн отко көкүрөк тосуп бара бербейт. Опурталдуу кесиптердин катарына киргизилгени эле болбосо, айлык акы өтө аз өлчөмдө.
“Суусуз келишти” деген да бекер кеп, эгер коркунучтуу деңгээлге жетип калган көп кабаттуу имараттагы өрт болсо, бир машинадагы 2,5 тонна суу 2-3 минутага гана жетет. Ошондой абалды көргөндөр «суусуз келишиптир» деп ойлошот окшойт. Колубузда бүткүл шаар ичиндеги суу гидранттардын (люктар) жайгашуу картасы бар. Машиналардагы суу түгөнгөндө ошол гидранттардан суу толтуруп, кайра ишке киришебиз. Жаңыдан барганда эле өрттүн түрүнө карап, шаабыз жетпесин билсек, кошумча жардам чакырабыз.
БИРГЕЛИКТЕ ИШТЕЙБИЗ
Шашылыш чакырык келип түшөөрү менен «тез жардамга», «161» сактап калуу кызматына, ошол аймактын газ чарбачылыгына, «РЭСке» биздин диспетчерлер кабар беришип, көпчүлүк учурда алар биз менен кошо жетип келишет. Негизинен, жаңыдан жумушка алынган жигиттер стажировкада жүрүшкөн кезинде аларга өрт өчүрүүнүн айла-амалдарына кошо жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам берүү, керек болсо ийне саюуга дейре үйрөтүлөт. Ал эми бизге кошо жетип келишкен «электриктер» дароо кырсык чыккан аймактын линиясындагы зымдарды кесип, газ чарбачылыгы газды өчүрүп, биздин иштешибизге шарт түзүп беришет.
Көпчүлүк учурларда өрттөн да анын быкшыган түтүнү коркунучтуу. Коюу түтүн биздин балдардын иштешине абдан тоскоол болот. Түтүн сордуруп, жарык берүүчү техникабыз (машина) да саналуу гана. Ошого карабай күн сайын шаар боюнча 15-16 машина, 80ден ашуун өрт өчүргүч кызматкерлер толук даярдыкта турушат.
Тактап билмекке кароол турган жайга кирип, чакырык түшкөн убактан тартып «жоокерлер» канча мүнөттө даяр болушаарын текшердик. 40 секунддун ичинде балдар да, машина да толугу менен даяр болду.
– Ишибизди жолдордогу тирелишкен унаалар ого бетер татаалдаштырат,- дейт өзүн Улан деп тааныштырган айдоочу. – Совет мезгилинде «сирена» менен келе жаткан өрт өчүрүүчү машинага эки жакка чачырай жол ачып беришээр эле. Азыр айдоочулар тоготпогондой, маалкатып жатып араң жол беришет.
ӨРТТҮН ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ
– Өрт кырсыгынын чыгуу себептери кадимки эле турмушта кездешүүчү жөнөкөй шалаакылыктар,- дейт бизди өзүлөрүнүн техникалары, кийимдери сакталып туруучу жай менен тааныштырып жүргөн Октябрь райондук өрт өчүрүү кызмат башчысынын орун басары Нурлан Молдобеков. – Жаш балдарды карабай таштап кетишсе, алар электр приборлору, ширеңке менен ойношуп, алаамат өрттүн чыгышына себепчи болушат. Же болбосо адам мас болуп төшөктө жатып алып, тамеки тарткан боюнча уктап калган чактарда өрт кырсыгы көп чыгат. Күйүүчү заттарды мешке, газга, плитага жакын жерге коюп же кийимдерди аларга жакын илип койгондо,ошондой эле розеткаларды терезе-эшик пардаларга жакын жайгаштырып салганда замыканиелерден улам алар жалындап күйүп, чоң өрт чыгып кетүү коркунучу жогору. 1,5 киловольтко ылайыкташтырылган электр өткөргүчтөрүн эске албай, бир эле розеткага (тройниктерге) бир нече электр приборлорун сайып коюшат. Ылайыкташтырылган өлчөмүнөн 2-3 эсе чоң чыңалууга туш болгон ал розеткадан өрт чыкпайт деп ким кепил болот?Мына, жыл башында Мичурин көчөсүндөгү барак тибинде салынган үй өрттөнүп, 6 үйбүлө тапкан-ташыганынан бүт айрылып, «жылаңач» отуруп калышты. 4 бригада бир сааттан ашуун иштеп жатып араң өчүрүштү. Өрттүн чыгышы жөнүндө көп божомолдор айтылганы менен себеби бүгүнкүгө чейин белгисиз.
ӨРТ ЧЫККАНДА ӨЗҮҢДҮ ЖОГОТПО
Кырсыкты кайдан деп болбойт. Өрт өчүрүүчүлөр гезит аркылуу замандаштарыбызга кайрылышып, төмөнкү эрежелерди унутпай, балдарга кеңири түшүндүрүп коюу зарылчылыгын баса белгилешти.
ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ КОЛУБУЗДА ЭМНЕЛЕР БАР?
Шашылыш учурларда кандай айла-амалдарды колдонуу керектиги жөнүндө да өрт өчүрүүчүлөр кеп-кеңештерин аяшкан жок.
АЙБЕК НУРАДИЛОВ