Айымжан Айылчиева, ырчы: «ӨЗҮМДҮН СТИЛИМДИ ТААП, САХНАГА ЖАҢЫ АЙЫМА БОЛУП ЧЫГАМ»

Ырчы Айыма Айылчиева Түштүк Кореяда окуп келди. Ал университеттеги окуусунан тышкары ырчылык өнөрүн өркүндөтүү үчүн корей мугалиминен вокалдан сабак алганын айтат. Учурда өзүн издеп жаткан Айыма мындан ары чыныгы артист болуу үчүн аракет кыларын билдирди. Ал өзү ыр жаздырып, жаңы стиль, жаңы имидж менен эл алдына чыгууну пландап жаткан чагы.

– Айыма, салам! Кандай келип алдың? Окууларың жакшы аяктадыбы?

– Салам. Баары жакшы, рахмат.

– Түштүк Кореяга окууга кантип кетип калдың эле?

– Мен БААУда (АУЦА) окуйм, билесиздер. Ошол жактан студенттерди алмашуу программасы аркылуу Түштүк Кореяга бир семестрге окууга кеткем. Окуумду аяктап, сынактарымды тапшырып коюп, кайрадан мекениме кайттым. Чындыгында, башында бизде өлкө тандоо мүмкүнчүлүгү бар болчу. Мен башынан эле кантип 2 коёнду бир ок менен атсам болот деп ойлонуп жаттым. Барган жеримден вокалдан да сабак алып, деңгээлимди көтөрүшүм керек эле. Буга чейин да Түштүк Кореяга 2 ирет барып, досторду тапкам. Досторум бул жаатта жардам беришет деп ушул өлкөнү тандадым. Түштүк Кореяга баруудагы негизги миссиям – өзүмдү таап, вокалдык база түзүү эле. Пландаганым ишке ашты. Ал жактан "YG", "SM entertainment” агенттиктеринде корей ырчыларына вокалдан сабак берген мугалимден билим алдым.

– Азаматсың! Эми ал билимиңди кантип колдоноюн деп жатасың?

– Ал жактан жаңы энергия менен келдим. Өзүмдүн үстүмдөн иштеп, жаңы нерселерди үйрөндүм. Эми үйрөнгөндөрүмдү колдонуп жаңы, кызыктуу нерсе жасагым келип жатат. Өз стилимди таап, имиджимди да өзгөртүп, эл алдына жаңы Айыма болуп чыккым келет. Буга чейин кавер аткарчумун. Эми өзүм ыр жаздырууну ойлонуп жатам. Азырынча кандай ырчы болгум келерин түшүнгүм келет. Кандай болсо дагы бийик деңгээлдеги ырчы, чыныгы артист болушум керек. Азыр өзүмдү издеп жатам десем болот.

– Жакшы. Сен окуган университет тууралуу айтып берсең?

– Мен Сеулдан алыс эмес жайгашкан жеке менчик Кёнхи университетинде окудум. Ал жактан көбүнчө корей студенттер менен сүйлөшөбүз деп ойлогом. Бирок башка өлкөлөрдөн келген студенттер көп болду. Анын үстүнө баарыбыз бирдей абалда, жаңы барып көп нерсени билбегендигибиз үчүнбү, бири-бирибизди жакшы түшүнүп достошуп кеттик. Университеттеги систем БААУдагыга окшош. Бирок ал жакта талаптар катуу экен. Негизинен сабактар англисче, айрым сабактар корей тилинде өтүлүп жатты. Корей тилин жакшы билбегендигим үчүн мага корей досторум которуп берип жатышты.

– Түштүк Кореядагы медициналык кызмат тууралуу пост жаздың эле. Кенен айтып берчи, биздикинен эмнеси менен айырмаланат экен?

– Анализдерди тапшырып, жалпы текшерилүү үчүн Корей улуттук университетинин ооруканасына бардым. Кызыгы, ар бир окуу жайдын өзүнүн ооруканасы болот экен. Ооруканага кирсем эле, баштан-аяк кийимимди алмаштырышты. Корейче билбегендигим үчүн жанымда котормочу жүрдү. Эң ыңгайлуусу – бир имараттан экинчи имаратка чуркап же кезек күтүп убакыт кетирбейсиң. Бир имараттын ичинен бардык текшерүүлөрдөн өтүп, эң көп эки саатта ооруканадан чыгып кетесиң. Анан ар бир кабинеттин алдында бейтаптардын кезеги жазылган экрандар бар экен. Мен бир кабинеттен чыксам, экинчи кабинеттин экранынан өзүмдүн кезегимди көрүп жаттым. Аны да өздөрү жазып коюшат экен. Шланга жутканда мага уктатуучу, тамагыма оору басуучу дары сайышты. Тургандан кийин атайын тамак беришти. Кызмат көрсөтүү ушундай деңгээлде экен. Биздин өлкөдө да жабдыктар жаңы, кызмат көрсөтүү жогорку деңгээлде болсо деп кыялданып калдым.

– Буюрса, болот. Башка өлкөгө, адамдарга көнүү кыйын болдубу?

– Барганга чейин кыйналам, көнө албайм деп корктум. Англис тилин жакшы билериме анчалык ишенген эмесмин. Бирок баары жакшы болду. Баргандан эки жумадан кийин эле дос күтүп калдым. Университетте ар бир чет жерлик студентти бир корей студенти карап жүрдү. Бул окуу жайдын ушундай жакшы ыкмасы экен. Алар бизге бардык жактан жардам берип, жаңы жерлерди да көрсөтүп жатышты. Корей элинин менталитети жакты. Айрым каадалары биздикине окшошуп кетет. Мисалы, алар да улууларды сыйлашат. Айрым тамактары да биздикине окшош. Кальбитан деген биздин шорпого окшош тамагы бар. Мен Кыргызстанды сагынганда университеттин жанындагы кафеге барып ушул шорпону ичип, өзүмдү мекенимде жүргөндөй сезчүмүн. Негизинен Түштүк Корея жагат. Кыргызстан да келечекте ошончолук өнүксө деп тилейм.

– Корей элинен эмнени үйрөнсөк болот деген ойго келдиң?

– Эмгекчилдикти. Катуу иштешет. Жумушчулар таң аткандан түнкү 10-11ге чейин иште жүрө беришет. Студенттер түндөп китепканада, окуу жайда калып калышат. Жашоо шартында, окууда, бардык жаатта атаандаштык бар. Ошол себептүү да дайыма өсүш бар. Элдин эмгекчилдигинен улам өлкө өнүгүп жатса керек. Бул жакшы нерсе. Бирок баары бир кээде аларга “Тынчтан. Баары жакшы. Өзүңдү ая” деп айткың келет. Биз да ушунчалык иштесек, жакын арада өлкө кайсы бир деңгээлде өнүгүп кетмек окшойт деп ойлоп койдум.

– Кыргыздарды таанышат бекен?

– Жок. Бизди корей, кытай же жапондор деп ойлоп жатышты. Арасынан 1 эле корей кыргыз десек тааныды окшойт. Эми алар бизден улам кыргыздарды, Кыргызстанды билип калышты.

– Мекенди сагындыңбы?

– Сагындым. Үйгө, ата-энеме, досторума келгим келе берди. Тамактарды сагындым.

– Бирок келериң менен эле Түштүк Кореяны сагынып жатканыңды айтып пост жаздың…

– Ал жакты эми дайыма сагынам деп ойлойм. Анткени көптөгөн эсте каларлык күндөрүм ошол жакта калды. Ал өлкөдөн көп досторду жолуктурдум. Мага чоң тажрыйба берген Түштүк Кореяны сагынам. Бирок, албетте, Кыргызстан мен үчүн биринчи орунда турат.

– Маегиңе рахмат. Максаттарыңдын ишке ашышына тилектешпиз.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
katerina.li
2019-07-22 11:46:01
Жакшы жанылык. Азамат. Узун омурлуу болуп,бактылуу жаша
+9
Klaridze
2019-07-24 00:26:50
Жаны стилинди кутобуз,Айдана Декадай кийине корбо
+2
Merelisha
2019-07-24 08:17:09
Азамат, Айыма! Ар бир окуучубуз бир чет жерди коруп ,окуп келсе, баары сендей ой жугуртуп, кичине эмгекти уйронушуп онукмок элек.
+1
pero5184
2019-07-28 13:10:06
Билимдүү жаштар көбөйсө экен
0
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан