ОРУСИЯЛЫК АЯЛ “TESLA” КОМПАНИЯСЫН СОТКО БЕРДИ

Орусиянын Екатеринбург шаарынын тургуну, «Гринвич» соода борборунун ээси Игорь Заводовскийдин Татьяна аттуу жубайы электромобилинин ачкычы бузулуп калгандыгы үчүн “Tesla” компаниясын сотко берди. Ал
20 миллион рубль өндүрүп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, Татьяна Заводовская 2017-жылы Tesla Model X 100D үлгүсүндөгү унаа сатып алган. Бир нече айдан кийин эле унаасынын электрондук ачкычынын экөө тең иштебей калган. Мындан улам ал Орусиядагы “Moscow Tesla Club” компаниясына кайрылганда, сатуучу “унааны өз эсебиңизден Берлиндеги сервис борборуна жөнөтүңүз” деген. Сатуучунун мындай сунушуна жини келген Заводовская унаанын толук акчасын, 13,13 миллион рублди кайрып берүүнү талап кылган. Терс жооп уккан унаа ээси компаниядан унаанын акчасынан сырткары айып пул катары 6,565 миллион рубль өндүрүп берүүсү үчүн сотко арыз жазган. Унааны диагностикадан өткөргөн онлайн-экспертиза “доочу өзү күнөөлүү” деп тапкан. Бирок Татьяна унааны диагностикадан өткөрүүгө катышкан эмес. Мындан улам сот онлайн-экспертизанын жообун эске албай, Татьяна Заводовскаянын доо арызын канааттандырган.

 

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан