Бийчи Атай Өмүрзаков “Тотем шоу” тобу менен биргеликте “World’s got talent” дүйнөлүк таланттар шоусуна катышты. Алардын бийлеген бийи калыстарды таасирлентип, көздөрүнө жаш алдырды. Сынак тууралуу бийчи буларды билдирди:
– Дүйнөлүк сынактын финалында ар кайсы өлкөдөгү сынактардан жеңүүчү болгондор катышышты. Мени Чехиядагы бий сынагынын жеңүүчүсү катары чакырышты. Жалгыз баргым келбей окуучуларымды ала баргам. Апрель айында биринчи турдан 2-орун алып, жарым финалга өткөнбүз. Майда жарым финал болуп, андан биринчиликти алып финалга аттанган элек. 12-июлдагы финалда биринчи орун гана айтылды. Жеңүүчүлөр кытайлык балет бийчилер тобу болду.
5 жыл мурун балдар үйүндө жашаган кыздын апасын аябай күтүп, сагынганда жерге апасынын сүрөтүн тартып, өзү үстүнө жатып алган сүрөтү интернетке тараган эле. Ошол кыздын окуясын бий менен чагылдырып берүү менин кыялым эле. Бирок Кытайга барганда бийге оңдоп-түзөөлөр киргизиле берип, биз ойлогондон башкача болуп калды. Бирок бий калыстарды таасирлентти.