Ырчы Аско 17-июль күнү экинчи жолу ата болду. Ал биринчи ирет балалуу болгондогудан да башкача сезимдер болуп жаткандыгын мындайча айтып берди:
– Кызым төрөлгөндө жан дүйнөмдө бирде боевик, бирде коркунучтуу, бирде комедия тасмалары болгон. Биринчи жолу ата болгондугум үчүнбү, ар кандай абал, башкача сезимдер болгон эле. Азыр болсо сүйүү жөнүндөгү тасмалардагыдай бир калыптагы сонун сезим болуп жатат. Тажрыйбалуу болуп калдым окшойт. Кудайга шүгүр, эне-баланын ден соолугу жакшы.