Кубаныч Курманбеков, актёр, сценарист, режиссёр: “БИЗ ЭЛДИ КИНОТЕАТРДАН КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫН КӨРҮҮГӨ ҮЙРӨТТҮК”

Бул жайда аба ырайы өтө ысып, элдин баары “Күн ысыккы, абдан ысыккы...” деген ырды эстеп жүрүшөт. Так ошол ырдын аткаруучусу Кубаныч Курманбеков менен жайдын аптабында чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу кенен баарлаштык.

– Салам, Кубаныч. Мээ куйкалаган ысыктан кантип калкаланып жатасың?

– Саламатсызбы. Кондиционер бар жерлерди издеп, көлөкөдө эле жүрөбүз.

– Аа, жакшы. Үй-бүлөң, балаң кандай? Жакында дагы наристе күтүп жатат окшойсуңар...

– Үйдөгүлөр жакшы. Силер айткандай, 2-балабызды күтүп жатабыз. Улуусу болсо жакында 3 жашка толот.

– Ата болгон сезимдер кандай экен?

– Балалуу болгон аябай чоң жоопкерчилик экен. Мен муну баламды көргөндөн кийин түшүндүм. “Мына, даана жашоо башталды” дедим. Балалуу болгон соң жумуштарды, жашоодогу максаттардын баарын бир сыйра тактап алдыга умтула баштайт экенсиң.

– Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар?

– Жаңылыктар, пландар көп. Азыр “Жора жана Гуля” деген кино тартып жатабыз. Андан тышкары “Ak Orgo Boys” жана "АИ-92" топтору ырларды жаздырып, клиптерди тартып жатабыз. “Дык-кын-дыш”, “Дум-бари-думба” биз күткөндөй элге жакшы алынды. Бизди туурап бийлешип, видео тартып челлендж жасагандар көп болду. Күзүндө тасмабызды элге тартуулап алган соң дагы ырларды жаздырып, клиптерди тартып, ачык асман алдында концерт коёлу деген ойлорубуз бар.

– Мындан ары силерди ырчы катары да көрүп калабызбы? Ырчылыкка олуттуу түрдө киришесиңерби?

– Биздин команда юмор менен ыр аралашкан жаңы жанрды алып кетели деп чечтик. Кээде олуттуу деле ырларды жаздырабыз. Андан тышкары кызыктуу клиптерди тартып, кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын заманбап кылып ар бир ырыбызга колдонсок деген жакшы тилектерибиз бар. Жок дегенде 1 ырыбызды дүйнөгө чыгарып алсак жакшы болмок.

– Ыр жаздырып, клип тарттырарда ырдын маанисине, клиптин сапатына карайсыңарбы же хайп жараталы деп көздөйсүңөрбү?

– Баарын бирдей карайбыз. Эң биринчи идеяны тандайбыз. Анан баарыбыз иштей баштайбыз. Ырдын сапаты да жогорку деңгээлде болушу керек. Аранжировкачы балдардын мүмкүнчүлүгү канчалык болсо, ошончолук кыйнайбыз. Балдар аранжировканы компьютерден эмес, жандуу аспаптар менен жасаганга аракет кылып жатышат. Биз дагы аралашып музыка кандай жасаларын түшүнүп калдык. Ошон үчүн ырдын маанисине дагы, сапатына дагы көңүл бурабыз. 2 ыр чыгардык, экөөнүн тең сапатына ыраазыбыз. Ал эми эл көрүшү үчүн сөзсүз хайп кылып турабыз.

– “Күн ысыккы” деген ырыңар азыр актуалдуу болуп жатат го?..

– Күн ысыганда эле ошол ырыбызды эл ырдай берет. “Күн ысыккы” ырыбыздын сапаты начар болуп калган. Ал учурда ыр дүйнөсүн жакшы билбей эле жаздырып койгон элек. Эми ошол ырды кайрадан жаңылап жаздырып, угармандар ал ырды укканда Ысык-Көлдү эстеп тургандай кылып Ысык-Көлдөн клип тарталы деп жатабыз.

– Актёр, сценарист, режиссёр... Бул кесиптердин кайсынысында өзүңдү ишенимдүү сезесиң?

– Негизи экрандын артында аябай чоң жумуштар бар. Башында бирөөлөргө барып актёр болуп, бирөөлөргө сценарий жазып, бирөөлөргө режиссёр болуп берсек, 2 жылдан бери бардыгын өзүбүз үчүн кылып калдык. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп, убакыт бар кезде бардыгын кыла берем. Бирок алдыдагы максатым – режиссёрдук. Кыргыз тасмасы менен дүйнөдөгү алдыңкы фестивалдарга барып келүү максатым бар.

– Роль аткарарда “жакындарым эмне дейт? Муну аткарбай эле койсом болмок” деген ойлор келеби?

“Кандай ойлоп калышат?” деген ой баарында эле болот. Мурда кээ бир образдарымдан уялчумун. Бирок “убагында ошондой болчу да” деп унутуп каласың. Биз “До+Фа” тасмасында эле жазылган сценарий боюнча ойнодук. Калган кинолордун сценарийин өзүбүз жаздык. Сценарийди өзүңө ылайыктап алат экенсиң да. Мага роль жакпай жатса балдарга “ичим ооруп жатат” деп шылтоо айтып тартылбай коём (күлүп). Мисалы, кыздын ролун такыр аткаргым келбейт. Бирок кээде балдар кыйнап эле тартып коюшат.

– “Тамашоудон” чыккан балдар тасма тартышып, элдин тасмага болгон табитин бузуп жатышат” деген кептерди угуп калам. Буга сенин жообуң кандай?

– Менин оюмча, тамашоучулар аркылуу көрөрмандар кинотеатрга кыргыз тасмаларын көрүү үчүн бара башташты. Биз кино тартканга чейин мен деле кинотеатрларга барчумун, бирок мынчалык көп киши келчү эмес. Биз өзүбүз да тасма тартып сатыкка коюп жүрөбүз, жылдан жылга көрүүчүлөрдүн саны өсүүдө. Мисалы, Казакстанда казак тилинде тасма тартышса эл келбейт, керек болсо кинотеатрлары да албай коёт. А бизде болсо кыргызча тасмаларга кадимкидей эле Голливуд тасмаларындай билеттер тартыш, кээде Голливуд тасмаларына караганда көп көрөрман келет. Эмнеге мындай сөздөр айтылып жатат? Анткени тамашоунун балдары катышкан тасмалар көп көрүлүп жатат, ошондуктан сынга алынууда. Андан башка деле тасмалар көп, бирок алар сынга алынбайт. Ошолордун арасынан 10 кинону эл билиши мүмкүн, калганын эл билбей да калат.

– Тасмада же сахнада тамашакөй болгонуң менен, жашоодо олуттуу экенсиң.

– Кээде буга өзүм да таң калам. “Тамашоуго” 11-класста келгем. 5-курска чейин каякта жүрбөйлү аябай шайыр элек, балдар бири-бирибизди тамашалап эле жүрө берчүбүз. Азыр сценарий жазып жатканда же тамаша уксак күлбөйбүз. Отуруштарда эле тамашоучулар чогуу болгондо күлбөсөк, жөнөкөй юморго күлбөйбүз. Мисалы, бирөөлөр менен жаңы таанышып же иштешип калсак, алардын тамашасына күлө албайсың. Анткени ал эмнени айтарын же аягы эмне менен бүтөрүн билип коёсуң. Сценарий жазганда жүрүшүн ойлоно берип бардыгын билип калат экенсиң.

– Силер анда күчтүү юморго гана күлөт экенсиңер да?

– Күчтүү юмор болсо деле күлбөй “аа, бул тигиндей болот тура” деп юморду изилдейсиң. Тасма көрсөң деле изилдей бересиң. Анын үстүнө чоңоюп, ата болгондон кийин да олуттуу болуп калат экенсиң.

– Чыгармачыл адамдарда “чыгармачылык кризис” деген бар. Тамаша таппай калган учурлар болобу?

– Чыгармачыл адамдарда кризис жалгыз жүргөндө болот окшойт. Жалгыз иштеген күндөр болгон. Ошондо кризис бүт жактан келет. Чыгармачылык дагы, идея дагы, бардыгы токтоп калат экен. Ал эми команда болуп иштегенде, мисалы, менде идея жок болсо Рүстөм (ред.: Аскенов) же Самат (ред.: Эркинбеков) бир жакшы идея айтып, ага кошулуп, улап кетесиң. “Бир башка караганда эки баш жакшы” дегендей. Мисалы, менин маанайым жок болсо же көйгөйлөр чыкса, менин ишимди башкабыз кылып, бири-бирибизди түшүнүп, сүйрөп кетебиз. Айтор, команда менен иштеген сонун.

– “Бир башка караганда эки баш жакшы” деп жатпайсыңбы. Бирок “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген да сөз бар да. Командада каржы маселесинен же лидерликти талашуудан түшүнбөстүктөр болбойбу?

– Негизи бүт жакта акча, пайда маселеси бар. Андай маселе бизде да болгон. Акчаны кантип бөлүшөбүз, тигил жагын, бул жагын кандай кылабыз деп сүйлөшүүлөр көп болду. Бирок биз балдар бир жакшы эреже түзүп алганбыз. Аны айтпай эле коёюн. Ошондон бери жакшы эле. Көбүнчө акчабызды кайра эле чыгармачылыкка жумшайбыз. Лидерликти деле талашпайбыз. Анткени көп жылдан бери команда менен иштеп бул нерсени жакшы түшүнүп калганбыз. Мисалы, бүгүн менин ишим аябай жүрүшүп жатса, эртең Саматтыкы, бүрсүгүнү Рүстөмдүкү жүрүшөт. Кимдин иши жакшы жүрсө “давай, сен алдыга чык” деп сүрөйбүз. Лидерликтин айынан жылдыз оорусу деген пайда болот. Аны дагы башыбыздан өткөргөнбүз (күлүп). Бирөө көөп бараткан болсо, ортого салып “айыктырып” коёбуз. Бири-бирибиздин бетибизге айтып сүйлөшүп алабыз.

– Ишиң ийгиликтүү болсун!

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Биз элди кыргыз тасмаларын көрүүгө үйрөттүк" дейт актёр Кубаныч Курманбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
asil-08
2019-07-22 14:08:55
Аткарган рольдору өзүнө сонун жарашат ишине ийгилик.
+10
engel
2019-07-22 14:12:47
Ийгилик! Мыкты актерсунар!! Чыгармачылык ийгилик!!! Уй булонор менен бактылуу болгула!!!!
+5
taalay25
2019-07-22 17:22:44
Кун ыссыкы анын ыры эмес Бегиш менен Баяствндыкы
+1
Aizikou-asanova
2019-07-22 19:39:15
taalay25,Кубанычтыкы
+2
taalay25
2019-07-23 12:51:01
Aizikou-asanova,Кубанычтыкы эмес Бегиш менен Баястандыкы кино учун жазып берип оздору аткарышкан
0
mela
2019-07-22 20:21:00
Кудай сакта, кыргызча кинону Министрдин кызынын махабатынан,Боз салкындан башталган.Ушулар инстаграмдагы 10кишинин мактагынын окуп алып эле,оздорун укмуш сезишет.Биз ,биз деп
+7
karona12
2019-07-22 22:07:21
кыйраттынар да аябай мактантып эле койсо ушуларды.
+2
Eli.91
2019-07-23 13:27:24
Лична мага жагат жакшы аткарышат.
+2
Akylai_aktan
2019-07-23 16:04:35
башкасын билбейм го,мага бул балдардын бири-бирине болгон мамилеси,бири-бирин чын жүрөктөн сыйлап,түшүнгөнү аябай жагат.Балким ынтымак болушуп,биримдикте жүргөнү үчүн иштери алдыга жылып жатат.
0
Akylai_aktan
2019-07-23 16:20:06
бир передачага моника беллучи балдары мн Жеңиштен башкасы,Кубаныч Эмилдер келип,команда болуп ар кандай шарттарды аткарышып жарышышкан.Бир шартында ырдын атын мимика мн түшүндүрүү кк болгон,Эмил,Самат,Кубаныч үчөө бири бирин кыймыл аракетин жакшы түшүнүшүп алдыга жылып кетишкен.Айтайын дегеним бул балдардын достугунда бой көтөргөндүк,жасалмалуулук,жок деп ойлойм.Шоу бизнестегилер көпчүлүгү элдин көзүнө гана дос болушат.Ылайым эле достугуңар түбөлүк болсун.Азыр чыныгы дос табуу кыйын.
+1
Linkin.
2019-07-23 17:28:49
Кээ бир актермун деп жасалма ойногон же ойной албаган актерлорго караганда жакшы ойношот. Кыргыз кинолорунан Напарник жана Салам Нью Йорк сонун чыккан. Азаматтар ийгилик! Шоу бизнести кызыта бергиле!
0
Klaridze
2019-07-24 00:33:25
Коп жаны комедия кинолорду тарткыла, ишинерге ийгилик
0
Ajara_13
2019-07-25 03:36:49
Жоранын рольу абдан жарашат,Ийгилик сага
0
Hadyja
2019-07-26 13:55:34
Жонокойлугун сыйлайм,ушул кыргыз жигиттеринин!!!Ынтымак эн башкысы,Буйурса коп бийиктерди багынтчу адамдарсынар,силерге ийгилик!!!Эмил,Самат,айтор тамашоудагы балдар,силерге коз тийбесин!!!Шамаиль болуп аткарганын да жагат,актерлук чеберчилигин мыкты!!!Уй-булоон бекем,болуп,бактылуу бол!!!Тамашоучуларга салам
0
Meken28
2019-07-27 00:00:32
Kim suluu boiunda bar ayal suluu
0
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан