“БАЛАМДЫН МУРДУ БҮТҮП, ЭМЧЕК ЭМГЕНДЕ КЫЙНАЛУУДА”

Ар бир ата-эне үчүн баласынын ден соолугу, ойноп-күлүп жүрүшү маанилүү. Муну кат куржунубузга келген окурмандардын суроолорунун көптүгү да айгинелеп турат. Ата-энелердин суроолоруна врач-педиатр Гүлжамал Саадакбаева жооп берет.

– Балам 11 айлык. Күн ысыгында эшик-терезелердин баарын ачып жатып оорутуп алдым окшойт. Учурда мурду бүтүп, эмчек эмгенде дем ала албай кетет. Бир тааныш эже “мурдуна сүтүңдөн саап кой” дейт. Ушул туурабы?

Барчын, 21 жашта, Токмок шаары


– Сүттү мурунга сааганга такыр болбойт. Бала жөтөлүп, аны менен катар мурду бүтүп жатса, анда башын бийигирээк кылып жаткырыңыз. Мындай ыкма мурундагы суунун ылдый агышына жардам берет. Эгер мурду аябай толуп жатса, анда аспиратордун (мурундагы чаңды, чимкирикти сордуруучу аспап) жардамы менен алгач бир таноосундагы, кийин экинчи таноосундагы суюктукту акырын сордуруп алуу керек. Аспираторду дарыканалардан сатып алууга болот. Мындан сырткары мурундун каналдарын дарыканаларда сатылуучу туздуу аралашма менен нымдап турса, чимкирик бат чыгат. Эгер бул ыкмалардан натыйжа чыкпаса, анда сөзсүз ЛОР-дарыгерине кайрылыңыз.

“ЭМЧЕКТЕГИ БАЛАГА ТАТТУУ СУУСУНДУК БЕРСЕ БОЛБОЙБУ?”

– Кызым 6 айлык. Тамактанып жатканымда улам оозумду карай бергенинен 3-4 чай кашык таттуу чай ичирип койсом тамшанып ичип алды. Жолдошум анымды байкап калыптыр, “кумшекер кошулган чайды эмнеге бересиң, чай деген боёк да. Чай да, кумшекер да балага зыян” деп урушту. Чын эле зыянбы?

Адина, 18 жашта, Бишкек шары

– Адина, жолдошуңуз туура айтып жатат. Эмчектеги балага таттуу суусундук, чай берүүнүн зарылдыгы деле жок. Албетте, ар бир бала таттуу нерсени тамшанып жейт, ичет. Бирок мындай суусундуктар наристенин ичеги-карынынын иштешин бузуп, ичин көптүрөрүн эске алыңыз. Эгер бала эмчек эмсе, демек, керектүү суюктук менен камсыз болуп жатат. Суусады деп ойлосоңуз, анда 1-2 чай кашык кайнатылган жылуу суу берсеңиз болот.

“БАССЕЙНГЕ ТҮШКӨНДӨН КИЙИН ДЕНЕСИНЕ КЫЗЫЛ БҮДҮРЛӨР ЧЫГЫП КЕТТИ”

– Күн ысыганынан үй-бүлөбүз менен эс алуучу жайлардын бириндеги бассейнге барганбыз. Жолдошум 4 жаштагы баламды өзү менен кошо чоңдордун бассейнине алып түшкөн. Эртеси уулумдун денесине кызыл бүдүрлөр чыгып, мурдунан суу агып калыптыр. Аллергияга каршы мазь сүйкөсөм, денесиндеги кызыл бүдүрлөр азайгансып калды. Бассейнден чыккандан кийин таза суу менен деле чайканган элек. Балама мурун-кийин мындай нерсе чыккан эмес. Эмнеден улам болгонун билбей жатабыз.

Айпери, 30 жашта, Бишкек шары


– Айтууңузга караганда, уулуңуздун хлорго аллергиясы бар окшойт. Аныгын билүү үчүн аллергологго көрсөтүп коюңуз. Негизинен чоңдорго арналган бассейндеги сууларга көп учурда хлор кошулат. Бул аралашманын жакшы жагы – сууну зыяндуу микроорганизмдерден тазалайт. Ал эми терс жагы катары терини кургатып, көз менен мурун көңдөйүнүн челин жабыркатышын айтууга болот. Бул адамдын организмине жараша болот. Алсак, айрым адамдардын организми хлорго эч кандай реакция кылбашы мүмкүн. Бирөөлөрдүкү болсо дароо сезип, көзү кызарып, ал тургай аллергия болору турган кеп. Мындан сырткары чоңдорго арналган бассейндеги суу балдардыкына салыштырмалуу муздак келет. Мындай сууда бала ичиркенип, үшүп калат. Эгер балаңыздын денеси чымыр болуп, сууда жакшы сүзсө, хлорго аллергиясы жок болсо, анда чоңдор менен түшүүгө уруксат. Эң негизгиси, бассейн таза болсун.

“БАЛАНЫН ИММУНИТЕТИН КАНЧА ЖАШЫНДА ЧЫҢДООГО БОЛОТ?”

– Кызым 7 айлык. Эмчек эмизем. Сурайын дегеним, иммунитетин чыңдап баштасам болобу? Эгер болсо, кандай жолдор менен? Алдын ала рахмат.

Татына, 20 жашта, Кант шары


– Албетте, болот жана анын жолу оңой. Ал үчүн кызыңызды узак убакытка чейин эмизиңиз. Аны менен катар өзүңүз витаминдүү, пайдалуу азыктар менен азыктаныңыз. Балага 6 айдан кийин гана кошумча тамактарды берүүгө болот. Ага чейин кошумча тамак бергенде баланын тамак сиңирүү системине, бөйрөктөрүнө күч келиши мүмкүн. Алты айынан кийин кошумча тамак катары жашылчалардан жасалган ботконун түрлөрүн берсеңиз болот. Мындан сырткары үй экологиялык жактан таза, табигый нерселер менен жабдылышы шарт. Бала жаткан бөлмөдө чаңды өзүнө бат соруучу пардалардын, килемдердин жана чоң жумшак оюнчуктардын болбогону эле туура. Дайыма бөлмөнү желдетип, тазалыкты сактоо керек. Баланы таза абага алып чыгып сейилдетип, тиешелүү көнүгүүлөрдү жасап, убагы менен денесин укалап туруу шарт. Жогоруда айтылгандарды дайым айтылып жүргөн кеңеш катары кабыл алышыңыз мүмкүн. Чынында дал ушул кеңештерди аткаруу менен балаңыздын иммунитетин чыңдай аласыз.

“УУЛУМДУН ЖӨТӨЛҮ БАСЫЛБАЙ ЖАТАТ”

– Уулума 8 ай болуп калды. Эки жума мурун сыркоолотуп алган элем. Азыр мурдунун суусу токтоп, абалы жакшырып калды. Болгону жөтөлү токтобой жатат. Эмне дары берсем болот?


Динара, 33 жашта, Сокулук району


– Бала кандай гана оору менен оорубасын, сөзсүз дарыгерден кеңеш алыңыз. Жөтөлүп жаткан учурда дарыгер баланын өпкөсүнүн согушун угат. Бронхитпи же пневмониябы, текшерип көрүп гана аныктайт. Аныктаган соң гана тиешелүү дары-дармектерди, какырыкты чыгаруучу же болбосо жөтөлүн басаңдатуучу каражатты сунуштайт. Өз алдынча дарылоого болбойт, өзгөчө эмчектеги баланы. Анткени ооруну күчөтүп же болбосо башка оору арттырып алышыңыз мүмкүн. Дары-дармектердин, дары чөптөрдүн терс таасирлери бар экенин көпчүлүк ата-энелер биле беришпейт.

“БАЛДАРЫМ СОСИСКАНЫ КӨП ЖЕЙТ”

– 3 жана 1,5 жаштагы балдарым бар. Сосисканы аябай жакшы көрүшөт. Атайын балдарга арналган түрүн сатып келип коёбуз. Дээрлик күн сайын жешет. Калбай калса улуусу “сатып келгилечи?” деп суранат. Эт берсем жакшы жешпейт. Сосисканы көп жеген балага зыян эмеспи?

Гулина, 27 жашта,Ош шаары


– Албетте, зыянын тийгизбей койбойт. Анткени колбаса, сосиска сыяктуу нерселер кандай эттен, кандай татымалдар кошулуп жасалып жатканын сиз экөөбүз билбейбиз. Эгер сосисканын сапаты жакшы, курамындагы эттин өлчөмү жетишерлик болсо кээде гана баланын менюсуна кошсоңуз болот. Колдон келсе аларды үй шартында өз колуңуз менен жасап бериңиз. Ошондо кандай эттен жасалды, кандай татымалдар кошулду, баары сизге айкын болот. Жаңы союлган жаш малдын, тооктун этинен жасалган сосиска баланын организмин белок, май, витаминдер жана минералдар менен камсыздай алат. Дагы бир эске алчу жагдай, эч убакта баланын менюсуна ышталган жана сүрсүтүлгөн эт азыктарын кошпоңуз.

Олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге, kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан