16-июлда Жогорку Сотто саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы жагдайлардан улам кайра каралмак. Бирок сот жыйыны башталбай жатып 1 айга артка жылдырылды. Тагыраагы, иш 21-августта каралмакчы.
Мындай чечимдин себеби “бул ишке байланыштуу материалдар көлөмдүү болгондуктан, сот аны карап үлгүрбөй калды” деп айтылды. Жактоочулар кылмыш ишинин материалдары Жогорку Сотко май айында эле берилгенин, “карап чыгууга жетишпедик” деген жөн гана шылтоо экенин айтышты. Ал эми эксперттер соттук отурумдун артка жылдырылганы азыркы бийлик Текебаевди эркиндикке чыгарууга кызыкдар эместигинин белгиси деп баалашууда.
Жактоочу Таалайгүл Токтакунова аталган саясатчылардын күнөөсү жок экендигин далилдөөчү бир нече жагдайлар аныкталганын айтат. "Леонид Маевский 2010-жылдын май-июнь айларында "ВТБ" банкындагы эсебинен накталай акча алып, жан сакчысы Сергей Кутуков аркылуу Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар пара бергенин айткан. Бирок Маевский аталган банктан эч кандай акча албагандыгы аныкталды. Ал эми Кутуков Текебаевге да, Чотоновго да эч кандай акча алып келип бербегенин, дегеле 2010-жылы Кыргыз өлкөсүнө келбегенин айтты. Ушул сыяктуу башка дагы жаңы жагдайлар бар", - дейт Токтакунова.
Ушул эле күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Текебаевдей адамдар парламентке керек” деди. Ошол эле учурда Атамбаев Текебаевдин күнөөсү сотто далилденди деп эсептей турганын, убагында мыйзамды бузуп болсо да Текебаевди сот жазасынан сактап калууга аракет кылсам болмок экен деген ойлор келип жатканын айтты.
Эске салсак, Текебаев жана Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Леонид Маевский өзү бүгүнкү күндө Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакта отурат.
Камактагы Текебаев быйыл 31-майда 47-колониядан Улуттук кардиология борборуна которулган. 29-июнда бел оорусунан улам Травматология жана терапия илимий-изилдөө борборуна которулду. Аталган борбордун директору, профессор Сабырбек Жумабеков саясатчынын абалы тууралуу: “Биз текшерип, карадык. Омурткасынын эки жеринде чоң грыжа бар. Грыжалар жүлүндү көздөй чыгып кетип, жүлүндү кысып, буттарына берип жатат. Муну операция жолу менен дарылашыбыз керек. Биз операцияга даярдап жатабыз, жакын арада жасалышы мүмкүн”,– деди.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg