Интернетке президент Сооронбай Жээнбековдун портретин ойноп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин видеосу тарады.
Видеодо 3 адам кабинетте бири-бирин “чык эшикке” деп тамашалап, президент Жээнбековдун портрети менен бири-экинчисинин башына уруп жаткандай жорук жасаганын көрүүгө болот. Көп өтпөй бул видеону тарткандар жана андагы каармандар Бишкек мэриясына караштуу Унаа токтотмолор жана унаа коюучу жайлар ишканасынын кызматкерлери экени белгилүү болду. Мэрия жетекчилиги бул видеону “айып” катары кабыл алып, күнөөлүү кызматкерлерге чара көрүү тапшырмасын берди. Бул арада тасманын авторлору видео кайрылуу жасап, элден жана президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурашты. Мындан кийин президенттик аппараттын өтүнүчү менен аларга катуу чара көрүлгөн жок.
Кыргызда президенттердин портрети мындай тамаша эле эмес, шылдыңга айланып, кордолгон учурлар да болгон. Мисалы, 2014-жылы Оштогу митингде милициянын полковниги Абдылда Капаров ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин портретин эл алдында өрттөп жиберген. Бул жоругу үчүн ага “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылып, кийинчерээк Капаров башка кылмыш иши боюнча 4 жылга соттолгон.
Украинанын жаңы президенти Володимир Зеленский кызматка киришкен күнү эле чиновниктерге кайрылып, иш бөлмөлөрүнө өзүнүн сүрөтүн илбөөнү суранды. “Абдан суранам, иш бөлмөңөрдө менин сүрөттөрүмдүн болушун каалабайм, анткени президент икона эмес. Анын ордуна балдарыңардын сүрөттөрүн илип, ар бир чечим кабыл аларда алардын көздөрүн бир карап койгула",- деди Зеленский. Кыргыз өлкөсүндө СССРден калган эски көрүнүш күчүндө, президенттин портрети ар бир мамлекеттик мекемеде сыйлуу төрдө илинип турат. Президент алмашкан сайын кабинеттердеги портреттер да алмашат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg