Ушул айдын башында интернетке "Жогорку Кеңештин депутаттары Москвага барып Өмүрбек Бабановго жолукту" деген маалымат тараган. Коомчулукта "азыркы бийлик Бабановду өз тарабына тартууга аракет кылып жатат" деген жоромолдор пайда болгон. Социалдык желелерде депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаевдин чогуу түшкөн сүрөтү, ошондой эле бул эки депутаттын Бабанов менен өз-өзүнчө жолукканына ынандыра турган сүрөттөрү жарыяланды. Сүрөт бир райондо тартылганы, ошондой эле ал сүрөттөр бирдей убакытта социалдык тармактарга киргизилгени талкууга түштү.
Бул боюнча Канатбек Исаев чын эле Москвада Өмүрбек Бабанов менен жолукканын тастыктап, "аны менен саясаттан тышкары, жеке маселелерди сүйлөштүк" деп комментарий берди.
“Москвага башка жумуштар менен баргам. Бабанов өзү чалып калды. Ал мекенине келе албай жатканынан өзүм ага барып жолуктум, анткени мурда бир партияда элек, президенттик шайлоодо да чогуу болгонбуз. Саясаттан тышкары маселелер боюнча сүйлөштүк,- дейт Исаев.
Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров учурда чет өлкөдө жүргөндүктөн, байланышууга мүмкүн болбоду.
Саясат талаасында Жээнбеков-Атамбаев тиреши күч алып турган маалда, артында жүз миңдеген колдоочусу бар Бабановдон “ал эмне дейт, кандай кадам жасайт?” деп чечкиндүү кадам күткөндөр бар. Серепчилер “Республика” партиясынын лидери Бабанов кайсы тарапка өтсө ошол тарап салмактуу, күчтүү боло түшөрүн айтып жатышат. Азырынча Бабанов кайсы тарапта экенин ачыктай элек. Эскерте кетсек, 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Бабановго 600 миңден ашык шайлоочу добуш берип, 2-орунду алган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg