2010-жылкы кандуу окуяларга тиешеси бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши кайра Чүй облустук сотунда 30-июлда каралат. Бул тууралуу "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму билдирди.
2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыларды тастыктаган. Аталган комитет Кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.
Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган. 68 жаштагы Аскаров 2010-жылдагы Июнь окуясында баш аламандык уюштурган, адам өлүмүнө тиешеси болгон делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал айыпты моюнуна албай келет.
6-июлда Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди. Анда ал Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен эки тараптуу жолугушууда Аскаровдун маселесин көтөргөн.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg