17-июлда Куала-Лумпур шаарында Азия футбол конфедерациясы тарабынан "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын экинчи баскычынын чүчү кулагы өткөрүлдү. Анда Азиянын 40 курама командалары ФИФАнын рейтингине ылайык 8 тайпага бөлүндү.
Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз өлкөсү "F" тайпасына жайгашты. Бул тайпага Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия бөлүндү.
Тайпалык оюндардын мыкты 12 командасы (тайпалардын 8 жеңүүчүсү жана 4 мыкты 2-орун алган командалар) 2023-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алышат жана Дүйнө чемпиондугуна чыгуу үчүн күрөштү улантышат.
Ак шумкар алгачкы оюнун 5-сентябрда Тажикстанга каршы конокто өткөрөт.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg