БИР БҮРКҮМ. ИСАКОВДУ КОРГОО ШТАБЫ ТҮЗҮЛДҮ...

  • Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён 17-19-июль күндөрү Бишкекте расмий сапары менен болот.
  • Экотуризмди өнүктүрүү максатында 28-июлда Ысык-Көл облусунун Тосор айылында "Алтын кум-2019" аталышындагы фестиваль өтөт.
  • 2019-жылдын июль айына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 75 миллион метр кубду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу суунун көлөмү 2 миллиард 2 миллион метр кубга аз.
  • Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев оорудан улам 66 жашында каза болду.
  • Жогорку Кеңеш кызматтык Лексус-470 унаасын 254 миң сомго оңдойт. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуу порталына илинди. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.
  • ИИМдин тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыялады.
  • 2019-жылдын 6 айында республика боюнча 1346 өрт кырсыгы катталып, 26 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
  • Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, учурда камакта жаткан Икрамжан Илмияновдун иши Бишкектин Октябрь райондук сотунда 31-июлда каралып баштайт.
  • Нарын облусунун Кочкор районунда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоо штабы ачылды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан